Табият таануу жана география факультети
Биология адистиги
Б-13к-2 тайпасы
Сабактын темасы:
Сабактын максаттары.
А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар фотосинтез процесси, анын мааниси крахмалдын пайда болушу, өсүмдүк энергияны алышы жана ал энергиянын сакталышы жөнүндө терең билим алышат.
Б. Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар фотосинтез процесси, анын мааниси крахмалдын пайда болушу, өсүмдүк энергияны алышы жана ал энергиянын сакталышы жөнүндө мугалимдин лекциясын угуп, темага байланышкан сүрөт, слайд, видео роликтерди көрүп, сабакка кызыгуусу, ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.
В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар фотосинтез процессинин мааниси боюнча маалыматтарга ээ болуу менен бирге эстетикалык жана гигиеналык тарбия алышат.
Керектүү каражаттар: Окуу китеби, компьютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.
Сабактын тиби: Аралаш
Колдонулган усулдар:
- Оозеки (айтып берүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, талкуу (дискуция))
- Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)
-Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)
- Мультимедиялык (сүрөттөр, таблица, схема, слайд, видео, диофилмь,)
- Практикалык (тажрыйба жүргүзүү, жыйынтыгын көрүү, корутунду чыгаруу)
Сабактын жүрүшү: Сабак төмөндөгүдөй түзүлүштө, 7 этап менен ишке ашат:
1. Уюштуру; 2.Үй тапшырмасын суроо; 3. 5. Бышыктоо (жыйынтыктоо); 6. Үй тапшырмасын берүү; 7. Баалоо
|
№ | Сабактын түзүлүшү. | Мугалимдин аракети. | Окуучулардын аракети. | Мин |
Уйуштуруу. | Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын кароо, жоктоо, себебин тактоо, сабакка даярдыгын байкоо, башкатырма сүрөт таратуу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратылат. | Саламдашып, сабакка даярданып, башкатырма сүрөт аркылуу изденүү менен окуучулар сабакка көңүл буруусун каратып, активдешишет. | 3мин | |
Үй тапшырмасын суроо. | Командаларга бөлүп, жарыш суроолор берүү аркылуу үй тапшырмасын суроо. | Окуучулар үй тапшырмасына байланыштуу болгон суроо-жооп аркылуу үй тапшырмасына жооп беришет | 11мин | |
Жаңы темага киришүү. | Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. | Жаны темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. | 2мин | |
Жаны теманы өтүү План: I.Фотосинтездин мааниси II.Крахмалдын өсүмдүктө пайда болушу 1- | a)Түшүндүрүү b)Практикалык иш жүргүзүү . | Билбеген маалыматтарды мугалимдин кошумча түшүнүк берүүсү менен толукташат угушат, ойлонушат, сурөттөр аркылуу таанып билишет; Берилген тажрыйбаны аткарышат, ой жүгүртүшөт, изденишет, жыйынтык чыгарышат, жооп беришет. | 11мин 8мин | |
Бышыктоо (жыйынтыктоо) | Бышыктоо үчүн диофилмм көрсөтүлөт, аягында жыйынтыктайт. | Диофилмм көрүү аркылуу бышыкташат. | 5мин | |
Баалоо | Ар бир айтылган туура жооп үчүн карточка берилет | Жыйнаган карточкалардын саныны карап бааланышат | 2мин | |
Үй тапшырмасын берүү | Жаны терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу. | Дептер күндөлүккө жазып алышат. | 1мин |
|
Уюштуруу. 3 мин. Мугалим саламдашып, доска, стол стулдун карап, жоктоп, себебин тактап, окуучуларды сабакка даярдыгын байкап, башкатырма сүрөт таратуу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат. Бул сүрөт окуучуларды сергектикке, изденүүчүлүккө тарбиялайт.
Окуучулар саламдашып, сабакка даярданып, башкатырма сүрөт аркылуу изденип, жашыруун тартылган таш бакаларды таап, санап берүү менен активдешишет
II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.
Окуучулар эки командага бөлүнүп, бири- бирине суроолор беришет ал төмөндөгүдөй иретте өтөт:
- Жалбырактын эң сырткы катмары эмне деп аталат?
- Эпидермис.
- Эпидермис бизче эмне дегенди түшүндүрөт?
- Эпидермис бизче “териче” дегенди түшүндүрөт;
- Эпидермистин астында эмне жайгашкан?
- Эпидермистин астында жумшак негизги тканы жайгашкан;
- Мамыча ткандын түзүлүшү кандай?
- Мамыча ткан катмар-катмар клеткалардан туруп, ар биринин чел кабыгы болот (цитоплазма, ядро, вакуолу бар);
- Хлорофил данчалары кандай кызмат аткарат?
- Хлорофил данчалары күндүн нурунун энергиясын сиңирип алат;
|
- Эпидермистин жайгашкан орду жана кызматы?
- Эпидермистин клеткалары бири-бирине тыгыз жайгашып, жалбыракты сырт жагынан куурап жана кургап калуудан сактайт;
- Борпоң тканы кандай түзүлүшкө ээ?
- Борпоң тканынын түзүлүшү: тогологураак да, бири-бирине тыгыз эмес жайгашып, клетка аралык боштуктары бар;
- Жалбырак тарамышы кандай ткандан турат?
- Жалбырак тарамышы өткөрүүчү ткандан турат;
- Жалбырак тарамышынын кызматы кандай?
- Жалбырак тарамышы аркылуу органикалык заттар (канттын суудагы эритмеси) жылат.
III. Жаңы темага киришүү. 2 мин.
Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу
IV. Жаны теманы өтүү
План:
1. Фотосинтездин мааниси
2. Крахмалдын өсүмдүктө пайда болушу
Жаңы теманы өтүү 2 баскыч менен өтөт 1- баскычта мугалим тарабынын оозеки сүөтттөрү көрсөтүлүп түшүндүрүлөт. 2- баскычта болсо алдын ала жүргүзүлгөн тажрыйбаны улантышып, иш жүзүндө крахмалдын бар же жоктугун көрүшөт.
1- баскыч:
a) Түшүндүрүү (мугалимдер үчүн кеңейтилген түрдө берилген)
Фотосинтез (грек сөзүнөн - φωτο — жарык жана σύνθεσις — синтез, түзүлүү, бириктирүү, аралаштыруу) — Өсүмдүктөргө гана тиешелүү процесс болуп саналат. Күндүн кванттык энергиясынын жана хлорофилл данчаларынын жардамы менен өсүмдүктөрдүн органикалык эмес көмүр кычкыл газынан (СО2), органикалык кантты (С6Н12О6) жана кычкылтекти (О2) пайда кылуусу. Фотосинтез — татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн, жашыл балырлардын жана кээ бир бактериялардын күн нурунун жардамы менен жөнөкөй заттардан татаал органикалык бирикмелерди пайда кылуу процесси. Фотосинтез үчүн суу, көмүр кычкыл газы жана күн нуру керек. Суудагы жана деңиздеги жашыл балырлар бул заттарды диффузия жолу менен суудан алат. Жер үстүндө өскөн өсүмдүктөр азыктануу үчүн эволюция процессинде тамыр, сабак, жалбырак, атайын өткөргүч системалар (ксилема, флоема) менен камсыздандырылган. Фотосинтез жашыл жалбыракта жүрөт. Жалбырак күн нурун көбүрөөк сиңирип алууга жана газ алмашууга жөндөмдүү. Өсүмдүк клеткасынын жашыл пигменти — хлорофилл суу менен көмүр кычкыл газынын биригүүсүнүн катализатору, ал клетканын эң майда денечелеринин (хлоропласттардын) сырткы мембранасында топтолгон. Ар бир клеткада 20дан 100гө чейин хлоропласт бар.
Фотосинтез процессинде хлорофилл жарык энергиясын жакшы сиңирип, аны башка молекулага берет. Көмүр кычкыл газы, суу түздөн-түз жарыкты өзүнө сиңире албайт, бул бирикмелердин өз ара катышын хлорофилл гана камсыз кылат. Фотосинтезге керектүү көмүр кычкыл газы өсүмдүк жалбырагындагы эң майда тешикчелер аркылуу кирет. Хлорофиллдин жардамы менен күн энергиясы сиңирилгенде молекулалык кычкылтек, углеводдор, жогорку энергиялуу фосфор бирикмелери (аденозинтрифосфат жана башкалар) пайда болот. Жогорку энергиялуу фосфор бирикмелери жарык энергиясынын көбүн өзүндө сактайт. Фотосинтездин жардамы менен органикалык заттардын жана энергиянын запасы топтолуп, ал органикалык эмес заттардан органикалык заттарды синтездөөгө өз алдынча жөндөмсүз болгон башка организмдердин керектөөсүн камсыз кылат. Тирүү организмдерге керектүү болгон бардык энергия жашыл өсүмдүктөрдүн күн нурунун энергиясын химиялык энергияга айландырышынан келип чыгат.
Жер жүзүндөгү фотосинтез менен бирге ага карама-каршы болуп органикалык заттар жана отун, көмүр, нефть күйгөндө кайра калыбына келген көмүртектин кычкылдануу процесстеринен, тирүү организмдердин тиричилигинен келип чыгуучу көмүр кычкыл газы, кычкылтек, суу кайрадан фотосинтез процессине катышат. Ошондуктан фотосинтезде катышуучу күн энергиясы бул элементтердин айлануусунда кыймылдаткыч күч болуп саналат. Дем алуу, ачуу, чирүү, күйүү процесстеринин натыйжасында органикалык бирикмелер кычкылданып, бузулуп, алардын акыркы продуктулары кайрадан заттардын айлануусунда катышат. Ошентип, акырындык менен өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ортосунда тең салмактуулук пайда болот. Фотосинтездин жалпы продукттуулугу эбегейсиз чоң: жыл сайын Жер жүзүндөгү өсүмдүктөр 100 млрд гдай органикалык заттарды пайда кылат, 200 млрд т көмүртекти байланыштырып, атмосфераны 145 млрд т бош кычкылтек менен байытып турат. Атмосферадагы бардык кычкылтек фотосинтездин натыйжасында пайда болот. Жер бетиндеги бардык тирүү организмдердин жашоосу, өөрчүшү, көбөйүшү, сакталышы биринчиден жашыл өсүмдүктөрдүн тиричилиги менен түздөн-түз байланыштуу. Азыркы кездеги чоң курулуштар, жол салуу, транспорттун көбөйүшү, айлана-чөйрөнү уулуу таштандылар менен булгоо планетадагы өсүмдүк менен жаныбар дүйнөсүнө терс таасирин тийгизип, алардын ортосундагы тең салмактуулукту бузушу мүмкүн. Ошондуктан, дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинде биздин өлкөдө айлана-чөйрөнү сактоого багытталган көп чаралар иштелип чыгарылууда жана турмушка ашырылууда.
2- баскыч.
B) Практикалык иш жүргүзүү (Өсүмдүк жалбырагында крахмалды аныктоо)
Тажрыйбаны окуучулар жүргүзөт жана жыйынтык чыгарышат. Жалбырактагы күндүн нуру жана хлорофилдин кызматын аныктоо үчүн тажрыйба:
Каз таман же дагы башка бөлмө өсүмдүгүнөн эки – үчтү алып,3-4 күн бою караңгы шкафка коюп коюу керек. Андан кийин анын бир жалбырагынын эки жагына эни 1,5см кара кагаз тилкесине кандайдыр бир сөздү оюп жазып бекитебиз. Анан өсүмдүктү жарык жерге коёбуз. 8-10 саатта кийин жалбырактагы кара кагаз тилкесин алып таштап, жалбыракты кайнак сууга салабыз, андан алып, ысытылган спиртке салсак, жалбырактын жашыл түсү жоголуп, түссүздөнөт. Хлорофил спиртте эрип, сыртка чыгып кетет. Аны тарелкага коёбуз да, үстүнө йоддун эритмесин тамызсак, жалбырактын кара кагаз тилкеси менен жабылгандан башка жери көк түскө боёлот. Себеби крахмал йод тийгенде көгөрөт.
Демек, жалбырактын жарык тийген жеринде гана крахмал пайда болгон. Жалбыракта адегенде жөнөкөй кант пайда болот, анан ал крахмалга айланат. Бирок, ал жерде кайра тез эле кантка айланып, сууда эрийт да, өсүмдүктүн башка органдарына жана дагы мөмөгө, урукка агып барат. Фотосинтез учурунда пайда болгон канттын көпчүлүгү өсүмдүктүн тамыры аркылуу келген минералдык туздар менен кошулуп, андан белок, май жана башка заттарды пайда кылат. Алардын көпчүлүгү жаңы клетканы түзүлүшүнө катышат. Калгандары белен зат катары топтолот. Мисалы, картошканын белендөөчү тканында – крахмал; дарбыз, жүзүм, шабдалынын мөмөсүндө, кызылчанын тамырында – кант; күн карама, пахтанын чигитинде, зыгырда –май топтолот. Ал эми төө бурчакта, машта, нокотто- белок жыйналат. Кайсы бир өсүмдүктөрдүн, мисалы, традесканциянын жалбырагында ак тилкелери болот. Эгерде жогоркудай тажрыйбаны ушундай жалбырак менен жасасак, анда крахмал ак тилкеде пайда болбойт. Жашыл гана жеринде пайда боло турганын көрөбүз.
Демек, азык зат хлорофилл данекчеси бар жерде жана жарыкта гана пайда болот. Бул процесс фотосинтез деп аталаары жогоруда айтылган. Жашыл өсүмдүктө түзүлгөн азык заттагы энергия – бул күн энергиясы. Ал энергия белен затта (данда, мөмөдө ж.б) сакталыптура берет. Качан гана адам же жаныбар тамактанганда организмдеги кычкылтектин катышуусу менен татаал органикалык заттардын ажыроосу жүрүп, энергия кайрадан бөлүнүп чыгат. Анын эсебинен дененин жылуулугу сакталат, кыймыл аракет жасалат. Ошентип, жер бетинде тиричилик камсыз болот.
V. Бышыктоо (жыйынтыктоо)
Бышыктоо үчүн диофилмм көрсөтүлөт ссылка:
VI. Баалоо 2мин.
Ар бир айтылган туура жооп үчүн карточка берилген, алар эсептелет, жыйналган карточкалардын саныны карап бааланышат
VII. Үй тапшырмасын берүү 1 мин.
Жаңы терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу
Дептер күндөлүккө жазып алышат.