III. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин




Табият таануу жана география факультети

Биология адистиги

Б-13к-2 тайпасы

Сабактын темасы: Организмдин жекече өрчүшү – онтогенез.

Сабактын максаттары.

А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар эмбрионалдык, постэмбрионалдык өрчүү жана аларга сырткы факторлордун таасирлери жөнүндө терең билим алышат.

Б. Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар эмбрионалдык, постэмбрионалдык өрчүү жана аларга сырткы факторлордун таасирлери жөнүндө мугалимдин лекциясын угуп, темага байланышкан сүрөт, слайд, видео роликтерди көрүп, сабакка кызыгуусу, ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.

В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар эмбрионалдык, постэмбрионалдык өрчүүгө сырткы факторлордун таасирлери жөнүндө эстетикалык жана гигиеналык тарбия алышат.

Керектүү каражаттар: Окуу китеби, компютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.

Сабактын тиби: Лекция.

Колдонулган усулдар:

- Оозеки (айтып берүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, талкуу (дискуция), аңгемелешүү)

- Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)

-Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)

- Мультимедиялык (сүрөттөр, таблица, схема, слайд, видео, диофилмь,)

Сабактын жүрүшү: Сабак төмөндөгүдөй түзүлүштө, 7 этап менен ишке ашат:

1. Уюштуру; 2. Үй тапшырмасын суроо; 3. Жаңы темага киришүү; 4. Жаңы теманы өтүү; 5. Бышыктоо (жыйынтыктоо); 6. Үй тапшырмасын берүү; 7. Баалоо.

 

 

Сабактын түзүлүшү. Мугалимдин аракети. Окуучулардын аракети. Мин
I. Уйуштуруу. Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын кароо, жоктоо, себебин тактоо, сабакка даярдыгын байкоо, логикалык оюнун уюштуруу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратуу. Саламдашып, сабакка даярданып, логикалык оюнуну аркылуу окуучулар сабакка көңүл буруусун каратуу аркылуу активдешишет. 3мин
II. Үй тапшырмасын суроо. “Ким көп билет” оюуну аркылуу үй тапшырмасын суроо. Окуучулар “Ким көп билет” оюуну аркылуу өткөн темалары боюнча маалыматтар айтышат. 11мин
III. Жаңы темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. Жаны темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. 2мин
IV. Жаңы теманы өтүү План: I. Эмбриондук өрчүү II. Постэмбриондук өрчүү III. Партеногенез I. Теманы өтүү 3 этап менен ишке ашат a) Суроолор   b) Түшүндүрүү   c) Жооптор .   Билбеген маалыматтарды мугалимден сурашат жана жазышат Угушат, ойлонушат, сурөттөр аркылуу таанып билишет; Алган билимдери аркылуу жооп беришет 3мин 8мин 8мин
V. Бышыктоо (жыйынтыктоо) Эмбрионалдык өрчүү боюнча диофилмь көрсөтүү Диофилмь көрүү аркылуу алган билимдерин бышыкташат. 5мин
VI. Баалоо Жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги, сабак учурундагы активдүүлүгү эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат. Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат. 2мин
VII. Үй тапшырмасын берүү Жаны терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу. Дептер күндөлүккө жазып алышат. 1мин

 

 

III. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин

Сүрөт таратып берилет, жообун биринчи тапкан окуучу жеңүүчү деп табылат, жана 1 бал кошумча берилет, эгер сабак учурунда - “4” баа алса бир бал кошулуп, - “5” деген баага ээ болот. Бул бир жагынан окуучуларды активдештирсе, экинчи жагынан мачить берет.

1-сүрөт

2-сүрөт

II. Үй тапшырмасын суроо.

“Ким көп билет” оюуну аркылуу окуучулар бири-бирин кайталабай үй тапшырмасына тиешелүү болгон маалыматтарды айтышат. Ал төмөндөгүчө өтөт:

Асия: Жыныс клеткаларынын ядролорунун кошулушу уруктануу деп аталат;

Максат: Уруктанган жумуртка клеткасы зигота деп аталат;

Элнура: Уруктангандан кийин ДНКнын эки эселениши жүрөт;

Зымырат: Жыныс клеткаларынын жетилүүсүндө - мейоздо, хромосомдордун ар түркүн айкалышуусунан турган гаметалар пайда болот.

Бурулай: Уруктангандан кийин пайда болгон жаңы организмдер ата-эне белгилеринин түркүн айкалышын алып жүрүшөт, натыйжада организмдердин тукум куума ар түрдүүлүгү артып турат.

Талант: Гүлдүү өсүмдүктөрдө энелик жыныс клеткаларынын өрчүшү мөмө байлагычтын ичиндеги урук бүчүрүндөгү түйүлдүк баштыкчаларында жүрөт.

Чубак: Түйулдүк баштыкчасында гаплоиддик жумуртка клеткасынан башка уруктанууга катышуучу диплоиддик борбордук клетка болот.

Мархабо: Гүлдүү өсүмдүктө аталык гаметалары аз кыймылдуу болушат да спермиялар деп аталышат.

Дилзат: Аталык жыныс клеткаларынын өрчүшү чаңдыкта жүрүп, чаңча данчалары пайда болот.

Айзат: Чаңча дандары жетилүүдө мейоздон өтүп хромосомалардын гаплоиддик жыйнагына ээ болот.

Асия: Гаплоиддик чаңчада митоз жолу менен экиге бөлүнүп, вегетативдик жана генеративдик клетканы пайда кылат.

Ушул сыяктуу кайталанбаган маалыматтарды айтуу менен улантышат, ким маалымат айта албай калса оюндан чыгат, аягына чейин барган окуучулар жеңүүчү деп табылат.

 

III. Жаңы темага киришүү. 2 мин.

Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу.

Көбөйү организмдердин өзүнө окшошторду пайда кылуу процесси болуп ошол пайда болгон бир организмдин жекече өрчүшү – онтогенез болуп эсептелет. Демек бүгүнкү сиздер менен кеп кылчуу темабыздын мазмунун – онтогенез түзөт.

IV. Жаны теманы өтүү 19мин.

План:

I. Эмбриондук өрчүү

II. Постэмбриондук өрчүү

III. Партеногенез

Теманы өтүү 3 этап менен ишке ашат

А) Суроолор 3мин

В) Түшүндүрүү 8мин

С) Жооптор 8мин

А) Суроолор. 3мин

Окуучулар жалпы бул тема жөнүндө түшүнбөгөн суроолорун беришет. Мисылга:

- Онтогенез деген термин кайсыл тилден киргизилген, бизче эмне дегенди түшүндүрөт?

- Онтогенез канча мезгилге бөлүнөт?

- Адамдарда кандай процесстерди басып өтөт?

- Көп клеткалуу жаныбарлардын өрчүүсү кандай жүрөт?

- Хордалуулардын өрчүүсү кандай болот? у.с.ж.б.

В) Түшүндүрүү. 8 мин Мугалим оозеки жана көрсөтмөлүүлүк усулдардан пайдаланып түшундүрүп берет.

I. Онтогенез (грек тилинен οντογένεση: ον — жандык жана γένεση — жаралуу, төрөлүш) — организмдин жекече өөрчүшү, түйүлдүк пайда болгондон тартып тиричилигинин акырына чейинки өмүрү. Онтогенез удаалаш өтүүчү морфологиялык, физиологиялык, жана биохимиялык өзгөрүүлөрдү ичине камтыйт.

Түйүлдүктөгү онтогенез тууралуу. Жыныс жолу менен көбөйүүчү жаныбарларда жана өсүмдүктөрдө жаңы организмдин пайда болушу уруктануунун натыйжасында иш жүзүнө ашырылат.
Ошондуктан онтогенез уруктанган энелик клеткадан — зиготадан башталат. Онтогенезде ар бир организм ырааттуулук менен бир нече мезгилди жана стадияны басып өтөт.

Кишинин эмбриогенези негизинен түйүлдүк (эмбрион) жана түйүлдүктөн кийинки (постэмбрион) мезгил болуп бөлүнөт.

Эмбрион мезгили — түйүлдүктүн өөрчүшү, ал жаңы организм туулганга чейин созулат. Бала төрөлгөн учурдан тартып өөрчүүнүн постэмбрион мезгили башталат да, ал өмүрүнүн аягына чейин созулат. Онтогенезди клетка ядросундагы тукум куума информация тейлеп, ал кийинки муунга берилет. Онтогенездин ар кайсы мезгилинде тукум куугучтукту тейлеген информация толук колдонулбайт. Организмдин өөрчүү мезгилине же стадиясына жараша анын клеткалары ал информациядан өзүнө ылайыктуу бөлүктөрүн пайдаланат. Мисалы, өмүр бою кишинин гемоглобин молекуласынын тиби 3 жолу алмашылат. Түйүлдүк мезгилинде эмбрион гемоглобини пайда болот. Бир нече убакыттан кийин бул молекулаларды тейлөөчү ген басаңдап, анын ордуна башка ген иштейт. Андан кийин чоң кишинин гемоглобини синтезделет. Гемоглобиндин алмашып турушу организмдин талабынан келип чыгат. Түйүлдүк мезгилинде организмди эненин каны камсыз кылат, ал убактагы гемоглобин чоң кишинин гемоглобинине караганда кычкылтек менен оңой байланышат. Ошентип эволюциялык өөрчүүдө организмдин маанилүү ыңгайлануусу пайда болгон. Эгерде түйүлдүк гемоглобини чоң кишинин гемоглобинине алмашылбай же жетишсиз алмашылып калса талассемия оорусу пайда болот. Тукум куугучтукту алып жүргөн гендердин ишине тышкы чөйрөнүн шарты да чоң таасир берет. Онтогенез филогенездин кыскача кайталанышы болгондуктан, бул эки процесс өз ара тыгыз байланыштуу жана бири бирине көз каранды. Онтогенездин белгилүү бир мезгилинде тукум куума оорулардын көбү пайда болору аныкталган. Мындай оорулардын өзгөчөлүгүн билүү аларды табууда жана дарылоодо абдан маанилүү (Тукум куума оорулар). Ошондой эле тигил же бул ооруну алып жүрүүчү генди табуу медициналык генетиканын адистерине мындай ген тукумга коркунучтуу экендиги жөнүндө кабарлап, түрдүү кеңештерди берүүгө жардамдашат.

Инвагинация - гаструляция механизми 1 — бластула, 2 — гаструла.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: