Хромосомалык жана гендик мутациялар.




Табият таануу жана география факультети

Биология адистиги

Б-13к-2 тайпасы

Сабактын темасы: Өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүктөрү.

Сабактын максаттары.

А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар өзгөргүчтүк, анын түрлөрү, келип чыгуу себептери, алдын алуу иштери жөнүндө терең билим алышат.

Б. Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар өзгөргүчтүк, анын түрлөрү, келип чыгуу себептери, алдын алуу иштери жөнүндө мугалимдин лекциясын угуп, темага байланышкан сүрөт, слайд, видео роликтерди көрүп, сабакка кызыгуусу, ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.

В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар өзгөргүчтүктүн келип чыгуу жана алдын алуу иштери боюнча маалыматтарга ээ болуу менен бирге эстетикалык жана гигиеналык тарбия алышат.

Керектүү каражаттар: куу китеби, компютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.

Сабактын тиби: Лекция.

Колдонулган усулдар:

- Оозеки (айтып берүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, талкуу (дискуция), аңгемелешүү)

- Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)

-Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)

- Мультимедиялык (сүрөттөр, таблица, схема, слайд, видео, диофилмь,)

Сабактын жүрүшү: Сабак төмөндөгүдөй түзүлүштө, 7 этап менен ишке ашат:

1. Уюштуру; 2. Үй тапшырмасын суроо; 3. Жаңы темага киришүү; 4. Жаңы теманы өтүү; 5. Бышыктоо (жыйынтыктоо); 6. Үй тапшырмасын берүү; 7. Баалоо.

 

 

Сабактын түзүлүшү. Мугалимдин аракети. Окуучулардын аракети. Мин
  Уйуштуруу. Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын кароо, жоктоо, себебин тактоо, сабакка даярдыгын байкоо, логикалык оюнун уюштуруу аркылуу окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратуу. Саламдашып, сабакка даярданып, логикалык оюнуну аркылуу окуучулар сабакка көңүл буруусун каратуу аркылуу активдешишет. 3мин
  Үй тапшырмасын суроо. Дискуция аркылуу үй тапшырмасын суроо. Окуучулар дискуция аркылуу өткөн темалары боюнча маалыматтар айтышат. 11мин
  Жаңы темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. Жаны темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алуу. 2мин
  Жаны теманы өтүү План: 1. Өзгөргүчтүктүн түрлөрү   2. Мутагендик факторлор, Вавилов закону 1-   Проблемалык кырдаал түзүлөт, багыттоочу суроолор берилет; Өзгөргүчтүктүн түрлөрүн схемалык сүрөттөр менен түшүндүрүлүп берет; “Суроолу топ” оюнун уюштурат; Мутагендик факторлор жана Вавиловдун законун түшүндүрөт. .   Берилген суроолорго ой жүгүртүшөт, изденишет, жооп беришет;   Билбеген маалыматтарды мугалимдин кошумча түшүнүк берүүсү менен толукташат; Оюнда берилген суроолорго жооп беришет; Угушат, ойлонушат, сурөттөр аркылуу таанып билишет; 3мин 8мин 3мин 5мин
  Бышыктоо (жыйынтыктоо) Бышыктоо үчүн кроссворд берилет аягында жыйынтыктайт. Кроссворд менен иштешет 5мин 2мин
  Баалоо Жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги, сабак учурундагы активдүүлүгү эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат. Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат. 2мин
  Үй тапшырмасын берүү Жаны терминдер менен иштеп, конспект жазуу, бышыктап окуу. Дептер күндөлүккө жазып алышат. 1мин

 

 

ǀ. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин

- Өзүн өзү жейт (шам)

- Аялдар көп, эркектер бир жолу колдонот (жолук)

- Эшектин эмнеси адал (эмгеги)

- 202 кулак канча адамда болот (бирөө)

- Суур ийинден чыгып эле кайсыл жакты карайт (өзү каалаган)

- Аки ташдан тамак даярдаса болобу (болот)

- Асманда учуп бараткан 5 өрдөктүн экөөсүн атты канчасы калат (өрдөк учпайт)

- Аарынын канча көзү бар (5)

- Кара дарыяга ак жолукту таштаса эмне болот? (суу болот)

- Төө куш саатына канча км учат? (учпайт)

- Канча алсаң чоңойот, канча кошсоң кичирейет? (чукур)

- Оштон Жалал-Абадга чейин канча бурулуш бар? (2, оң жана сол)

2. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.

Үйгө тапшырма катары “Гемофилия” оорусу жана маселе чыгарып келүү берилген.

Максат жооп берет:

Гемофилия (байыркы грек. αἷμα — «кан» жана байыркы грек. φιλία — «сүйүү») — кандын көп агышы менен мүнөздөлгөн тукум куума оору.
Кан плазмасында канды уютуучу факторлордун жетишсиздигинен болот. Аны менен эркектер гана ооруйт. Тукумунда бул оору менен оорубаган кишилерде да гемофилия байкалган учурлар бар. Гемофилиянын белгилери бала чакта байкалып, чоңойгон сайын азая баштайт. Гемофилиянын кээ бир жеңил түрү улгайган убакта болот.

- Айтина улантат: Гемофилия менен ооруган киши бир жерин кичине кокустатып алса, тери алдында, булчуңда жана муундарда кан көп агат. Бир жерин кесип алса, тишин жулганда жана башкаларда кан көп кетип, өмүргө коркунуч туудурат. Ири муун көңдөйүнө (тизе, кызыл ашык мууну) кан куюлуп, алардын иши бузулат. Акыркы жылдарда гемофилияны дарылоо жана анын кабылдоосун алдын алууда чоң ийгиликтерге жетишти. Соо кишилердин канынан жасалган концентраттарды пайдалануу менен кан агуунун алдын алууга болот. Муундардын жабыркашын алдын алуу жана дарылоо үчүн айыктыруучу физкультуранын жакшы натыйжа берүүчү ыкмалары иштелип чыкты. Гемофилия менен ооругандар кичинекей кокустоодон, операциядан өтө сак болушу керек. Кан ага баштаганда тезинен врачка кайрылуу зарыл.

- Мархабо тукумга берилиши боюнча улантат: Гемофилия оорусун рецессивдик аллель - h, ал эми кандын нормалдуу уюшун доминанттык аллель - Н аныктайт. Бул гендер Х хромосомада орун алган.
Аял жынысында эки Х хромосома болгондуктан, анын бир Х хромосомасы гемофилиянын генин - h алып жүрсө, экинчи Х хромосомасы кандын нормалдуу уюшунун аллелин - Н алып, ал гетерозиготтук - ХнХh болот. Н - аллели доминанттык болгондуктан, рецессивдик ген - h менен аныкталган оору өөрчүбөй, аял гемофилияны алып жүрүүчү гана болуп эсептелинет.
Эркек жыныстын Х хромосомасында h аллели болсо - Х h Y, анда ал гемофилия менен сөзсүз ооруйт, анткени эркек жыныстын У хромосомасы кандын нормалдуу уюшунун аллелин алып жүрбөйт. Ошондуктан гемофилия оорусу дээрилик эркек жынысында көбүрөөк кездешет.

- Зымырат улантат: Эгерде эркек жыныстын жалгыз Х хромосомасы кандын нормалдуу уюшунун генин алса ХнУ, анда ал соо болот.
Гемофилия боюнча гетерозиготалуу аялдын жана гемофилия менен ооруган эркектин никесинен гемофилия менен ооруган кыздар төрөлүшү мүмкүн. Мындай никелер аз болгондуктан, бул оору аяларда аз кездешкенинин себеби да ушунда.

- Талант схема түрүндө гемофилиянын тукумга берилишин төмөнкүдөй көрсөтүп берет:
Энеси соо, атасы гемофилия менен ооруйт:

Мында бардык балдары сырткы көрүнүшү боюнча (фенотиби) соо, бирок кыздары гемофилия генин алып жүрүүчү болот.

 

- Бурулай улантат: Энеси гемофилиянын аллелин алып жүрүүчү, атасы соо:

Бул учурда бардык кыздары фенотиби боюнча соо, бирок алардын жарымы гемофилиянын генин алып жүрүүчү болот, ал эми уулдарынын теңи гемофилия менен ооруйт.

 

- Айзат түшүндүрүп берет: Атасы гемофилия менен оорунун энеси гемофилиянын генин алып жүрүүчү:

Бул учурда кыздарынын теңи оорулуу теңи гемофилиянын генин алып жүрүүчү болуп уулдарынын теңи гемофилия менен ооруйт.

Мугалим жыйынтыктайт:

Тукум куугучтук (англ. heritability) — бардык организмдердин дене түзүлүш, жеке өөрчүү, зат алмашуу өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле ден соолугунун абалын жана көпчүлүк ооруларга жакындыгын укумдан-тукумга берүүчү касиети.
Укумдан-тукумга организмдин кадимки (соо) белгилери гана берилбестен, өзгөрүлгөн абалы да берилиши мүмкүн. Кишинин ден соолугу жана түрдүү ооруларга жакындыгы көп учурда тукум куугучтук менен байланыштуу.

3. Жаңы темага киришүү. 2 мин.

Тукум куугучтуктун закон ченемдүүлүктөрү бапында каралган подтемалар боюнча түшүнүктөрдү эске салып, эки теманын бири – бири менен байланыштыруу.

Жашоонун үзгүлтүксүздүгү - генетикалык мүнөзгө ээ. Бул тукум куучулукка байланыштуу. Сырткы чөйрө тукум куучулук белгилерине таасир этет. Геном-ДНКнын толук саны же гендердин жыйналышы. Генотип - организмдин гендеринин жыйындысы. Фенотип - организмдин ички жана сырткы белгилеринин жыйындысы. Бардык организмдердин сандык жана сапаттык белгилерин ажыратып карайбыз. Ар бир организмдин фенотиби генотиптен айырмаланып, өсүү жана өрчүүдө өзгөрүп турат. Мисалы, бир эле шартта өскөн эки организмдин генотиптери ар башка болгондуктан, фенотиби өзгөрүүгө учурайт. Демек сиздер менен бүгүнкү өтүлө турган темабызда өзгөргүчтүк жөнүндө кеп кылабыз.

4. Жаны теманы өтүү. 19мин.

Тема: Өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүктөрү.

Проблемалык кырдаал түзүлөт, багыттоочу суроолор берилет. 3 мин

(Жаңы теманы окуп келүү алдын ала үйгө тапшырма катары берилген)

Мутация бул эмне?

Кандай түрлөрү бар?

Эмнеден келип чыгат?

Алдын алса болобу?

Зыян жактары кандандай?

Пайдалуу жактары барбы?

Окуучулардын жооптору:

Дилзат: Мутация — тукум куума информацияны алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүүлөр (Нуклеин кислоталары). Ал өзгөрүүлөр кокусунан табигый же жасалма жол менен (физикалык же химиялык факторлордун таасиринен) пайда болот.

Асел: Мутация пайда болуу жөндөмдүүлүгү тиричиликтин бардык формаларында (вирустар, микроорганизмдер, татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр, жаныбарлар, киши) болуучу универсалдуу касиет. Батма: Жыныс клеткаларындагы мутация укумдан-тукумга берилет.

Элиза: Мутация гендик, хромосомалык, геномдук деп үч түргө бөлүнөт.

Перизат: ДНКнын түзүлүшүнө кийлигишип айрым гендерди бузса, алар гендик мутация деп аталат.

Гулноза: Хромосомалык мутация хромосомалар бир же бир нече жерден үзүлгөндөн кийин пайда болот.

Элнура: Клеткаларда клетка бөлүнүүсүн (митозду) камсыз кылуучу структуралар бузулганда эки эселенген хромосомалар же алардын жыйнагы эселенгенден кийин, ошол эле клеткада кала берет. Мындай мутация геномдук деп аталат.

Мугалим стимул берүүчү сөздөр менен мактоо жарыялайт жана төмөндөгү схемалык сүрөттөр менен теманы түшүндүрүп берет. 8мин

 

Өзгөргүчтүк – организмдин жеке өрчүшүндө жаңы белгилерге ээ болуу касиети. Особдор өзгөргучтүккө байланыштуу түр чегинде бири биринен айырмаланат. Бир түргө кирген особдордун арасындагы айырмачылыктар организмдеги тукум куугучтукт материалдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болот. Ошондой эле ал сырткы чөйрөнүн шарттары мнен да аныкталат. Ушул себептерден өзгөргучтүк төмөнкүдөй түрлөргө бөлунөт.

Фенотиптик (модификациялык) өзгөргүчтүк

Сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотиптин өзгөрүшү модификациялар деп аталат. Мында тукум куугучтук материал өзгөрбөйт. Белгинин модификациялык өзгөргүч чеги “рекреациялык нормасы” деп аталат. Рекреациянын нормасын генотип аныктайт. Модификациялык өзгөрүүлөр генотиптин өзгөрүүсүнө алып келбейт, ошондуктан тукум куубайт. Модификациялык өзгөргүчтүн негизинде жаткан рекреациянын нормасы табигый тандоонун натыйжасында пайда болгон. Ал тиричилик шартка байланыштуу болуп, ага ыңгайланат.

Француз ботаниги Боннье каакым өсүмдүгүнө тажрыйба жүргүзгөн. Ал өсүмдүктү тең экиге бөлүп, бир бөлүгун жылуу, жумшак климатта (Парижде), экинчи бөлүгүн бийик тоодо өстүргөн. Париждеги каакымдын сабагы бийик, эл эми тоодогунун сабагы абдан кыска болуп, жалбырагы кичине, жерге жакын өскөн. Өсүү үчүн тоонун татаал шартына аргасыз ыңгайлашкандыктан, өсүмдүктүн сырткы түрү өзгөрүүгө дуушар болгон. Эгерде бул эки өсүмдүктүн уруктарын бирдей шартта өстүрсө, белгилери бирдей болгон өсүмдүктөр өсүп чыккан. Демек сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотиптин өзгөрүшү, генотиптин өзгөрүшүнө алып келбейт, ошондуктан тукумга берилбейт.

Генотиптик өзгоргучтүк

Генотиптик өзгөргүчтүк - тукум куума өзгөргүчтүк. Ал комбинациялык жана мутациялык болуп экиге бөлүнөт.

Комбинациялык өзгөргүчтүк – тукум куума, генотиптик өзгөргүчтүктүн бир түрү. Комбинациялык өзгөргүчтүк деп, ата – энесинин генотибинен айырмаланып, тукумунун генотибиндеги аллеллердин орун алмашуусу менен байланышкан өзгөргүчтүк айтылат. Бирок бул учурда жаңы ген пайда болбойт. Комбинациялык өзгөргүчтүк ошол эле мезгилдердин орун алмашуусунан же жаңыча айкалышуусунун негизинде жүрөт.

Мутациялык өзгөргүчтүк. Мутация (лат. Мутация - өзгөрүү) – генетикалык аппараттын сырткы жана ички факторлордун таасиринин астында өзгөрүүсү. Мутациялар күтүлбөгөн жерден пайда болот. Мындай организмдер баштапкылардан кескин айырмаланат. Эволюция процессинде мутациялык өзгөргүчтүк жаңы түрдүн, сорттун, пароданын пайда болушуна алып келет. Генетикалык аппараттын өзгөрүүсүнө байланыштуу мутациянын 3 түрү болот:

Геномдук- хромосомалардын санынын өзгөрүшү;

Хромосомалык- алардын структурасынын өзгөрүшү;

Гендик- гендердин структурасынын өзгөрушү;

Геномдук мутациялар. Хромосомалардын гаплоиддик санында жайгашкан гендердин жыйындысы геном деп аталат. Хромосомалардын санынын өзгөрүшү менен байланышшкан мутациялар геномдук мутациялар деп аталат. Бугу полиплоидия менен гетероплоидия кирет.

Полиплоидия (грекчке “поли – көп”) мейоздун бузулушунан хромосомалардын саны эселенип көбөйөт: 3п (триплоид), 4п (тетраплоид), 5п (пентаплоид) ж.б.у.с., мисалы буудайдын 3 сорту белгилүү: 2п- 14 хромосома; 4п- 28 хромосома; 6п- 42 хромосомалуу.

Полиплоидия көбүнчө өсүмдүккө мүнөздүү. Полиплоиддик формалардын хромосомаларынын санынын өзгөрүшү менен бирге тукум куума касиети өзгөрөт. Полиплоиддик клеткалар ири, өсүмдүктөр чөң өлчөмдө болот. Ошондой эле, ал өсүмдүктөр жаратылыштын шарттарына чыдамдуу келип, алар көбүнчө тоодо кездешет.

Эгерде ар кандай түрлөрдү аргындаштырып, полиплоидия алынса – аллополиплоидия деп аталат. Мисалы, Г.Д. Карпеченко туруп менен капустанын 36 хромосомалуу полиплоиддик гибридин алган.

Полиплоидия жаныбарларда да кездешет. Кыргыз Республикасынын УИАнын корр.-мүчөсү, профессор А.Т. Токтосунов (2001) Кыргызыстандын тоо жаныбарларынын кариотибинде, тоо пайда болуу процессиндеги жер титирөө ж. б. Түрдүү экологиялык факторлордун таасири менен, эволюция процессинде олуттуу морфо- генетикалык өзгөрүүлөр жүрөөрүн аныктаган. Бийик тоо райондорунун жаныбарларында – балыкта, курбакаларда кездешкен полиплоидияны А.Т. Токтосунов тоо шартындагы төмөнкү температура жана кычкылтектин жетишсиздиги менен түшүндүргөн. Ошондой эле радон суулары чыккан жердеги, уран рудаларынын калдыктары көмүлгөн жердеги, жаныбарлар – баканын, жыландын, кескелдириктин, ар түрдүү кемирүүчүлөрдүн кариотибинин өзгөрүшү, гетероплоидия (анеоплоидия) түрүндө да болоорун аныктаган.

Гетероплоидия. Митоз менен мейоздун бузулушунун натыйжасында хромосомалардын саны өзгөрүп (2n±1), азайып, же көбөйүп калат.

Адам хромосомаларынын санынын өзгөрүшү, хромосомалык ооруларды пайда кылат. Мисалы, аялдын жыныс хромосомалары мейоздо туура эмес бөлүнгөндө, ар кандай оорулуу балдар төрөлөт:

P 44AXX 44AXУ

Гаметалар 22АХХ, 22АО 22АХ, 22АУ

F1 44АХХХ; 44АХО; 44АХХУ; 44АУ

Эгерде 1 жуп хромосомага дагы 1 хромосома кошулса – “трисомия”, ал эми организм “трисомик” деп аталып, анын хромосома жыйындысы 2n+1 барабар болот. Трисомия жыныс хромосомалары боюнча эле эмес, аутосомдордун ар кандай, кээде бир нече жубу боюнча да болушу мүмкүн. Мисалы, Даун синдрому менен ооругун адамда 21 жуп аутосома боюнча трисомия болот.

Хромосомалардын диплоиддик жыйындысында, бир хромосома кем болсо – “моносомия” деп аталат, ал эми организм “моносомик”, анын генотиби 2n-1 барабар болот.

Хромосомалык жана гендик мутациялар.

Хромосомалык мутациялар – хромосоманын структурасынын өзгөрүшү. Анын төрт түру белгилүү: 1) бөлүгүнүн жетишсиздиги, 2) инверсия, 3) эки эселениши (дупликация), 4) транслокация.

Бөлүгүнүн жетишсиздигинде – хромосоманын кандайдыр бир бөлүгү кемип калат. Эгерде хромосоманын орто орто ченинде бир бөлүк жетишпесе – делеция деп аталат. Кемип калуунун (жетишсиздиктин) негизинде тукум куума касиет өзгөрүп, ал эми хромосоманын көбүрөк бөлүгү жетишпесе, ал организм жашоого жөндөмсүз болуп, өлүмгө дуушар болот.

Инверсия – хромосоманын бир бөлүгү үзүлүп, ал 180ºка айланып, ошол хромосомага кайрадан биригет.

Эки эселенүүдө (дупликация) – хромосомаларда ашыкча бөлүк пайда болот. Ал жаңы белгилердин калыптанышына алып келет.

Транслокация – хромосомалардын кандайдыр бир бөлүгү үзүлуп, экинчи гомологиялык эмес хромосомага биригет. Мисалы, Даун орусунда 15 аутосоманын бир ийини үзүлүп, 21 хромосомага кошулуп, транслокация болот.

Хромосомалык мутациялар адамдын таяныч-кыймыл системасынын, психикасынын туура эмес өрчүшүнө, ички секреция бездеринин, жыныс бездеринин кызматынын өзгөрүшүнө, көпчүлүк учурда баланын өлүмгө дуушар болушуна алып келет.

Гендик мутациялар – гендердин структурасынын, б.а ДНК молекуласындыгы нуклеотиддердин ырааттуулугунун өзгөрүшү. ДНКда нуклеотиддердин жайгашуу тартибинин өзгөрүшү, белоктун синтезделишине таасир этип, организмдин касиеттери жана белгилери өзгөрөт.

Гендик мутациялар төмөнүдөй жолдор менен жүрүшү мүмкүн:

нуклеотиддердин орун алмашуусу;

нуклеотиддердин түшүп калышы;

нуклеотиддердин кошумча кошулуусу ж.б.

Сабак ортосундагы танапис!!! “Суроолу топ” оюнун уюштурат. 3мин

Эске тутууну текшерүү үчүн мугалим каалаган окуучуга кокусунан топту

атуу менен терминди айтат окуучулар жооп берет:

1. Алополиплоидия - ар кандай түрлөрдү аргындаштырып, полиплоидия алынышы.

2. Дупликация – хромосомаларда ашыкча бөлүк пайда болуп, жаңы белгилердин калыптанышына алып келиши.

3. Гендик мутациялар – гендердин структурасынын өзгөрүшү.

4. Генотиптик өзгөргүчтүк - тукум куума өзгөргүчтүк.

5. Геномдук - хромосомалардын санынын өзгөрүшү менен байланышкан мутациянын түрү.

6. Гетероплоидия – митоз менен мейоздун бузулушунун натыйжасында хромосомалардын саны өзгөрүп, азайып, же көбөйүп калат.

7. Инверсия – хромосоманын бир бөлүгү үзүлүп, ал 180ºка айланып, ошол хромосомага кайрадан биригет.

8. Комбинациялык өзгөргүчтүк - ата – энесинин генотибинен айырмаланып, тукумунун генотибиндеги аллеллердин орун алмашуусу менен байланышкан өзгөргүчтүк.

9. Мутация — тукум куума информацияны алып жүрүүчү ДНКнын молекулаларындагы өзгөрүүлөр.

10. Модификация - сырткы чөйрөнүн таасири астында фенотиптин өзгөрүшү.

11. Нуклеотиддердин орун алмашуусу - гендердин структурасынын, б.а ДНК молекуласындыгы нуклеотиддердин ырааттуулугунун өзгөрүшү.

12. Полиплоидия - мейоздун бузулушунан хромосомалардын санынын эселенип көбөйүшү.

13. Транслокация – хромосомалардын кандайдыр бир бөлүгү үзүлуп, экинчи гомологиялык эмес хромосомага биригет.

14. Фенотип – сырткы белгилер.

15. Хромосомалык мутация – хромосомалардын структурасынын өзгөрүшү.

Мугалим 2-план боюнча түшүндүрүүнү улантат. 5 мин

Мутагендик факторлор. Мутацияны пайда кылган факторлор – мутагендик факторлор деп аталат.

Мутагендик факторлорго төмөнкүлөр кирет.

Химиялык факторлор – формалын, антибиотктер, пестициддер, ДДТ, колхицин ж.б.

Физикалык факторлор – рентген нурлары, радиация, ультра кызгылт көк нурлар, жогорку температура ж.б.

Биологиялык факторлор – бактериялар, вирустар, организмдер иштеп чыккан уулу заттар-токсиндер ж.б.

Мутациялар жасалма (индуциялык) жана табигый (спонтандык) болушат.

Табигый мутация

Табигый мутация табигый радиациянын (анын ичинен космос нурларынын), ошондой эле табигый органикалык бирикмелердин ажыроосунун же кишинин чарбалык ишинин натыйжасынан келип чыккан кээ бир химиялык заттардын таасиринен болот. Көпчүлүк илимпоздор табигый мутациянын негизги себеби — клетканын көбөйүшүндө ДНКнын бузулушун оңдоодо же гендердин алмашуусунда ДНК менен өз ара катышуучу ферменттердин «ката кетирүүсү» деп эсептешет.

Чернобыльдагы мутация

Жасалма мутация

Жасалма мутация клетканын генетикалык аппаратына кээ бир физикалык же химиялык факторлордун — мутагендердин (иондоштуруучу нурлануу, ультра кызгылт көк нур, химиялык бирикмелер, айрым вирустар, дарылар) таасиринен пайда болот. Мутагендер ДНКнын молекулалары менен өз ара катышып, алардын түзүлүшүн бузат. Эң алгач жасалма мутация рентген нурларынын таасиринен пайда болгон. Клеткага кирүүгө жөндөмдүү нурлар ДНКнын молекулаларын иондоштуруп гендерди өзгөртүшү мүмкүн. Радиациялык мутагендерден башка көптөгөн химиялык мутагендер белгилүү. Бактериялардын, курт-кумурскалардын, сүт эмүүчүлөрдүн вирустары мутагендик таасирге ээ.

 

Мутациялар зыяндуу, нейтралдуу, пайдалуу болуп бөлүнөт.

Тукум куума өзгөргүчтүктүн гомологиялык катарлар закону (Вавилов закону)

Мутация ар кандай багытта жүрүп, И. Н. Вавилов (1920) ачкан закон ченемдүүлүккө баш ийет.

Маданий өсүмдүктөрдүн ар кандай сорттору менен ага жакын жапайы түрлөрдүн белгилерин салыштырганда, көптөгөн жалпы тукум куума өзгөрүүлөр табылган. Ошонун негизинде Н. И. Вавилов тукум куума өзгөргүчтүктүн гомологиялык катарлар законун ачкан. Бул закон боюнча генетикалык жактан бири бирине жакын түрлөр жана уруулар, тукум куума өзгөргүчтүктүн окшош болушу менен мүнөздөлөт. Ошондуктан, бир түрдүн тукум куума өзгөрүүлөрүн билүү менен буга тектеш түрлөрдүн жана уруулардын окшош өзгөрүүлөрүн болжоп айтууга болот.

Бул закон ченемдүүлүк өсүмдүккө гана эмес, жаныбарга да таандык. Адамдын тукум куума ооруларын изилдөөдө бул закондун мааниси абдан чоң, анткени сүт эмүүчү жаныбарлар адамга генетикалык жактан жакын. Ошондуктан Н. И. Вавиловдун законуна таянып, сүт эмүүчү жаныбарларда адамдын тукум куума оорулары, четтөөлөрү изилденет.

5. Бышыктоо. 2 топко бөлүнүп, кроссворд менен иштешет. 5мин

Хромосомалардын санынын өзгөрүшү менен байланышкан мутациянын түрү? (Геномдук)

Мутациянын жасалма жол менен жүрүшү эмне деп аталат? (Индуциялык)

Организмдин жеке өрчүшүндө жаңы белгилерге ээ болуу касиети эмне деп аталат? (Өзгөргүчтүк)

Тукум куума өзгөргүчтүктүн гомологиялык катарлар закону кимге таандык? (Вавилов)

Эгерде хромосоманын орто ченинде бир бөлүк жетишпесе эмне деп аталат? (Делеция)

Ата – энесинин генотибинен айырмаланып, тукумунун генотибиндеги аллелдердин орун алмашуусу менен байланышкан өзгөргүчтук эмне деп аталат? (Комбинациялык)

Хромосоманын бир бөлүгү үзүлүп, ал 180ºка айланып, ошол хромосомага кайрадан бириксе – бул процесс эмне деп аталат? (Инверсия)

 

Жыйынтыктоо 3мин.

Мутациянын көпчүлүгү организм үчүн зыяндуу (тукум куума оорулар майыптык жана организмдин өлүмү менен шартталышы мүмкүн). Кээде гана организмдин тигил же бул касиеттерин жакшыртуучу гендик мутация келип чыгат так ошол мутация жаратылыштагы өсүмдүк, жаныбар жана микроорганизмдердин селекциясында пайдалуу формаларын түзүүдө эволюциянын зарыл шарты болуп саналуу менен табигый жана жасалма тандоонун негизги материалын түзөт. Ар бир түрдө спонтандык мутациянын жыштыгы генет. жактан шартталган жана ылайыктуу деңгээлде кармалып турат.

6. Баалоо. Окуучуларды баалоодо: -үй тапшырмасына, сурооолорго жооп бергендиги; кроссворд иштегендиги, сабакка көнүл буруусу; адептүүлүгуү; эмоциялык абалдары ж.б эске алынып 3,4,5 деген баалар стимул берүүчү усулдар менен кошо бааланат.

7. Үй тапшырмасын берүү: “Өзгөргүчтүк закон ченемдүүлүктөрү” жана “Адам генетикасы, анын медицина жана саламаттык сактоо үчүн мааниси” темаларын бышыктап окуу, терминдери менен иштөө (гендик мутация, мутация, хромосомалык мутация, геномдук мутация, ж.б)



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: