Уруктангандан кийин бир аз убакыттын кийин бөлүнүү жүрөт. Бөлүнүүнүн тез жана толук жүрүшү жаныбардын жумурткасына, белокдун топтолушуна байланыштуу. Эгерде жумурткада изолецеталдык сарысы аз жаныбардын жумурткасында бөлүнүү 2, 4, 8, 16, 32 бирдей бластомерлерге жүрөт.
Ал эми телоциталдык жумуртканын сарысы көп болгондуктан бөлүнүү толугу менен жүрөт, кээ бир учурганда толук эмес бөлүнүү бластомердин вегатативдик уюлунда жумуртканын сарысы көп болгон учурда, бөлүнүү ылдамдыгы, анималдык уюлдагы бөлүнүүгө караганда бир нече төмөн болот. Буга жерде-сууда жошоочуларда бөлүнүү толук, бирок бирдей эмес жүрүшү мисал боло алат. Ал эми балыкта, куштар ж. б. кээ бир жаныбарда жумуртканын анималдык уюлунда жарым жартылайында бөлүнүү толук эмес жүрөт.
Сүт эмүүчүлөрүнүн жумурткасын белоктун сарысы аз болгондуктан, анда бөлүнүү толук менен жүрөт, бирок бир кылка эмес. Бластомерде бөлүнүү ар кандай ылдамдыкта жүрөт, бластомердин бөлүнүүдө саны көбөйөт, бирок ар бир бөлүнүү баскычында саны, көлөмү жагынан кичирейет. Мындай өзгөрүүлөрдү төмөндөгүчө түшүндүрүүгө болот, себеби, зиготанын митоздук бөлүнүүсүндө интерфаза баскычы болбойт. Бул учур баштапкы синтездөө болгондуктан, аны синтездөө телофазада башталат. Митоздук бөлүнүү биринин артынан бири жүрөт, бөлүнүүнүн аягында салмагы зиготаныкына караганда түйүлдүктүн ядролору майда цитоплазмасы бир топ көп болот. Бөлүнүү бластомердин пайда болушу менен аяктайт.
|
Көп клеткалуу жаныбардын өөрчүсү
Көпчүлүк көп клеткалуу жаныбардын жеке өрчүүсүнүн биринчи баскычы бластуладан (гр."бластон"-түйүлдүк) башталат.
Онтогенездик өөрчүүдө көпчүлүк көп клеткалуулардын түйүлдүктөрү бир нече өсүү баскычтарын басып өтөт. Түйүлдүк алгачкы өрчүү учурунда тоголок, бир катмардуу болуп, биринчилик ички көңдөйү бластоцель деп аталат. Толугу менен бир кырка бөлүнүүдө (ланцетниктердикиндей) бластула бир катмарлуу ыйлаакча түрүндө болгон клеткалар бластодерма деп аталат. Бардык жаныбардын түйүлдүгү бластула баскычын басып өтөт. Бардык клеткалардын ядролору диплоиддик болуп, баардыгы тең тукум куугучтуктун маалыматтарын алып жүрөт. Аларда бластомералердин саны 64, чанда 128 жана андан да көп болот. Бластула өлчөмү жагынан зиготандай.
Организмдин жеке өрчүүсүнүн экинчи баскычы-гаструла (гр."гастер"- карын). Түйүлдүктүн өрчүүсүндө татаал өзгөрүүлөр жүрөт. Бул абалда түйүлдүк эки же үч катмарлуу болот. Түйүлдүк катмары деп аталат.
Гаструланын натыйжасында ичеги көңдөйлүү, алгачкы ооз тешиги пайда болот, эки катмарлуу клеткада: биринчиден түйүлдүктүн ички бөлүгүндө эндодерма (ички катмары) жана эктодерма (сырткы катмары) пайда болот. Энто- жана эктодерманын ортосунда мезодерма (ортончу катмары) пайда болот.
|
Хордалуулардын өөрчүсү
Хордалуулардын түйүлдүгүнүн акыркы өсүү баскычында нерв (гр."нейрон"-нерв) жана хорда жаралат. Нерв системасы эктодерма катмарынан, ал эми энтодермадан хорда, ткандар, ички органдары жана алардын тармактары жаралат. Эктодермада дененин сыртына каптаптоочу эпителий, тиш бедери (эмаль), нерв жана сезүүчү мүчөлөр пайда болот. Эндодерма катмарынан ичеги, тамак сиңирүүчү бездер, өпкө, ал эми мезодермадан сөөк, жылма жана таргыл булчуңдар, кан тамырлар, бөлүп чыгаруу органдары жана жыныс мүчөлөрү жаралат.
Немец окумуштуусу Г.Шпеман 1921 ж. жаңыдан өрчүй баштаган органдардын бири-бири менен болгон байланыштарын ачкан, буга ал түйүлдүктүн индукциясы деп ат койгон.
Өөрчү стадияларын салыштыруу.
II. Постэмбриондук (түйүлдүктүн өрчүшү бүткөндөн кийинки) мезги, жумуртка кабыгын жарып, организм сыртка чыгуу учурунан башталат, ал эми түйүлдүк ичте өрчүгөн, сүт эмүүчүлөрдө болсо, туулгандан тартып башталат.
Постэмбриондук өрчүүнүн түз жана кыйыр эки түрү бар. Түз өрчүүдө жаңы туулган организм чоңдоруна окшош болот (сойлоп жүрүүчүлөр, канаттуулар, сүт эмүүчүлөр, адамдар ж.б.). Кыйыр өрчүүдө чоңдорунан айырмаланган личинка пайда болуп, ал өрчүп-өнүгүп, андан кийин гана чоңдоруна окшошот (жерде- сууда жашоочулар, курт- кумурскалар ж.б.).
|
Постэмбриондук мезгилде организм андан ары өнүгүп жетилүү курагына барат. Жетилген организмдин негизги милдети - өзүнөн кийинки муунду жаратуу, тукум калтыруу. Андан кийин организм карып, тиричилигинин деңгээли төмөндөп олтуруп, жашоосу өлүм менен аяктайт.
Онтогенездик өрчүүдөгү шарттар
Жаратылышта организмдин жекече өрчүүсү, тиричилиги жансыз жана жандуу чөйрө менен бирдикте болот. Түйүлдүк пайда болгондон тартып, анын өөрчүп өсүшү негизинен үч шартка: тукум куугучтукка түйүлдүктүн ички органдар менен болгон катнашына жана жалпы сырткы чөйрөнүн түйүлдүктүн өсүшүнө болгон таасирине байланыштуу.
Жеке организмде тукум куугучтуктун касиети толугу менен ядро болот. Бирок жеке организмдин геному толугу менен бир учурда иштешпейт, алардын кайсы бир гана бөлүгү иштебейт. Тукум куугучтуктун өзгөрүшүнө физ. шарттар: радиация, температура, хим. заттар, о. эле популяция өкүлдөрүнүн бири-бири менен аргындашуулары чоң таасир этет. Түйүлдүктүн жеке өрчүүсүндө ич ара бири-бирине болгон таасирлери чоң. Алгачкы өсүү учурунда жумуртка цитоплазманын ар түрдүүлүгүнө карата клеткада ажыроо башталып, мүчөлөрдүн клеткаларынын бири-бирине болгон таасирлеринин натыйжасында тукум куугучтуктун касиети берилет. Түйүлдүктүн өсүүсүндө сырткы чөйрөнүн таасиринин (өтө суук, өтө кургакчылыкта) натыйжасында өсүп жаткан түйүлдүк өөрчүбөй, өлүп калат.
III. Партеногенез (грек."партенос"-кыз бойдон тургандык, "генез"-туулуш) бул организмдердин жыныссыз көбөйүүсүнүн өзгөчө жолу.
Организм уруктанбаган жумурткадан өсүп чыгат. Организмдердин партеногенез жолу менен көбөйүүсүн XVIII к-да швед окумуштуусу Ш.Бонн ачкан. Өсүмдүктө мындай жол менен көбөйүү апомиксисдеп аталат. Жаратылышта табигый партеногенез кээ бир өсүмдүктөр, мисалы, каакымда, ошондой эле жаныбарларда: курттарда, курт-кумурскаларда, рак сымалдарда, балыктарда, кескелдириктерде жолугат.
Партеногенез
Ортодо Кнемидофорус неомексиканус (англ). жыныссыз ургаачы, тукумун партеногенез менен көбөйтөт; Эки четинде: Кнемидофорус инорнатус (англ.) солдо жана Кнемидофорус тигрис (англ.) оңдо, гибридизация жол менен кайчылаштырылган. Натыйжада К. неомексиканус чыккан
Бөлүнүшү
Партеногенез гаплоиддик жана диплоиддик түрдө болот.
Гаплоиддик партеногенез
Партеногенез гаплоиддик абалында жумуртка клеткасын өрчүйт, мындай өрчүгөн организмдер жалаң эркек же жалаң ургаачы же болбосо эки тең жыныстуулардан болот. Организмде жыныстардын пайда болуусу хромосомаклык жыныстын пайда болуусуна байланыштуу. Мисалы, аарынын, мите жырткыч аарынын, кененин эркектери партенегенез жолу менен пайда болот.
Диплоиддик партеногенез
Ал эми суу бүргөсүнүн ургаачылары диплоиддик, эркектери болсо гаплоиддик болот. Суу бүргөсүнүн дагы бир кызык жагы, жашоого ыңгайланышуусуна шараша мейоздук бөлүнбөйт жумуртка клеткасы диплоиддик болот. Зоока кескелдиригинде партеногенез жолу менен көбөйүүсү башкача жүрөт. Зоока кескелдиригинде мейоздук бөлүнүүнүн алдында жыныс безинде митоз жолу менен бөлүнүүнүн натыйжасында хромосомалардын саны көбөйөт, андан мейоздук бөлүнүү өз ирети менен жүрөт. Бул учурда диплоиддик жумуртка клеткалары уруктанбай эле жаңы ургаачы муундары пайда болот.
Көбөйүү мезгил
Көптөгөн жаныбардын көбөйүүсү белгилүү мезгилге байланыштуу, мисалы, чөп биттери, суу бүргөлөрү, бурмалардын ургаачылары жазында партеногенез жолу менен, ал эми күзүндө болсо уруктануу жолу менен көбөйөт.
Чыныгы партонегенез жолу менен көбөйүүчүлөрдүн, жумурткалары уруктануусуз өрчүйт, мисалы, кавказда жашоочу зоока кескелдириги, мындай көбөйүүчүлөрдө эркек жана ургаачысынын бири-бири менен табышуулары кыйын болсо керек.
Канаттуулардын күрптүн кайсы бир асыл тукумунун партонегенез жолу менен көбөйүүсү байкалган, алардын жумурткадан чегилип чыккан балапандары жалаң эркек болгон.
Мындан бир нече жыл мурун проф. Астауров Б.Л. жасалма партонегенез жолун иштелип чыккан. Бул окумуштуу жасалма партогенезде жибек куртунун бел суусуна тийбей туруп, жумуртканын демилгелүүлүгүн жогорулатуу үчүн механикалык, хим., жылуулук жана электрдик шарттар менен таасир эткен. Бул окумуштуунун тажырыйбасынын негизинде жибек курту менен көбөйүп партоногенез жолу буласы өнөр жайлык жол менен алынган.
Азыркы изилдөөлөрдүн натыйжасында сүт эмүүчүлөрдүн (коендун) уруктана элек жумурткасынын демилгелүүлүгүн жогорулатуу жолу иштелип чыгууда, мындай тажырыйбалардын иштелип чыгышынын иш жүзүндө мааниси чоң.
С) Жооптор 8мин
Окуучулар алган билимдери аркылуу жооп беришет:
Асия: Онтогенез (грек тилинен οντογένεση: ον — жандык жана γένεση — жаралуу, төрөлүш) — организмдин жекече өөрчүшү, түйүлдүк пайда болгондон тартып тиричилигинин акырына чейинки өмүрү.
Талант: Кишинин эмбриогенези негизинен түйүлдүк (эмбрион) жана түйүлдүктөн кийинки (постэмбрион) мезгил болуп бөлүнөт.
Асел: Бир клеткалуу зигота митоз жолу менен бөлүнө баштайт. Зиготанын бөлүнүүсү бөлчөктөнүү деп аталат.
Элиза: Зигота адегенде бластомерлер деп аталуучу, чоңдугу боюнча бирдей узатасынан эки клеткага бөлүнөт, анан 4, анан туурасынан 8, анан узунунан жана туурасынан бөлүнүүлөр биринин артынан бири тез алмашып, натыйжада 16, 32, 64, 128, 236 жана башка көптөгөн клеткалар (бластомерлер) пайда болот.
Зымырат: бөлчөктөнүүнүн натыйжасында – ичинде көңдөйү бар шар түрүндөгү бир катмарлуу түйүлдүк – бластула пайда болот да бөлчөктөнүү мезгили аяктайт.
Максат: Бөлчөктөнүүнүн кийинки мезгилинде клеткалар бөлүүнүүсүн улантып, клеткалардын экинчи – ички катмары өнүгуп, түйүлдүк эки катмарлуу болот.
Зымырат: Эки катмарлуу түйүлдүк гаструллла деп аталат.
Бурулай: Гаструлланын клеткаларынын тышкы катмары – эктодерма, ичкиси - эндодерма деп аталат.
Мархабо: Жыйрылуу жолу менен пайда болуп, эндодерма менен чектелген көңдөй биринчилик ичеги ичеги-карын көңдөйү, анын сырткы тешиги – биринчилик оозу болуп саналат.
Элнура: Түйүлдүктүн андан аркы өрчүүсүндө - мезодерманын пайда болушу, хорданын обочолонушу, ичеги-түтүгүнүн калыптанышы жана борбордук нерв системасынын өрчүшү жүрөт. Ж.б.у.с.