Плазманын курамы жана аткарган кызматы




Мугалим: (Алдын ала үйгө тапшырма берилген) Топтор 1-план боюнча, 2-топ 2-план боюнча презентацияңарды жасагыла!!!

1-топтун презентациясы:

Кан жөнүндө түшүнүк

Кан бул суюк ткан, плазмадан жана кандын бүртүкчөлөрүнөн турат. Кан суюктук болгондуктан кан тамырлар аркылуу жүрөктүн тынымсыз иштешине байланыштуу агып жүрөт. Кан, лимфа жана ткандардын арасындагы суюктуктар адамдын ички чөйрөсүнө кирет. Алар организмди керектүү тамак заттар менен камсыз кылып, андагы клеткаларды жууп, организмдин ички чөйрөсү дайыма өзгөрүлүп туруучу, сырткы айлана чөйрөгө салыштырганда, өздөрүнүн составы жана физико- химиялык касиеттерине жараша туруктуу келет. Аларга темпаратура осмотикалык басымдар ар канддай реакциялар мисал боло алат. Ички чөйрөнүн бир калыпта болушу, франциянын улуу физиологу Клод Вернар айткандай, жашоо турмуштун негизги шартынын бири болуп эсептелет, Ички темпаратуранын бир калыпта болушу, бардык органдардын жана системалардын бир калыпта иштешин камсыз кылып турат. Жүрөктүн токтошу, кандын акпай калышы токтоосуздан өлүмгө дуушар кылат. Ички чойронун бир калыпта болушун борбордук нерв система менен ички секрет бездери калыптандырып турат.

Кан организмде төмөнкү орчундуу кызматтарды аткарат:

· Кычкылтек менен көмүр кычкыл газын ташып жүрөт.

· Организмди керектүү тамак заттар менен камсыз кылат жана иштелип чыккан керексиз заттарды сыртка бөлүп чыгарат.

· Кан тынымсыз агып жүргөндүктөн организмдин темпаратурасын бир калыпта сактайт.

· Кан гормондорду таркатат. Бул гормондор заттардын алмашууларын. Органдардын бир калыпта иштешин жөнгө салып турат.

· Кан коргоочу кызматтарды аткарат. Мында кан организмге түшкөн микробдорду, бактерияларды жок кылат. Ошону менен бирге иммунитеттерди пайда кылып, организмдин инфекциялык орууларды кабыл албоосун күчөтөт.

Мугалим толуктап өтөт:

Кандын көлөмү жана физикалык-химиялык касиети

Эгерде адамдын салмагы 70кг келсе анын организминде 5литр кан бар. Мындайча айтканда салмактын 6-8% кан түзөт. Венадан кан алып туруп пробиркага куюп бир нече минут өткөндөн кийин карай турган болсо кандын бүртүкчөлөрү плазмадан оор келгендиктен чөгүп, анын плазмасы үстүндө калкып калат. Кандын бүртүкчөлөрү 45%, плазмалары 55% түзөт. Кандагы осмотикалык басым 7,6-8,1атм.га барабар келет. Анын 60% натрий хлор туздары түзөт. Организмге кан менен кошо суулар жана минералдык туздар тынымсыз түрдө келип тургандыктан осмотикалык басым дайыма туруктуу келет. Осмотикалык басымдын туруктуу болушу физиологиялык процестердин жүрүшүн, өзгөчө клеткалардын бир калыпта болушун жана алардын көлөмүнүн туруктуулугун сактайт. Мына ошонун натыйжасында кандагы жүрүп турган реакциялар да туруктуу келет. Бул чөйрөдө реакциялар суутектин көрсөтмөсүнө РН колдонулат. Нейтралдык чөйрөдө РН 7 ге барабар. Кычекылданганда РН-7ден азаят, ал эми щелочтонгондо РН 7,36 га барабар келет.

2-топтун презентациясы:

Клеткалардын кыймылын камсыз кылган кан суюктугу: Плазма

Кан клеткалары, б.а. эритроцит менен лейкоциттер өз милдетин аткаруу үчүн бүт денени кыдырышы керек. Бирок муну өз алдынча кыла алышпайт. Клеткалардын аларды кыймылдатуучу ар кандай механизмдери болсо дагы, ичинде кыймылдай турган бир суюктук сөзсүз керек болот. Ичинде айланып жүрүүчү ар кандай клеткалар менен бирге денебиздин бүт тарабын секунда сайын басып өтүп турган бул суюктук – плазма.

Плазма кандын 55%ын түзөт. Плазманын курамында 90% суу, кандагы суу көлөмүн жөнгө салууда колдонулган альбумин, витаминдерди ташууда колдонулган глобулин, кандын уюшунда колдонулган фибриноген, глюкоза жана башка азыктар, клеткалар арасы суюктуктун PH'ын жана суюктук көлөмүн жөнгө салууда колдонулган иондор, майлар, аминокислоталар, витаминдер жана кычкылтек, көмүр кычкыл газы жана азот сыяктуу ээриген газдар бар.

Плазма жеген тамактарыңыздан алынган азыктарды дененин ичине таратат. Клеткалар чыгарган калдык заттарды денеден сыртка чыгаруу үчүн тиешелүү органдарга жеткирет. Эгер плазма мындай ташып-жеткирүү кызматын аткарбаганда, жеген азыктарыбыз эч бир ишке жарамак эмес, кыртыштарга азык жетмек эмес жана чыгарылган калдык заттар натыйжасында дене кыска убакытта ууланып калмак.

Плазманын башка негизги кызматтары;

· кан басымынын белгилүү бир деңгээлде кармалышын камсыз кылуу,

· денеде температуранын бирдей өлчөмдө таралышына көмөкчү болуу,

· кан менен башка кыртыштардын кислоталуулугун белгилүү деңгээлде кармоо.

Плазма белокторунун ар биринин ар кандай функциялары бар. Ал белоктордун үч негизги тобу төмөнкүлөр:

- альбумин

- фибриноген

- глобулиндер.

Плазма андагы заттар жана өзүнүн касиеттери менен дене үчүн маанилүү кызматтарды аркалайт. Алардын эң негизгиси – азыктар менен калдыктарды ташуу. Башка негизги өзгөчөлүгү болсо – бул кан басымын белгилүү бир деңгээлде турушун камсыз кылуу. Жылуулук таратуу да плазманын бир өзгөчөлүгү. Мындан тышкары, плазма кан менен башка кыртыштардын кислота деңгээлин белгилүү деңгээлде кармоо кызматын аткарат.

Плазма «кан суюктугу» болгондуктан, ашыкча терлөө учурунда плазманын көлөмү 50%га чейин азайып, көп суюктук ичилгенде кадимкинин 60%ы көлөмүнө көбөйө алат. Плазмадагы суу болсо кандын негизги элементи. Плазманын ичинде катуу заттар катары белоктор болот. Алар кандын уюшун камсыздоочу фибриноген (кандын уюшу бөлүмүндө терең каралат), кан клеткалары жана дене суюктугунун көлөмүн жөнгө салуучу альбумин жана антителого бай глобулиндер. Булардын арасынан биз үчүн өтө чоң мааниси бар альбуминдерди карап чыгуу туура болот.

Мугалимдин толуктоосу: Альбумин саны жагынан эң көп болгон плазма белогу жана ташыгыч кызматын аркалайт. Альбуминдин жөнөкөй бир ташыгыч эмес экенин белгилеп кетүү керек. Альбумин кандагы холестерол сыяктуу майларды, гормондорду жана өт чыгарган уулуу жана сары түстүү билирубинди ташыйт. Мындан тышкары, сымап, пенициллин жана башка дарыларды да өзүнө жабыштырат. Ууларды боордо калтырып, азык заттары менен гормондорду болсо керектүү жерге алпарат.

Майлардын денеде бир белок тарабынан ташылышынын өтө зор мааниси бар. Эгер майлар альбумин тарабынан ташылбаганда, бүт май молекулалары бир-бири менен биригип, канда шорпонун бетинде чогулган май топтору сымал көзөмөлсүз сүзүп жүрүшмөк. Бул болсо белгилүү убактан соң тамырларда тыгындалууга жана натыйжада өлүмгө себеп болмок.

Гормондор дене ичинде таратылышы керек болгон кабарлардан жооптуу. Алар үчүн да сөзсүз бир транспорт жолу керек. Гормондордун керектүү жерге жеткирилишинде да альбумин белогу кызмат кылат. Эгер альбуминдин гормондорду өзүнө жабыштыруучу мындай касиети болбогондо, чоңойуп өсүшүбүзгө чейинки биз менен байланыштуу бүт функциялар жоголуп, курсагыбыз ачуу, суусоо сыяктуу эч бир сигнал дененин тиешелүү бөлүктөрүнө жете албай калмак. Денеде суу муктаждыгы болуп жатса да, муну сезбей, кыска убакыт ичинде суу көлөмү азайып кетмек жана бул өлүмгө алып бармак. Альбумин – мына ушул укмуштуу кабарчылардын кызматтарын жасай алышы үчүн атайын жаратылган жана эмнени каерге алып баруу керек экенин «билчүдөй» болгон бир белок.

 

.

V. Практикалык бөлүк 8мин (жыйынтыктоо)

Организмдин клеткаларынын нормалдуу кызмат аткарышында кандын курамындагы туздардын өлчөмүнө жараша болот. Аны төмөндөгүчө тушүндурүүгө болот: үч пробиркага 0,9%, 0,2 % жана 2,0% теги, үч түрлүү концентрациядагы туздун эритмесин куйсак, анан үстүнө бир тамчыдан кан кошсок кандагы эритроциттердин абалдары дароо өзгөрөт. Биринчи пробиркадагы суюктуктун түбүнө эритроциддер чөгүп, суюктук тунук калат. Мындай эритмени физиологиялык эритме деп аташат. Физиологиялык эритменин жана плазманын курамындагы хлордуу натрийдин өлчөмү бирдей.

Экинчи пробиркадагы эритмеде туздун өлчөмү плазмадагыга караганда азболгондуктан, кандагы эритроциттер көөп чыгатда анын кабыкчалары жарылат. Анын себеби эритроциттин ичиндеги туздардын өлчөмү көп болгондуктан, алардын ичине суу кирет. Мына ошонун натыйжасында эритроциттердин кабыкчалары жарылат, анын курамынан гемоглобин чыгат да, эритменин өңү кызгылт болуп калат. Ал эми үчүнчү пробиркадагы эритменин курамында плазманын курамына караганда туздун өлчөмү көп болгондуктан, эритроциттер чүрүшүп, эритменин түбүнө чөгүп кетет. Мунун себеби эритроциттердин ичиндеги суу анын кабыкчасынын сыртына чыгат. Жогоруда жасалган эксперименттен чыккан жыйынтык төмөнкүдөй: плазманын курамындагы туздун өлчөмү дайыма физиологиялык эритменин курамындай (0,9%) болушу зарыл. Мына ушундай болгондо гана кан клеткаларынын түзүлүшү жана функциясы нормалдуу болот.

VI. 6. Баалоо 2мин

Сабак учурундагы активдүүлүгү жана жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат.

VII. 7. Үй тапшырмасын берүү 1мин

Таблица толтуруп, конспект жазып келүү. Дептер күндөлүккө жазып алышат.

 



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: