Мухтасар тарых-и кыргызийа




Бисмиллахир рахманир рахим (боорукерлердин боорукери алланын аты)Барча хамид аллах азожилге (буткул мактоо жогору турган аллага)болсун.Жана анын рахматы ва саламы пайгамбарыбыз Мухаммед мустафа селлоллоху алей ва-саламга болсун,анын сахабаларына жана анын уммотлерине жана барча мусулман балаларына аллоху тагала туура жолду корсотсун.Амма багди (мындан кийин)биз бу китепти жаздык кыргыз туугандарга кызмат учун жана ядгер (эстелик) калсын учун.Ар калыкта бир тарых бардур.Биздин кыргызга тарых жазуучу адамы жок болгон учун “кыргыз кырк кыздан “деп,шайых Мансурдун бир нече акылга макул болбогон хикаятлар(анге мелер) келтирген.Корпо,тери алдап алуучулардын создору жаныма отуп,он беш жылдан бери антарып,текшерип,эки жуз мин кыргыздыната-бабаларын таратып,тээтиги Адам алейсаламга жеткирдим.Биз дагы асыл заттан экенибизди билсин учун,он беш жылдык мээнеттеримди бир сатча корбой,калем тыбырата баштадым.Томондо Сарбагыш,Солто,Бугу,Саяк,Азык,Черик урууларын бир бирден бян этип,кыскачараак кылып билген кадары азыркы журт башчыларына чейин таратып жеткирдим.

 

ТАРЫХ БИЛУУ ЭМНЕ УЧУН?

Откон калктардын алын билет.Кайсы коом кайсы уруктан,эмне онору бар,эмнекесип менен оокат,тиричилик кылгандарынан кандай доолот(мамлекет)кандай балакеттерге кириптер болду,мына ошолордон бир бирден кабар берет.Акмактардын акмактыгынан,жакшы адамдардын адилдигинен ыйбаратланат.Ошону мене бирге окуучуларга магрифат(илим-билим) пайда боло.Журогундо оту бар жигиттер тарых билуу керек.Ото этибарлуубир илим,

 

ТАРЫХТЫН ПАЙДАСЫ

Тарых билген адамдар оюолкулардын алын коргон шекилдуу билет.Бир кез орунда отуруп алып,нечен мин жашкак чыккан адамдай билет.Кыскасы – замандын оюолунан акырына чейин билтет.Тарых окубаган кимди билсин?Тарых окуучу эр замандын оболунан ушул убаакытка чейин билет жана дастан кылат.

 

 

КАЙСЫЛ ТАРЫХТЫОБОЛ БИЛУУ КЕРЕК?

Ар иште тартип болгон шекилдуу (илаа хам фала хам –“эн керек анын сонунда бек керек”)тартибинче баруу керек.Ошол оз урууларын билип,андан сон башка калкты билуу керек.Маселен;Иранды мусулман деп,Урумдун башка динде экендигин тарых окуган окуган билет.Андай болсо сарбагыш,солто,азык,черик,саяк,бугу уругун бу китепти окугандар билет.Бир бирден дастан кылып баян кылыт. Он беш жыл туугандарга кызмат кылап,ата-бабаларын суруштуруп талыбаган,балаларын суруштуруп арыбаган мен сонгы ядгер(эстелик) калтыруу учун умут калемдерин тыбыратты.Атабыз Кыдык маркумдан тартып,кырк торт ата менен азирети Нух алейсаламдын Яфас аттуу уулуна ягни турк атабыз алпардым.Валлоху аглам (чындыгын алла билет).Жазуучу тахмин (болжол) гана кылат.

 

А ЗИРЕТИ АДАМ

 

Оболку атабыз болуп,азирет хаво оболку энебиз болуп,жер жузундогу адамдар ушул эки заттан таралган.Адам –демек жердин кыртышы демек.Азирети Азирейил топуракты жердин ичинен албады,сыртынан алды.Ошон учун Адам аталды.Лакап аты софиюлло –алланын саф(таза)кулу деген соз.Адамдын кабыры Серандипте,Хавонун кабыры Жидде шаарында.Бу заттардын сезиз жаннаты сайран кылып,бу дунуйодо нечен жыл омур суруп,фани(жалган)дунуйону таштап,бакы (туболук)дунуйого кеткени айдан анык,кундон жарык.Анын несин айтайын,мураддан (тилегимден)калбайын.Экинчи атабыз азирети Нух болуп,нечен балакет,алакет(булгун)пайда болуп,Тофан суусунан Умоттору тамам болуп,уч уулу,уч келини калды.Бу жургон калыктар ошолордон таралды.Ол заттар учунчу атабыз.Аттары:Хам,Сам,Яфас.

ХАМ БАЛАЛАРЫ

Хам балалары Африка,Америка,Асия кытааларында (болукторундо),Индостан денизинин араларында жапайы – вохши абалында тирилик кылган кара тустуу,илимсиз магрифатсиз(окуусуз) бир калдур.Негир деп аталат.Бу негир калкынын эр,катындары жыланач кийимсиз журмокто.Ауратларын (уят денелерин) жабуу деген жок.Лекин багзилери (кээ бирлери) арасында катынары жабат имиш.Аурат жерин.Кан,адам этин жечуулору да бардур.

 

САМ БАЛАЛАРЫ

Асия менен Африка кытаасында(болугундо)Мисирлер,Асурийлер,Колданилер,Ибранилер,Яхудлер,Араблар,Армендер боладур.Буларды Сам уруусу дейт.

 

ЯФАС УУЛДАРЫ

+

 

Яфас уулдары экиге болунот:Арилер,Туранилер деп.Ари дегендерибиз:Хиндилер,Иранилер,Сартлар,Афганлар,Юнанлар,Арнаутлар,Латинлер,Франсузлар,Инглизлер,Немислер,Орустар.Коом Арилер,башкача айтканда ак тустуу коои деп аталат.Азыркы замандын доолоттуулору (мамлекеттуулору) ошол уруктардан болуп атат...

 

Коом Туранилер

 

 

+Асия кытаасында +(болугундо)болот.Кытайлар,Хинди.-Кытайлар,Япондор,Финдер,Османилер,Татарлар,Кыргыздар,Казактар,Калмактар,Дунгандар-коом турания деп аталат.

 

 

Фасыл(глава)Турк уруулары

 

Яфастан торт уул болуп,улуусу Туркдур.Атасы Яфас офат болор алдында улуу уулу Туркту ордуна дайындап,кайтпас сафарга кетти.Эми Турктун озунон баштап тогуз уулу падыша болду.Турк ичинде тогуз калмак ошондон калды.Турк акылдуу,адептуу адам эле.Атасынан сон коп жерди коруп,бир жерди жактырып ошондо турду.Бул убакта ол жерди Ыссык Кол дейди.Эми ошол жердеболгон калкты Туркестанский облус демеги ошондон.Анткени,атабыз болгон Турк атабыздын исмидур.Эми турк уругу:Кытай,Япон,Манжур,Кашкар,Букар,Стамбол,Кырымдан тартып,мунжамид шималга (муздак тундукко)чейин таралган.Ортосунда болгонубуз учун бизди Орто Асиялык дейт.Бу коюлган лакап аттар ошондон келет.Турк офат болор(олор)алдында уулу Тутукту оз ордуна коюп,барса келбес сафарга кочту.Тутук акылдуу,доолоттуу падыша болду. Тамакка туз татыткан сыяктуу турк ичиндеги коп расимди (ырымды)ошол чыгарды.Эки жуз жыл омур суруп,атасынын артынан кетти. Ордуна Элчи ханды падыша кылды.

Элчи хан коп жылдар падышалык кылып,каары келгенде каар кылды,жолдон чыккандардын азабын берди.Бу да атасы барган жолго кадам койду.Ордуна Диб-Баку хан болуп,коп жылдар падышалык дооран суруп,мангуулук(туболук)журтуна жоноду.Ордуна уулу Куйук хан болуп,бир нече жыл адилдик менен окум жургузуп,фана(жалган)журтунан бакы(туболук)журтуна жоноду.Ордуна уулу Алынча хан болуп,коп жыл падышалык кылды.Тиги азирет Нух алейсаламдын (ал киши тынчтыкта болсун)заманынан баштап Алынча заманына чейин бардык Яфас балалары мусулман эле.Алынча заманында эл бай,калк доолоттуу болду.Ит семирсе ээсин кабар деген макал ошондон калган.Доолотко мас болуп кудааны унутуп,бутпарастлик (бутка чокунуу)пайда болду.Татар,Могол деген.Экоо эки падыша болуп,элди экиге болду.Татар озунон баштап,жети уулуна чейин падышалык кылды.Алардын аттары мына булар:Букахан,Яланча хан,Атсыз хан,Таттуу хан,Ордо хан,Байду хан,Суйунуч хан.Хандык ушул заттан кетти.Алынча хандан эки эгиз уул бар деген эдик.Бири Татар,бири Могол,Татар баяны отту.Эми Могол хан бир нече жыл хан болуп,ашын ашап

,жашын жашап,тагдырдан бир саат кийин карап тура албай,эл бара турган жерге кадам койду.Ордуна уулу Кара хан болду.Бул заманда кудааны таанып,бир деген адам калбады.Бир нече жыл омур суруп адам колунан олду.Ордуна уулу Угузхан хан болоду.Анасынын кардынан олуя туулду.Карахан заманында кудааны тааныган адам калмаса,Угузхан заманында кудааны таанып,бир дебеген адам калбады.Жуз он алты жыл падышалык кылып,бутун Асияны кол алдына каратты:Кытай,Япон,Рус,Индустан,Кашмир,Урум,Крым,Афган,Иран,Бухар,Хива.Угуздун жыйырма торт небереси болуп,бири Кыргыз жана Казак болуп,азыр да эки мин тутун.Кыргызды араб деп айтууга да болот,ягни далаа адамы демекдур.Багзилар (кээ бироолор)”кыр кезден”кыргыз деп атады.Эми бул кыргыздар эсеп жеткис бир нече урууга тараган.Маселен,бир адамдан бир нече уул болсо,ошол уулдарынын балалары ар бир атасынын аты менен аталып кетедур.Эми Кыргыз Мухаммед алейсаламдан уч мин торт жуз жыл мурун дунуйого келди.Азыр кыргыз деп аталган бардык кыргызды Чынгызхын кылычтан откоруп,кай бирин жесир(колго тушуруп)кылып алып кетти.Андан бир адам качып кутулду,эки уулу менен.Озу Кочкор менен Нарын арасында ашууда офат болду.Анын ысмы Долан эле.Ошондон Долон ашуусу аталды.Эми биздин Йажуж Мажуж дегенибиз ошол Чынгызхан болодур.Отконуно жети жуз жыл чамалуу болот.Токсон боолу Озубектин бир боосу турк уругунун бир уругу болодур.

Эми кыргыздан Сафаршаа.Анын уулу Алхак,анын уулу Рашидилхак,анын уулу Аналхак,анын уулу Бараган.Анын уулу Габырхан,анын уулуГалдин,анын уулу Арслан,анын уулу Кылмый бий,анын уулу Шафур бий,анын уулу Тимуш бий,анын уулу Атан бий,анын уулу Синкин бий,анын уулу Сары бий,анын уулу Мурат бий,анын уулу Телгозу,анын уулу Калпак бий,анын уулу Домбал бий,анын уулу Долан бий.Бу заттын кабыры (кору)Долон ашуусунда деген элек.Мундан эки уул:Агул,Гул.Гулдан Чонбагыш.Кытай кол алдында.Бир нече урукка таралган....

Азгалы,Хандабас,Мачак,Кулун,Сарык,Фичне,Килит,Кутчу,Мундуз,тогуз урук...

Агулдан:Адигине,(Тагай-К.К)эки уул...

Тагайдан:Богорстон,Койлон,Кылжыр- уч уул...



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2018-01-08 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: