I. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин




Табият таануу жана география факультети

Биология адистиги

Б-13к-2 тайпасы

Сабактын темасы: Организмдин ички чөйрөсү. Кан плазмасы.

А. Билим берүүчүлүк. Окуучулар кан жана кандын плазмасынын курамы, түзүлүшү, аткарган орчундуу кызматтары жөнүндө терең билим алышат.

Б. Өнүктүрүүчүлүк. Окуучулар кан жана кандын плазмасынын курамы, түзүлүшү аткарган орчундуу кызматтары жөнүндө мугалимдин лекциясын угуп, темага байланышкан сүрөт, слайд, видео роликтерди көрүп, сабакка кызыгуусу, ой жүгүртүүсү, илимий дүйнө таануусу, билгичтиктери өнүгөт.

В. Тарбия берүүчүлүк. Окуучулар кандын түзүлүшүн үйрөнүү менен оорулары жана ооруунун келип чыгышы жөнүндө маалыматтарга ээ болуу менен бирге гигиеналык тарбия алышат.

Керектүү каражаттар: Окуу китеби, компютер, темага байланыштуу болгон сүрөттөр, видео, слайд, жана, бор, скоч, ж.б. каражаттар.

Сабактын тиби: Аралаш

Колдонулган усулдар:

- Оозеки (айтып берүү, түшүндүрүү, суроо-жооп, талкуу (дискуция), аңгемелешүү)

- Көрсөтмөлүүлүк (көрсөтмө куралдарды)

-Дептер менен иштөө (сүрөт, таблица, схема, термин, эреже, ачылуу, окумуштуулар жөнүндө маалыматтар жазуу)

-Мультимедиялык (сүрөттөр, таблица, схема, слайд, видео, диофилмь,)

-Практикалык (тажрыйба жүргүзүү)

Сабактын жүрүшү: Сабак төмөндөгүдөй түзүлүштө, 7 этап менен ишке ашат:

1. Уюштуру; 2. Үй тапшырмасын суроо; 3. Жаңы темага киришүү; 4. Жаңы теманы өтүү; 5. Практикалык бөлүк; 6. Үй тапшырмасын берүү; 7. Баалоо.

Сабактын түзүлүшү. Мугалимдин аракети. Окуучулардын аракети. Мин
  Уйуштуруу. Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын карап, жоктп, себебин тактап, сабакка даярдыгын байкап, мээчабуул жасап, класста жагымдуу маанай түзүү менен окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат. Саламдашып, сабакка даярданып, логикалык суроолорго жооп берип, сабакка көңүл буруп, активдешишет. 3мин
  Үй тапшырмасын суроо. Терминдерди чечмелөө Терминдерди чечмелеп беришет 11мин
  Жаңы темага киришүү. Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат. Жаны темага байланыштуу мугалимдин суроолоруна жооп берет, мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат. 2мин
  Жаны теманы өтүү План: I. Кан, кадын курамына жана аткарган кызматы II. Плазманын курамы жана аткарган кызматы Топтор менен иштөө, план боюнча тапшырма берүү     1-топтун презентациясын угуп толуктоо   2- топтун презентациясын угуп толлуктап жыйынтыктоо Презентация жасашат     1-топ өз билгендерин плакат чагылдырып презентация жасашат, мугалимдин толуктоосун угушат   2- топ 1- топтун презентациясын угуп, 2-план боюнча өз билгендерин плакатка чагылдырып презентаця жасашат, мугалимдин толуктоосун угушат 9мин 9мин
  Практикалык бөлүк (жыйынтыктоо) Организмдин клеткаларынын нормалдуу кызмат аткарышында кандын курамындагы туздардын өлчөмүнө жараша болушун аныктоо Организмдин клеткаларынын нормалдуу кызмат аткарышында кандын курамындагы туздардын өлчөмүнө жараша болушун аныкташат 8мин
  Баалоо Сабак учурундагы активдүүлүгү жана жалпы берилген суроолорго жооп бергендиги эске алынып, 3,4,5 деген баалар коюлат. Окуучулар бири-бирин баалайт, мугалим бардыгын эске алып жыйынтык чыгарат. 2мин
  Үй тапшырмасын берүү Таблица толтуруп, конспект жазып келүү. Дептер күндөлүккө жазып алышат. 1мин

 

 

I. Уюштуруу. Логикалык оюн. 3 мин

Мугалим: Саламдашып, доска, стол стулдун тазалыгын карап, жоктоп, себебин тактап, сабакка даярдыгын байкап, мээчабуул жасап, класста жагымдуу маанай түзүү менен окуучуларын сабакка көңүл буруусун каратат.

Ордубуздан турабыз, колдорубузду алдыга сосуз ачабазда, көзүбүздү жумуп, кандай гана проблемабыз, кайгы капачылыктарыбыз болсо салабыз, эми көзүңөрдү ачкыла, ушулардын бардыгын терезе тарапты көздөй атып жиберебиз, артынан күлөбүз, хаха, хихи, эми эч кандай проблема жок, маанайды көтөргөн абалда сабакты баштайбыз.

II. Үй тапшырмасын суроо. 11мин.

Үйгө тапшырмага параграфты окуп,∆ белгиси менен берилген терминдерди чечмелөө жана? мененбелгиленгенсуроолорго жооп берүү берилген. Окуучулардын жооптору:

- Адамдын күчтүүлүгү, шамдагайлыгы, чыдамдуулугу жана ишке жөндөмдүүлүгү, ден соолугунун чың болушу кара жумуш менен эмгектенишине, дене тарбия жана спорт менен машыгуусуна жараша болот. Машыккан адамдын булчуңдарынын, булчуң талчаларынын күчү, жоондугу машыкпаган адамдыкына караганда 2-2,5 эсе чоң болот.

- Дене тарбияда, спортто, кара күч эмгегинде булчуңдар кычкылтекке көп муктаж болот. Ал муктаждык дем алуу жана кан айлануу системасын машыктырат, көкүрөк жана жүрөк булчуңдарын жакшы өрчүтөт. Мына ушунун бардыгы жана башка көптөгөн машыгуунун пайдалуу процесстери ден соолуктун чыңдалышына алып келет.

- Гиподинамия бул – кыймылдын аздыгы болуп, адамдын ишке болгон жөндөмдүүлүгүн басаңдатат, инфекцияга каршы туруктуулукту төмөндөтөт, боордун, көптөгөн ички секреция бездеринин ишин бузат жана организмди бат карытат.

Дене тарбияга көнүгүүнү күчөтүү, күч эмгеги менен иштөө - бул гиподинамияга каршы күрөшүү болуп эсептелет.

Омуртка тутумунун ийрейип же кыйшайышынын себептери болуп төмөнкүлөр эсептелет:

- Көпчүлүк учурда өспүрүмдөр өтө оор жумушту жасаса

- Оор жүктү ташыса

- Бала чакта жана өспүрүм куракта столдо, партада денени түз отурбаса

- Оор сумканы бир жак желкеге тагынса ж.б.у.с

Эгерде жаш кезде тар, бөтөнчө бийик такалуу кийим кийип жүрсө, анда бут кетмени туура эмес калыптанып, тамандын чуңкуру жалпаят, бул жалпак тамандуулуктун өрчүшүнө алып келет. Мында буттун өрчүшү бузулуп, басуу бузулат.

Ушул сыйактуу малыматтар айтылгач мугалим жыйынтыктайт: кесибине жараша көпкө тикесинен туруп же басып жүүрүгө мажбур болгон чөн кишилерде да жалпак тамандуулук пайда болушу мүмкүн. Арка менен ийиндин түз болушушу, төштүн алдыны көздөй чыгып турушу – мына ушулардын баары сымбаттуулуктун, демек ден соолуктун жана жогорку ишке жөндөмдүүлүктүн белгиси.

II. Жаңы темага киришүү

Жаны темага байланыштуу мурдагы темалар боюнча суроолор берүү аркылуу мурдагы түшүнүктөрдү эске алышат.

III. Жаны теманы өтүү

План:



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: