Клетканын органоиддери жана химиялык курамы.




Уюштуруу.

Мугалимдин аракети.

Саламдашып, класстын, доска, стол, стулдардын тазалыгына көңүл буруу, окуучулардын сабакка даярдыгын байкоо, окучулардын сабакка көңүл бурусу үчүн логикалык суроолор берүү.

- Суур ининен чыккандан кийин биринчи кайсыл жакты карайт? (өзү каалаган жакты)

- Төө куш саатыны канча км учат? (учпайт)

- 90 жаштагы чалга кемптртн жакшы көрүшү үчүн эмне кылыш керек (ачки алып бериш керек. У.с.ж.б

Окуучулардын аракети.

Саламдашып, сабакка даярданып, китеп дептерлерин ачышат жана көңүлүн сабакка каратышып, суроолоруна жооп берүү аркылуу активдешишет, ал жогоруда көрсөтүлгъндөй иретте өтөт.

2. Үй тапшырмасын суроо.

Мугалимдин аракети. Үйгө берилген тапшырманы окуучулардан сурайт

Окуучулардып аракети. Үйгө берилген тапшырма боюнча сүйлөп беришет

3. Жаңы темага киришүү.

Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу.

4. Жаңы теманы өтүү.

План:

1. Клетка жөнүндө жалпы маалымат.

Клетканын органоиддери жана химиялык курамы.

Клетка- тирүү организмдин түзүлүшүнүн эң жөнөкөй бирдиги. "Клетка" деген терминди илимге биринчи болуп 1665-жылы англия окумуштуусу Роберт Гук киргизген. Клетканын бөлүктөрү дайыма жаңырып турат, бүлгүнгө учураган молекулалардын ордуна жаңылары синтезделет. Ошентип кээ бир белок молекулалары бир нече ирет өзүн өзү кайра түзүүгө жөндөмдүү, бирок ал убакытта өзүнүн структуралык иретин туруктуу сактап турат. Тирүү организм иреттүү түзүлүшүн бүт жашоосунда сактап, сырткы факторлордун таасирине туруштук берүүгө жөндөмдүү. Организмдин бул касиети гомеостаз (ички чөйрөнүн салыштырмалуу туруктуулугу) деп аталат.
Тирүү формалар касиеттери менен белгилерин укумдан-тукумга берүүгө, көбөйүүгө, башкача айтканда организмдин жалпы структурасы, кызматы, зат алмашуусу боюнча өзүнө окшошторду жаратууга жөндөмдүү (Көбөйүү, Тукум куугучтук, Өзгөргүчтүк).

Клетка - Өсүүгө, өнүгүүнө, азыктанууга, өрчүүгө, дем алууга жөндөмдүү болгон тирүү организмдердин элементардык бирдиги. Жаныбарлар болобу, өсүмдүктөр болобу же козу-карындар болобу, баардыгы клеткадан турушат. Ушул өзгөчөлүгү боюнча тирүү организмдерди бир клеткалуу жана көп клеткалуу деп бөлүп карайбыз. Клетканын жашоо тиричилигин окутуп үйрөтүүчү илим биологиянын бир бөлүгү - цитология. Акыркы мезгилде "Клетканын биологиясы" деп да айтышууда (англ. Cell biology)

Протоплазма (прото... жана грекче plasma – калыптанган) – клетканын ички бөлүгүн толтурган татаал зат. Протоплазманын курамы цитоплазмадан жана ядродон турат. «Протоплазма» терминин алгач чех табият таануучусу Л. Пуркине 1839-жылы өз эмгегинде пайдаланган. Протоплазма жөнүндө түшүнүк клетканын түзүлүшүн, касиетин үйрөнүү жана клетка теориясынын өнүгүшү менен пайда болгон. Жаныбар, өсүмдүк, микроб жана бир клеткалуулардын организминдеги протоплазманын физикалык касиети, химиялык курамы жана морфологиялык түзүлүшү окшош келип, жандуу жаратылыштын бирдиктүүлүгүн айкындайт. 19-кылымдын ортосунан баштап протоплазма клетканын тиричилигинде негизги милдетти аткара тургандыгы маалым болгон. 20-кылымдын 40–50-жылдары протоплазманын ички ультра түзүмүн окумуштуулар изилдегенден баштап, клетканын органоиддери ачылып, алардын түзүлүшү, жайгашышы жана функциясы белгилүү болгон.

Клетканын ичинде анын тиричилигинде пайда болгон продуктулар (май, крахмал бөлүкчөлөрү, белок кристаллдары жана башка) болот. Клетка сыртынан татаал түзүлүштүү жана көптөгөн функцияны аткарган мембрана менен капталган. Клеткалык органеллалардын мембранасы клеткада туюк көңдөйлөрдү пайда кылып, анда бир мезгилде көпчүлүк химиялык бирикмелердин биосинтези менен ажыроо процесстери жүрөт клеткалыелык органеллалардын мембранасында зат алмашууну күчөтүүчү ферменттер болот. Ошондой эле кээ биринде жарык энергиясын механикалык же жылуулук энергиясын химиялык энергияга же электр импульсуна айландыруучу мембраналар бар.

Ядро — тукум куума информацияны алып жүргөн микроструктурасы бар негизги органелла. Көпчүлүк клеткалардын бир ядросу болот, бирок эки же андан көп ядролуу клеткалар да кездешет. Ядро сыртынан эки кабат кабыкча — мембрана менен капталган. Кабыкчалар ядрону цитоплазмадан бөлүп турат. Кабыкчада эң майда тешикчелер болуп, алар аркылуу ядродон цитоплазмага белок, углевод, май, нуклеин кислоталары, суу жана ар кандай иондор келип, зат алмашуу жүрөт. Ядродо ядрочо жана хроматий жипчелери бар. Ядрочолордо рибонуклеин кислотасы (РНК) менен рибосомалар синтезделет. Ядронун калган жери ядронун ширеси (кариолимфа) менен толтурулган. Анда хроматин жипчелери калкып жүрөт. Хроматин жипчеси — татаал нуклеопротеид. клетка бөлүнүү мезгилинде хроматин жипчелери спиралдай болуп буралат. Алар мындай абалда хромосомалар деп аталат.

Микротүтүкчө жана микрофиламенттер. К-дагы органеллалар цитоплазмада белгилүү иретте жайгашкан. Бирок клеткада анын функциялык абалына жараша өзгөрүлүп турууга жөндөмдүү система бар. Анын негизги элементтери — микротүтүкчө жана микрофиламенттер. Алар башка органеллалардын клетка ичинде жайгашуу кыймылына катышат. Микрофиламенттер менен микротүтүкчөлөр тубулин белогунан турат. Тубулин аминокислотасынын составы жана касиеттери боюнча булчуң талчалары — актинге окшош. Микротүтүкчөлөр клеткада түрдүү структураларды (мисалы, диплосома) түзүп, клетканын бөлүнүүсүндө катышат. Микротүтүкчөлөр дем алуу органдарынын ыргалма эпителий түктүү клеткаларын түзөт. Клетка өзүн өзү кайра курууга жана өзүнүн ички структурасын ирети менен иштетүүгө, белок нуклеин кислоталары, полисахариддерди синтездөөгө жөндөмдүү. Бул функцияларды ишке ашыруу үчүн клетка дайыма энергияны талап кылат

Митохондриялар узундугу 3-4 мкм болгон ийик сымал бөлүкчөлөр. Митохондриянын химиялык составы боюнча айырмаланган эки катмары бар. Сырткы мембранасы жылмакай, ички мембранасындагы бырыштары митохондриянын ички көңдөйүнө кирип туурасынан кеткен тосмону (кристаларды) пайда кылат. Митохондрияда кант, липиддер, аминокислоталар кычкылданып, көмүр кислотасы жана сууга чейин ажырайт, энергияга бай аденозинтрифосфор кислотасы (АТФ) синтезделет. Митохондриялар өз алдынча кээ бир белокторду синтездейт.

Лизосомалар — ыйлаакчадай болгон чоң органеллалар. Ар бир лизосома цитоплазмадан тыгыз мембрана менен бөлүнөт. Лизосомалардын ичинде белок, полисахарид, липиддерди жана башка ажыратуучу ферменттер бар. Бир клеткада бир нече ондогон лизосомалар топтолгон, алар клеткага келген заттарды сиңирүүдө сиңирилгенден калган калдыктарды клеткадан чыгарууга катышат.

Гольжи комплекси — мембраналар менен бөлүнгөн майда ыйлаакчалар. Клетканын тиричилигинде пайда болгон продуктуларды топтоо жана сыртка чыгаруу функциясын аткарат, ошондой эле полисахариддердин синтезинде жана башка катышат. Секрециясын сыртка чыгаруучу боор, ичеги-карын, бездердин жана башка клеткаларындагы Гольжи комплекси жакшы өөрчүгөн.

5. Бышыктоо Суроо-жооп аркылуу бышыкталат.

6. Баалоо Жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги, сабак учурундагы активдүүлүгү эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат.

7. Үй тапшырмасын берүү Жаны терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу жана органоиддердин сүрөтүн тартып келүү.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-17 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: