Фермент | Тамак сиңирүү системасынын кайсы жеринде таасир этет | Кандай азык заттарды ажыратат | Азык заттар ажыраганда кандай заттар пайда болот |
Амилаза Малътоза | Шилекейде | Крахмалды | Глюкозага |
Амилаза | Шилекейде | Углеводдорду | Глюкозага |
Пепсин | Ашказан зилинде | Белокторду | Амино кислоталар |
Химозин | Ашказан зилинде | Сүттүн белогун | Амино кислоталар |
Липаза | Ашказан зилинде | Сүттүн майын | май кислотасына Глицерин |
Трипсин хемотрипсин | Уйку безинин зилинде | Белокторду ажыратат | Амино кислоталар |
Липаза ферменти | Уйку безинин зилинде | Майларды ажыратат | Май кислоталары |
I. Жаны темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча түшүнүктөрдү эске алуу аркылуу эки теманы байланыштыруу.
II. Жаны теманы өтүү.
План:
Проблемалык кырдаал түзүү, багыттоочу суроолорду берүү. Топтор менен иштөө.
Окуучулардын өздүк билимин чагылдырып, 1-топтун презентациясын угат, мультимедиялык лекция менен толуктайт бышыктайт.
Окуучулардын өздүк билимин чагылдырып, 2-топтун презентациясын угат, мулътимедиялык лекция менен толуктайт бышыктайт. Ой жүгүртүшөт, изденишет, жооп беришет.
1-топ өз билгендерин плакатга чагылдырышып презентациялайт, билбеген маалыматтарды мугалимдин кошумча түшүнүк берүүсү менен толуктайт.
Ой жүгүртүшөт, изденишет, жооп беришет.
2-топ өз билгендерин плакатга чагылдырышып презентациялайт, билбеген маалыматтарды мугалимдин кошумча түшүнүк берүүсү менен толуктайт.
Ой жүгүртүшөт, изденишет, жооп беришет.
|
Тамак-аштын бышырып даярдалышынын мааниси.
Тамак бышырылып даярдалса, тамак сиңирүү системада бат эрип жаиа тез сиңет. Мисалы, крахмал бышпаса, ал ооз көңдөйүндө жана ашказанда өзүнүн майда бөлүкчөлөрүнө ажырабайт. Ал эми ошол эле крахмалды бышырса, анда крахмалга ооз көңдөйүндө жана ашказанда ферменттер таасир этет. Мына ошондой эле эт, күрүч, өсүмдүктөр бышырылса тез ажырашат, канга бат жана толук өтөт. Ошондой болсо да кээ бир тамак-ашты чала бышырып, же бышырбай чийки жеш керек, маселен, жашылчаларды. Жашылчалар, биринчиден, ашказандын жана ичегинин кыймылын күчөтөт. Экинчиден, чийки жашылчаларда, жер-жемиштерде витаминдер көп. Жогорку температура менен таасир эткенде алар бузулуп калат.
Тиш оорунун алдын алуу. Ооздо тамак канчалык жакшы майдаланса, ферменттердин таасирине ошончо жакшы даярдалган болот. Кээ бир учурларда, тиш ооруганда тамак-аш жакшы чайналбай, химиялык жол менен иштетүүгө даяр болбой калат. Булар ашказан дарттарынын пайда болушуна көмөк берет, ошондуктан тишти таза кармоо өтө зарыл.
Тишке абдан чоң зыян келтирүүчү факторлордун бири — тамеки чегүү; экинчиси, катуу нерселерди тиш менен талкалоо; үчүнчүсү, ысык жана муздак суюктукту тез аранын ичинде биринин артынан бирин ичүү. Бул факторлор тиштин эмалын бузуп, анда жарака пайда кылат. Жарака аркылуу тиштин ичине микроорганизмдердин жана бөтөн заттардын киришине шарт түзүлөт. Тиштин ичине кирген микроорганизмдер тиштин пульпасын сезгендирет, тишти оорутат.
|
Тиштерди сактоо эрежелеринин эң негизгиси ооз көңдөйүн таза алып жүрүү. Тамактангандан кийин оозду жылуу туздуу суу менен чайкоо, микробдордун көбөйүүсү үчүн ыңгайлуу чөйрө болгон, тиштердин арасында туруп калган тамактын калдыктарын жок кылат. Тишти эки маал тиш пастасы менен тазалоо керек: эртең мененки тамактан кийин жана кечинде жатардын алдында. Тиш щеткаларды ар дайым самындап жууп, ысык суу менен чайкоо керек.
Ичеги-ашказан ооруларын алдын алуу. Жакшы бышырылбаган, тазаланбаган, эскирип калган тамак-ашты жегенде адам ооруп калышы ыктымал. Адам көбүнчө көпкө туура эмес сакталган этти, колбасаны, консерваны, козу карынды жегенде ууланат. Уулануунун негизги себеби — тамакты сактоо эрежесинин бузулгандыгында. Тамакка уулангандын белгиси — ичтин ооруганы, кусуу, ич өтүү, баш айлануу, эс жоготуу ж.б. Бул белгилер оорунун оор же жеңи-лине жараша болот. Адам уукканда ашказанды жууп, андан тамакты тезинен чыгарып, тазалоо керек. Ал үчүн ууккан адамга бирнече литр суу берүү, же зонд аркылуу суу куюу өтө зарыл. Бул учурда бузулган тамактан пайда болгон уу канга көп өтпөйт.
Тамак сиңирүү каналына таза эмес, жакшы жуулбаган тамак менен бирге оору козгоочу микроорганизмдер кириши мүмкүн. Эгерде адамдын организминин туруктуулугу күчтүү болсо, алар ооз көңдөйүндө, шилекейдеги заттардын таасиринин астында өлөт. Микроорганизмдердин көбү ашказан зилиндеги туз кислотасынын жана өттүн таасири менен зыянсыздандырылат. Кээ бири айтылгаи заттарга туруктуу болушат. Ошондуктан, алар ичке ичегиге өтүп, ал жерде көбөйүп уулуу заттарды пайда кылышат. Ал заттар тамак эритүү жана сиңирүү процесстерин бузат, организмди уулантат, тамак сиңирүүчү каналдын керегелеринде жара пайда кылат. Оорулуу адам жакшы дарыланбаса, ал адам оору таркатуучу очоктун бири болуп калат. Мындай адамдын жанында болгондорго анын пайдаланган идиштеринен жана ал дем алган аба менен оору жугушу мүмкүн.
|
Эл арасында жугуштуу ичеги-ашказан ооруларына — дизентерия, кара тумоо, холера жана башкалар кирет. Мындай оорулар менен ооруган адамдарды дароо бөлүп, алар пайдаланган идишти жана буюмдарды дезинфекциялоо өтө зарыл. Оорулуу адамды тез арада ооруканага жеткирип, аны айыкканга чейин дарылоо керек.
Дагы бир ичеги-ашказан дарты - мите курт оорулары. Бул оорулар да жугуштуу болуп эсептелет. Мите курттардын жумурткаларын адам булганган тамак-аш аркылуу жутуп алат. Кээ бир курттар жогорку температурага жакшы чыдайт. Мите курттар, мисалы, солитерлор чала бышкан же чала куурулган этти жегенде жугат. Көпчүлүк убакта кээ бир курттар жеке гигиенаны сактабагандык-тан жугат. Ошондуктан, денсоолук таза болуш үчүн, ичеги-ашказан оорулары жукпас үчүн өздүк гигиенаны жакшы сакташ керек.
V. Бышыктоо (жыйынтыктоо) Бышыктоо үчүн кроссворд берилет
I. Шилекей кайсыл бездерден бөлүнүп чыгат
a) Тил астындагы, жаак астындагы жана кулак жанындагы
b) Жаак астындагы, кулак жанындагы, гипофиз
II. Шилекейдин түзүлүшү кандай? a)түссүз, киргил илээшкек суюктук
b) түстүү, киргил илээшкек суюктук
III. Суткасына канча литрге чейин шилекей бөлүнүп чыгат? а) 0,5тен 2,0л b) 0,5тен 3,0л
IV. Ооздогу тамак кандай өзгөрүлөт?
a) Ооздо тамак майдаланып, шилекей менен аралашып, тамак бүртүкчөлөрүнө (витаминдерге чейин) ажырайт
b) Ооздо тамак майдаланып, шилекей менен аралашып, тамак бүртүкчөлөрүнө айланат
V. Крахмалдын ажырашына кандай ферменттер катышат?
a) Химозин, липаза b) Амилаза, малътоза
VI. Тамакты көргөндө, жытын сезгенде шилекей чыкса, анда аны шилекей бөлуп чыгаруучу _______ рефлекстер деп атайт. a) шарттуу b) шартсыз
VII. Жутуу борбору мээнин кайсы бөлүгүнөн орун алган? a) сүйрү мээде b) ортонку мээде
VIII. Ашказан зилинде тамакка таасир этүүчү кандай ферменттер бар?
a) Амилаза, малътоза b) Химозин липаза
IX. Адамдын ашказанында суткасына 2-3 лге жакын зил пайда болот
a) 0,5-2,5 b) 2-3 л
X. Ашказанда тамак эритүү процесстери кандай жол менен жөнгө салынат?
a) температура 35°-37° С жана туз кислотасы белгилүү өлчөмдө пайда болуп турушу
b) температура 33°-38° С жана туз кислотасы белгилүү өлчөмдө пайда болуп турушу
XI. Өт тамак ичкенден _-_ мүнөттөн кийин аз-аздан _-_ саат бою он эки эли ичегиге куюлуп турат.
a) 1—5 мүнөттөн - 4—6 саат b) 5—10мүнөттөн - 6—8 саат
XII. Боордун барьердик функциясыдеген эмне?
a) Кандагы уу жана организмге терс таасир этүүчү заттардын зыянсыздандырылышы
b) Кандагы органик жана органик эмес заттардын зыянсыздандырылышы
XIII. Он эки эли ичегиге кайсыл зилдер келип куюлат?
a) Шилекей өт уйку безинин зилдери b) Өт уйку безинин жана ичегинин өзүнүн зилдери
XIV. Уйку безинин зилинин бөлүнүп чыгышы ___________________ рефлекс жолу менен өтөт. a)шарттуу жана шартсыз b)шарттуу
XV. Ичегинин ички бетинин 1 см2 аянтында канча сандагы түкчөлөр бар болот?
a) 2500дөн ашык b) 3500дөн ашык
XVI. Май кислоталары дароо кан системасына өтөбү же жокпу?
a) Ооба (Түздөн түз сиңирилет) b) Жок(ичегиден лимфага, андан кан системасына)
XVII. Эл арасында жугуштуу ичеги-ашказан ооруларына кайсылар кирет?
a) дизентерия, кара тумоо, холера b) гастрит, холера, дизентерия
XVIII. Мите курттар кантип жугат?
a) булганган тамак-аш аркылуу чала куурулган этти жегенде жеке гигиенаны сактабагандыктан
b) булганган тамак-аш аркылуу,аба аркылуу чала куурулган этти жегенде жеке гигиенаны сактабаганда жугат
XIX. Солитерлор курту кандай жол менен жугат?
a) Чала бышкан же чала куурулган этти жегенде b) Чийки суудан
XX. Тамакка уулангандын белгиси
a) Ичтин ооруганы, кусуу, ич өтүү, баш айлануу, эс жоготуу
b) Көкүрөктүн ооруганы, кусуу, ич өтүү, баш айлануу, эс жоготуу
a | a | a | b | b | а | а | b | b | а | б | а | б | а | а | б | а | а | а | а |
V. Баалоо Жеңүүчү команданын окуучулары “5”, жеңилген команданын окуучуларынын активдүүлүгү эскеалынып, “5”, “4”, “3; деген баалар коюлду
Натыйжада төмөнкү натыйжа келип чыкты: