ky.wikipedia.org/wiki/Кант_диабети




Мазмуну

  1. Киришүү
  2. Кант диабетинин белгилери
  3. Инсулин деген эмне?
  4. Кант диабети менен ооругандар диета кармашы керек
  5. Кант диабети боюнча статистикада
  6. Эл аралык статистика боюнча
  7. Диабеттин түрү
  8. Кант диабетинин мүнөздүү көрүнүштөрү
  9. Кант диабети эмнеси менен коркунучтуу?
  10. 2-типтеги кант диабетинин алдын алуу
  11. Колдонулган адабият

 

Кант диабетинин белгилери

Кант диабетинин алгачкы белгилерине – суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо мүнөздүү. Адам суусайт, канчалык суу ичсе дагы суусуну канбайт. Кээде 5-10 литрге чейин ичет, оозу кургайт. Сууну көп ичкендиктен түнкүсүн ажатканага тынбай чуркайт. Ушул үч белгини байкабай жүрө берсе, адамдагы кандын составындагы кант 20- 25ге чыгып кетет. Негизги кандын составындагы канттын нормасы 4 - 4.5м.моль\литр болушу керек.

 

Инсулин деген эмне?

Кант диабети менен ооругандарга ийне менен сайылчу инсулин оорулуу үчүн аба менен суудай зарыл. Андыктан кант диабетине кабылган чоң адамдардын отуз пайызы күнүнө бир же эки жолудан инсулин сайынууга аргасыз болсо, жаш балдарга инсулинди беш ирет сайууга туура келет. Диабеттин биринчи түрү менен ооругандар таблетка түрүндөгү дары-дармектер менен дарыланышат. Ал эми экинчи түрү 30 жаштан жогорку адамдарда көп кездешет, буларда уйку без аркылуу инсулин бөлүнүп чыкпай калат да, дайыма ийне менен сайылчу инсулинди алып туруулары зарыл болот. Кыргызстанда алардын саны ушу тапта 5 миңден ашуун.

Оорулуу диагнозу аныкталгандан кийин, эндокринологдорго учетко туруп, убагында дарыгерге кайрылып, инсулин алып, берген дары-дармектерди ичип туруусу зарыл. Эгер адиске кайрылбай, оорулуу диетаны сактабаса, инсулиндик терапия албаса, спирт ичимдигин ичсе 3-5 жылдын ичинде өтүшүп кетет. Кант диабети бардык органдарды жабыркатат. Биринчи боор, бөйрөк, анан буттун кан тамырлары ичкерет, андан кийин көздүн кан тамырлары ичкерип жарыла баштайт. Кан тамырлар ичкергенде бармактары соолуп, чирий (мындай учурда бут эч нерсени сезбей калат) баштайт. Муну "гангрена" деп коёт. Кышында бут үшүйт. Жылытам деп батерияларга сала коюп күйгүзүп алгандар да болот. Күйгөн жерден инфекция кирип ириңдейт. Жара чыкса дагы айыкпайт. Кээ бирөөлөр тырмак алып жатып тырмактын четиндеги этин кошо жулуп алат. Ошондо ичкерип турган кан тамыр кошумча факторлордун кесепетинен катуулап, өтүшүп кетет. Андан тышкары тар же катуу бут кийим кийгенде мозоль пайда болот, андан ырбайт же тикен кирет. Ириңдеп олтуруп сөөккө өтүп, сөөктү кошо чирите баштайт. Муну "Остемилит", кыргызча "Кулгуна" деп коёт.

 

 

Кант диабети менен ооругандар диета кармашы керек

Кант диабет оорусу менен ооругандар диета кармаш керек. Сүт азыктары кант диабетинин алдын алат жана ооруп калгандар үчүн да эң зарыл.

Майлуу, чучук, казы- карта, таттуу жана камыр тамактарды токтотуп, жеңил витаминдүү тамактарды жеш керек. Тырмак алаар алдында 20-30 мүнөт мурун бутун жылуу сууга жибитиши зарыл. Мозоль болтурбоо үчүн, бут кийимди бир размерге кенен кийиши керек.

 

 

Кант диабети боюнча статистикада

Кыргызстанда 33 миң адам кант диабети менен жабыркайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылы инсулинге 63 миллион сом, ал эми бул жылы 65 миллион сом сарпталган. Ага карабастан инсулин дагы деле жетишсиз.

Инсулин Кыргызстанга Американын, Франциянын, Даниянын фирмаларынан, таблеткалар негизинен Германиядан келип түшөт. Кыргызстан бул мамлекеттерден келип түшкөн дарылар үчүн карыздарын жоялбай келет. Ошондой эле кант диабети менен ооругандар үчүн мыйзам иштебей келаткандыктан, эл бул дарыларды сатып алууга аргасыз экенин белгиледи Кыргызстандын кант диабетиктеринин ассоциациясынын президенти Светлана Мамытова: Мыйзам боюнча кант диабети менен ооругандар дары-дармектерди бекер алышы керек. “Балдардын салмагынын тез жогорулашы башкача айтканда семириши, кант диабети коркунуч туудурууда. Учурда балдар чипсы, гамбургер башкача айтканда тез даярдалуучу тамактарды же болбосо фаст-фуддарды жешип, газдалган суусундуктары ичүү менен организимин бузушууда”, - дейт дарыгер.

 

Эл аралык статистика боюнча

Дүйнө жүзүндө кант диабети менен жабыркаган балдардын саны 150 миллионго жетти. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын кант диабетине чалдыккандардын саны 5-7 пайызга жогорулагандыгын маалымдайт.

 

 

Диабеттин түрү

Диабеттин эки түрү бар, бирок бул 1 жана 2-типтеги кант диабети. 1-типтеги кант диабети жаш (40 жашка чейин) же бала куракта башталат жана өтө оор өтөт. Мунун негизги себеби уйку без инсулинди дээрлик иштеп чыгарбай калганында. 2-типтеги кант диабети 40 жаштан өткөндөн кийин башталып, 90% оорулууларда кездешет, адатта бул оору ашыкча дене салмагынан жана семирүүдөн улам пайда болот. Мунун негизги себеби инсулиндин жетишсиздиги же өз инсулинге клеткалардын бузук таасир этүүсү болуп саналат. Аялдар кош бойлуу болгон учурда гестациялык кант диабети пайда болуусу мүмкүн. Диабеттин башка түрлөрүн өтө сейрек кездешет.

 

Кант диабетинин мүнөздүү көрүнүштөрү:

  • зааранын көбөйүшү
  • ооздун курагыш
  • суусагандык жана суюктукту өтө көп ичүү
  • теринин жана былжыр челдердин (биринчи кезекте жыныс органдарынын) кычышканы
  • теринин ириңдүү инфекциялары
  • алсыздык, чарчоо, иш жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү
  • табиттин жогору болушуна карабастан арыктоо.

Бирок дайым эле мындай классикалык симптоматика боло бербейт: болжол менен диабет оорусу алгачкы жолу табылган 45 жаштан өткөн пациенттердин жарымында эч кандай симптомдору болбойт.

2-типтеги кант диабети диабет оору тобокелдиги бар адамдарда өнүгүүсү мүмкүн. Бул ашыкча салмак же семирүү, туура эмес жашоо мүнөзү (тамакты ашыкча жегендик, тамеки тартуу, физикалык жактан пассивдүү кыймыл), канда холестериндин жана майлардын жогорку деңгээлде болушу, артериалдык гипертензия жана жүрөктүн башка оорулары, 45 жаштан өткөн курак, 4 кг ашык салмакта балдарды төрөө, кант диабетинен улам оорлошуп кеткен тукум куучулук.

 

Кант диабети эмнеси менен коркунучтуу?

Диабет өтүшүп кетүүсү менен коркунучтуу. Бул ооруну өз убагында дарылабаса, өтүшүп кетүүсү инфаркт, инсульт, сокурдук, бөйрөк кемтиги, язва сыяктуу ооруларына алып келиши жана тамандын ганренасы пайда болуп, бутту ампутациялоого чейин алып барышы мүмкүн, ошондой эле диабетикалык комаларга түшүп калуу тобокелдиктери бар.

Мындай өтүшүп кетүүлөргө глюкоза деңгээлинин жогору болушу гана эмес, артериалдык кан басымынын жана кандагы холестериндин жогору болушу да өбөлгө түзөт. Өнөкөт өтүшүп кетүүлөр мезгилинен эрте майыптуулукка жана өлүмгө алып келет.

Азырынча кант диабетин толугу менен дарылап жок кылуу мүмкүн эмес. Бирок учурда диабетти контролдоонун жана дарылоонун эффективдүү ыкмалары иштелип чыккан, булар жашоо сапатын бир топ жакшыртууга мүмкүндүк берет.

Оору симптомдору чыкканда же тобокелдик факторлору болсо, ҮМБ/ФАПтарга кайрылып, кандагы канттын деңгээлин текшерүү зарыл.

Ден соолугу чың адамдан эртең менен, ачкарын алынган кандагы канттын ченеми (манжадан алынган) 5,5 ммоль/л, венадан алынган кандын плазмасында 6,1ммоль/л ашыкча болбойт. Тамактангандан кийин эки саат өткөндө бул көрсөткүч 7,8ммоль/л тегерегинде болот.

 

2-типтеги кант диабетинин алдын алуу:

  • Майлуу тамакты аз көлөмдө керектөө
  • Кантты жана таттууларды керектөөнү азайтуу
  • Жашылчаларды жана жемиштерди көп керектөө
  • Физикалык кыймылдарды дайыма жасап туруу: жөө басуу, тез басуу, күнүнө 30 мүнөттөн физикалык көнүгүүлөрдү жасоо
  • Зыяндуу адаттардан арылуу (тамеки тартуу жана алкоголь ичүү).

 

Колдонулган адабият

ky.wikipedia.org/wiki/Кант_диабети

https://www.med.kg/kg/805-kant-diabeti-degen-emne.html



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-05-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: