Табигый илимдер жана маалымат технологиялар




ИЙГИЛИКТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРГАН УСТАТ

НАСТАВНИК, ВДОХНОВЛЯЮЩИЙ К УСПЕХУ

SUCCESS INSPIRED MENTOR

Аннотация. Бул макалада биз, 30 жылга жакын өзүнүн эмгек жолун, бүт күч-кубатын болочок ар кандай тармактарда эмгектенген кесип ээлерин даярдоого арнап, аларга таалим-тарбия берүүдө эбегейсиз эмгек кылып, ишинен кадыр-барк таап, БатМУ САИнин бүгүнкү күндөгү жүзү болуп турган инсандардын бири – физика-математика илимдеринин кандидаты Толубаев Жоро Осмонович жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Ал БатМУнун окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү, КР билим берүүнүн мыктысы. Ал өзүнүн эмгек жолунда өз предметин өтө жакшы билген, лекцияны өтө кызыктуу жана күчтүү өткөн агай. Ж.О.Толубаев жалаң гана жетекчилик кызматтарды аркалабастан, студенттер менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, аларды институттук, университитеттик жана регионалдык олимпиадаларга даярдап келет. Жыйынтыгында анын студенттери конференция жана олимпиадаларда байгелүү орундарды багынтып келишет.

Урунттуу сөздөр: эмгек жолу, күч-кубат, таалим-тарбия, эбегейсиз, кадыр-барк, сөз кылмакчыбыз, өтө жакшы, өтө кызыктуу, илимий-изилдөө иштер, байгелүү орундар.

Аннотация. В этой статье мы исследовали творческийй и научный путь Толубаева Жоро Осмоновича, почти 30 лет своей карьеры подготовке будущих специалистов в различных областях, усердно трудясь, чтобы обучить их, получить престиж от своей работы и стать одним из лиц современного Баткенского государственного университета - Поговорим о Толубаева Жоро Осмоновича, кандидате физико-математических наук. Он является членом Ученого совета Баткенского государственного университета, отличник оброзавания Кыргызской Республике. Он хорошо знал свой предмет во время своей карьеры и был очень интересным и влиятельным лектором. Ж.О. Толубаев не только занимает руководящие должности, но и проводит исследования со студентами и готовит их к институциональным, университетским и региональным олимпиадам. В результате ее студенты завоевали призовые места на конференциях и олимпиадах.

Ключевые слова: карьера, энергия, образование, величие, престиж, о котором мы говорим, очень хорошо, очень интересно, исследовательская работа, призы.

Annotation. In this article, we explored the creative and scientific path of Zhoro Osmonovich Tolubaev, training his future specialists in various fields for almost 30 years of his career, working hard to educate them, gain prestige from his work and become one of the faces of modern Batken State University - Talk about Tolubaev Zhoro Osmonovich, candidate of physical and mathematical sciences. He is a member of the Academic Council of Batken State University, an excellent pupil of the Kyrgyz Republic. He knew his subject well during his career and was a very interesting and influential lecturer. J.O. Tolubaev not only holds leadership positions, but also conducts research with students and prepares them for institutional, university and regional competitions. As a result, her students won prizes at conferences and olympiads.

Keywords: career, energy, education, greatness, prestige that we are talking about, very good, very interesting, research work, prizes.

Мен билим алып, ийгиликтерди жаратып жаткан Баткен мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулар жана студенттер жамааты, авалы сиздерди өзүмдүн, жалпы эле Сүлүктү аймактык институтунун студенттеринин атынан 20 жылдык юбилейиниздер менен куттуктаймын, дайыма сиздерди окуу жана илимий-изилдөө жаатында ийгиликтер коштоп жүрсүн!

Бул макалада сөз кыла турган инсан, Баткен мамлекеттик университетинин түптөлүшүнө түздөн-түз таасири бар, 2000-жылы эң биринчи абитуриенттерди Баткен шаарында кабыл алууга, азыркы учурда ОшМУда эмгектенип жаткан ф.-м.и.д,. профессор А.Р.Курбаналиев агай менен бирге уюштурган агайыбыз, көп жылдар бою эмгектенип, бүт күч-кубатын болочок ар кандай тармактарда эмгектенген кесип ээлерин даярдоого арнап, аларга таалим-тарбия берүүдө эбегейсиз эмгек кылып, ишинен кадыр-барк таап, окуу жайдын бүгүнкү күндөгү жүзү болуп турган инсандардын бири – физика-математика илимдеринин кандидаты Толубаев Жоро Осмонович. Ал азыр БатМУнун окумуштуулар Кеңешинин мүчөсү, КР билим берүүнүн мыктысы, Баткен мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык институтунун педагогика жана экономика факультетинин Табигый илимдер жана маалымат технологиялар кафедрасында доценттин милдетин аткарып үзүрлүү эмгектенүүдө. [I. 27-28]

Ал 30 жылга жакын Бишкек шаарындагы Кыргыз тоо-кен инситутунун, ЖАКИнин, ЖАМУнун, БатМУнун студенттерине математика предметинин бөлүмдөрү боюнча сабак берип, алардын турмуш-тиричилигине жана кесибине байланыштуу болгон математиканын элементтерин терең өздөштүрүү, математикалык ыкмаларды үйрөтүү жана логикалык ой жүгүртүүгө багыт берүү менен студентгерге терең билим берип келет. Ал окуткан студенттер азыркы күндө өкмөттүк жооптуу кызматтарды аркалап, ЖОЖдордо эмгектенүү менен бирге өзү менен жетекчилик кызматтарды аркалап эмгектенип келе жатышат. [II. 16-18]

Ал насаатчы катары өсүп келе жаткан жаштарга ар кандай маселелер боюнча кеп-кеңеш берүүдөн качпайт. Өзү менен чогуу иштегендерден ишти так аткарууну талап кыла билиши, чечим кабыл алуудагы чечкиндүүлүгү аны лидер катары көрсөтөт. Дайыма анын айткан ойлору жугумдуу, таасирдүү болгондуктан, көп жылдардан бери БатМУ САИде жетекчилик кызматтарды: декандын орун басары, Окуу-усулдук бөлүмүндө жетектөөчү адис, билим сапатын текшерүү боюнча инспектор жана бөлүм башчысы, директордун окуу, илим изилдөө жана тарбиялык иштери боюнча орун басары, институттун директорлук кызматын аркалап келген.

Жашоосунда дайыма алдыга умтулгандыгы менен айырмаланат. Илимдин артынан сая түшкөнү да ошондон болсо керек. Жоро Осмонович илимди терен үйрөнүү, илимий ишин бүтүрүү, илимий иш ийгиликтүү болсун деген максатта 2005-жылдан 2015-жылга чейин Астана шаарындагы Г.Гумилев атындагы Эл аралык унниверситеинде, Алма-Ата шаарындагы КазМУда, Б.Ельцин атындагы КырСУда, И.Раззаков атындагы КТУда, Ж.Баласагын атындагы КУУде, ОшМУда, ОшТУда жана КӨУде билимин өркүндөтүп, илимпоз катары калыптанды. Стажировкага барган учурларда чоң китепканаларда изденип иштеп, өзүн кесипкөй катары такшалтты.

2016-жылдын 24-февралында КР УИАнын Теориялык жана колдонмо математика институту жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы физика-математика илимдеринин докторлук (кандидаттык) илимий даражаларын коргоо үчүн түзүлгөн Д.01.15.513. Диссертациялык кеңешинин отурумунда 01.01.02. «Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу» адистиги боюнча «Ограниченность и квадратичная суммируемость решений интегро-дифференциальных уравнений Вольтерра-Стилтьеса» аттуу илимий-изилдөө темада физика-математика илимдеринин доктору, профессор А.Асановдун илимий жетекчилиги астында физика-математика илимдери боюнча кандидаттык илимий даражасын коргогон.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 30-июнундагы №6к-1/2 протоколунун чечими менен Толубаев Жоро Осмоновичке физика-математика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Ал өз предметин өтө жакшы билгендиктен, лекцияны өтө кызыктуу жана күчтүү өтөт. Теориялык маселелерди турмуштук окуялар жана кызыктуу фактылар менен байланышта түшүндүрүп, студенттерди математика илиминдеги татаал темаларды оңой түшүнүүсүнө жетишет.

Өз билимин өркүндөтүү, заманбап окуутуунун интерактивдүү усулдарына ээ болуу жана кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү максатында бир нече сертификаттарга ээ болуу менен бүгүнкү күндө дагы деле талбай жогорку жана орто окуу жайларга, мектептерге жакындан жардам берип, семинар-тренингдерди өтүп, лекция окуп, практикалык сабактарды өтүп, практикант студенттерге жакындан жардам берип келет.

Ушул өңүттөн караганда инсан катары Жоро Толубаев өзүнүн түшүнүгүнүн кеңдиги, тил билгилиги, эмгекчилдиги, ишке жоопкерчиликтүү мамиле жасагандыгы, майтарылбас кайраттуулугу ж.б. инсандык сапаттары менен башкалардан айырмаланып турат. Мына ошондон улам аны тааныган адамдар ага сый-урмат менен мамиле жасашат. Анын инсандык сапаттары: адамдар менен иштей алуу, тил билгилик, маселени өз убагында чечүү көп жылдар бою институтта жогорку кызматтарда ийгиликтуу иштешине өбөлгө түзүп турган.

Университитетте окуп жүргөн учурда факультеттин жана университитеттин коомдук иштерине активдүү катышып факультеттин комсомол комитетинин катчысы катарында иш алып барган. 1990-жылы 3-курсунда окуп жүргөн учурда Россиянын Новосибирск шаарында студенттердин арасында өткөрүлгөн илимий конференцияга катышып илимий баяндама жасаган.

Студенттик мезгилде окуунун мыктысы, тарбиялык, коомдук иштерди уюштуруу боюнча студентгердин лидерлеринин бири катары жолдошторунун жана окутуучулардын арасында кадыр-баркка ээ болуп келген. Ал дасыккан агайлар ф-м.и.д., профессорлор А.А.Борубаев, М.Иманалиев, А.Асанов, Т.Иманалиев, С.Искандаров, К.Бараталиев, К.Какишев, илимдин кандидаттары доценттер Б.Шабыкеев, К.Урдалетова ж.б. билим-тажырыйба алган. [III. 15]. Жоро Осмонович өзүнүн эмгекчилдиги менен жаш окумуштуулар, окутуучулар жана жалпы эле замандаштарынын арасында кадыр-барк таап, элге башы көрүнгөн инсандардын бири экендиги жараткан илимий эмгектеринин санынан жана сапатынан таасын көрүнөт.

Азыркы күнгө дейре агай 40 тан ашык илимий эмгектердин автору. Анын ичинен 2 монография жана 2 окуу китеби билим берүү министирликтин грифи менен басмадан чыкса, 20 дан ашык окуу куралы жана усулдук колдонмолору жарыкка чыгып, аны азыркы күндө жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасынында окуган студенттер кеңири колдонуп жатышат. [IV. 5]

Жоро Осмонович жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдө жана Кыргызстандын ичинде өткөрулуп жаткан илимий форумдарга, симпозиумдарга, конференцияларга такай катышып, физика-математикалык изилдөөлөрдү баяндап эл арасында жайылтып келет. [I. 29-30]

Мындан сырткары Жоро Толубаев студенттер менен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, алар институттук, университитеттик жана регионалдык олимпиадаларда байгелүү орундарды ээлеп келет.

ОшМУда өткөрүлгөн “Студент жана илимий техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияда мен агайдын жетекчилиги астында “Кеңейтилген Лопиталдын эрежелери” аттуу баяндама жасап, байгелүү III орунду ээлегенмин.

Мындан сырткары агайдын жетекчилиги астында Түштүк регионалдык олимпиадаларда акыркы жылдары байгелүү орундарды камсыз кылып келдим: 2018-жылы ОГПИде өткөрүлгөн VII Аймактык жана Ош мамлекеттик юридикалык институтунда өткөрүлгөн VIII Аймактык олимпиадада Математика(адистик эмес) предмети боюнча II байгелүү орунду камсыз кылуу менен II даражадагы дипломдор менен сыйландым. Бул дагы болсо Толубаев Жоро Осмоновичтин үзүрлүү эмгегинин жемиши деп эсептеймин.

Билим берүү системасында окутуудагы, тарбиялоодогу, коомдук иштердеги мыкты көрсөткүчтөрү, бир топ жылдар бою жетекчилик кызматтарды аркалап, жаш муундарга билим, тарбия берүүгө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, агай Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин « Ардак грамотасы»(2005), БатМУнун Ардак грамотасы(2005, 2010, 2011, 2018, 2019), БатМУ СГЭИнин грамотасы(2006, 2009, 2010), Сүлүктү шаардык мэриясынын Ардак грамотасы(2009) жана “Кыргыз Республикасынын Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси(2016), ОшМУнун Ардак грамотасы(2018), ЖАМУнун Ыраазычылык каты»(2008), Сүлүктү шаарындагы Р.Жолбаев атындагы №4 орто мектебинин “Ардак грамотасы”(2017, 2018) жана 2018-2019-окуу жылында БатМУнун структуралык бөлүмдөрүнүн арасында өткөрүлгөн конкурста ийгилик жараткандыгы үчүн, Баткен мамлекеттик университетинин«Үлгүлүү үй-бүлө» дипломуменен сыйланган. [IV. 5]

Жыйынтыктап айтканда, Жоро Осмонович азыр эр ортону 50 жашка толушуңуз менен өзүмдүн жана жалпы эле студентттердин атынан куттуктап, кубаттуу темп жана бай тажрыйба менен жаш муундарга билимиңизди берип тарбиялоодо, дагы үзүрлүү иштеп чың ден соолук, узун-өмүрлүү болушуңузга тилектештигибизди чын көңүлдөн билдиребиз!

 

Колдонулган адабияттар:

1. “Биз менен ийгилик алыс эмес”, “Билим уялаган окуу жай”, Бишкек: “Айат”. 2017. 27-32 бет.

2. “Наука в ВУЗе-залог прогресса”, Машрабов А.А., Мурзакулов К.Е. “Признаки и усехи”. Бишкек: ОАО “Эркин -Тоо”. 2009. Стр 16-19.

3. Элмуратов Ш.З. “Эмгегинен баар тапкан инсан”, Баткен таңы гезити. № 48(912). 30.12.2019. 15-бет.

4. “Эмгегинен баар тапкан математик агай”, Сулей инфо гезити.

№ 3(210). 24.02.2020. 5-бет.

 

 

Илимий жетекчиси: Толубаев Жоро Осмонович – ф.-м.и.к., Баткен

мамлекеттик университетинин Сүлүктү аймактык

институтунун Педагогика жана экономика факультетинин

Табигый илимдер жана маалымат технологиялар

кафедрасынын доценти, тел: 0-500(776)-30-03-69,

E-mail: tolubaiev69@mail.ru

Баратова Арофат Улугбековна - Баткен мамлекеттик

университетинин Сүлүктү аймактык институтунун

Педагогика жана экономика факультетинин Англис тили

профилинин күндүзгү окуу бөлүмүнүн АТ-1-17 окуу

тайпасынын 3-курсунунун студенти, тел: 0-706-38-92-53,

e-mail: arbaratova@gmail.com.

 

 

Агай билим алган окуу жай - Ж.Балсагын атындагы КУУ.

Агай окутуунун итерактивдүү усулдары менен сабак өтүү учурунда.

Окуу-маалымат бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Толубаев иш учурунда.

 

БатМУнун ректору тех.и.д., профессор А.М.Зулпуев физика-математика илимдеринин кандидаттык илимий даражасын коргогондугу үчүн куттуктоо учурунда.

 

ОшМУнун ректору ф.и.д., профессор К.А.Исаков “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияда байгелүү орундарды ээлеген БатМУ САИнин студенттери менен.

 

ОшМУнун ректору ф.и.д., профессор К.А.Исаков Түштүк аймактык олимпиаданын катышуучулары менен.

 

ОшМУда өткөрүлгөн аймактык студенттик илимий конференциянын президумунда.

ОшМУда ОшМУда өткөрүлгөн аймактык студенттик илимий конференциянын катышуучулары, БатМУ САИнин студенттери менен.

 

т.и.к., доцент А.Д.Курбанов, ф.и.д., профессорлор А.Бердалиев жана Т.Садыков менен.

БатМУнун окумуштуулар Кеңешинин отурумунда

 

БатМУ САИнин профессордук-окутуучулар жамааты менен.

 

 

 

 

 

 

 

 

 



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2021-04-19 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: