Кусеин Карасаев,профессор




Жана анын тузуучусу.

Китеп 1913-жылы Уфада басылып чыккан.Нукура кыргыз тилинде жазылган.Ал тургай диалект озгочолугу сакталган.Бул китепче тарых эмес,санжыра.Кыргыздын урууларын Он,Солдон тартып,негизги чон урууларды,алардын пайда болушун жазган.Албетте,бул да абдан керек.Китепти тузуучу буткул кыргыз урууларына барып,алардын ак сакалдарынан,санжырачыларынан сураштырып журуп жазган.Мунун илимий аппараты –копту билген карыялар болгон.Ошолордун айтып бергендерин гана кагазга тушургон.Ал жонундо озу да “жазуучу –укканын жазат,айтып беруучуго ишенет.Айтып беруучу эмнени жалгаштырды,алла билет “-деп эскерткен.Бул китепчени жазууга эмне туртку болгонун автор мындай тушундурот:”Кыргыз кырк кыздан деп,шайых Мансурдун акылга сыйбаган создору,ошол корпо,тери алдап алуучулардын созу жаныма батып кетти.Ошон учун он беш жыл антарып,текшерип,биз дагы асыл заттан экенибизди билсин деп,он беш жылдык мээнетимди бир саатча корбой калемимди тыбырата баштадым”дейт,байкуш автор.

Китепченин орфографиясы жана тыныш белгилери жонундо.

Илгери,илгери дегеним –Кокон кандыгы заманында эле кыргыздарга Ташкенден,Букарадан,Кашкардан кожолор кыдырып келип,элди динге ундоп,балдарын окутуп,дин китептерин жаттатып,карындары кампыйтып,коп мал таап кетишкен.Китеп окууга уйроткону менен,жазууга уйроткон эмес.Ан-сезимдуу адамдар оздору эле ошол окуган китептерине ээрчип,озунчо”орфография”менен жазышкан.Буга революциядан мурун жазылып калган документтер кубо боло алат.Кептин кыскасы- ар ким оз билген имласы менен жазган.Анын устуно ошол кезде жазуу жалпы турк элдеринде морфологиялык принципке негизделген.Араб-иран тилдеринен кирген терминдерди бардыгы бирдей жазышкан.Бирок оз тилине ылайыктап окуган.Бул узун ангеме.

Бул китепчени азыркы жазууга откорушум жонундо

Бул автордун китепчесин окуп чыгуунун озу эле мушкул иш.Эгер кыргыздын эле созун арибин ээрчип окусан-дайыны жок эле бир тыбыш айкалышы болуп калат.Муну окуй билиш керек.Мен тажрыйба кылып бир топ адамга окутуп да кордум.Баштары катып,отуруп калып жатышты.Бул китепчени биздин эч бир тарыхчыбыз,тилчибиз,адабиятчыбыз окуп чыкпагандыгына мен кубомун.Окугусу келген адамдар коп болгон,бирок окуй алышкан эмес.Азыркылар окуй албаган сон –кийинки урпак кантип окусун!Мына ушуну эсте тутуп,мен дагы автордун созу менен айтканда тарткан убарамды бир саатча корбой,машинкамды чыкылдата баштадым.Дагы айтам-автор нукура эле кыргыз тилинде жазган.Бир эле кыргыздын нукура созу бир нече турдо жазылган.Тыныш белги деген жок.Бир эле суйломдун арасына нокот да коюлуп калган.Эмне учун минтип калды? Жону мындай го деп ойлойм:кол жазманын редактору татар,арип теруучулор,корректорлор созсуз татар.Автор озу Уфага барып,басылышына жетекчилик кылган эмес. Ошентип,алар-оз билгенинче терип,ондогон.Ошонун натыйжасында нукура эле кыргыздын тили(арибин терип окусан)чаар тил болуп калган.Мен ондоо киргизгеним жок,автордун оюндагысындай бастым.Жалгыз гана тушунуксуз араб-иран создоруно кашаанын ичине тушундурмосун жазып койдум.Мен байыркы орус тилинде жазылган Радищевдин”Москвадан,Петербургга саякат”дегенин кыргыз тили не которгон элем.Мындай машакат чеккен эмесмин. Чеккен машакатым –бир тыйын.Кийинки тукум окуп,алгачкы документ катары бааласа мен ыраазы.Мен китепти мактагым да,жамандагым да келбейт. Келечек тукум озу сындасын.Озу бааласын.Бизде бир жаман адат бар:окубай туруп,китептин мазмунун билбей туруп,”бул китепте манаптарды,уруу башчыларын жазган”деп,керексиз бир сандырак катары баалап журушот.Андай эмес.Ар бир жазылган нерсе-адамдын башынан чыккан.Ал чыгарма качан,кандай доордо,кандай автор жазды-сын коз менен караш керек го.Аны кийинкилердин адил сынына калтырдым.Ушул китепке байланыштуу мындан эки жыл мурун чыккан китептер жонундо да маалымат бере кетейинчи.Балким кереги тийип калар.Азыр мен бере турган маалымат эч жерде жазылбаган жана эч бир окумуштуу да билбейт.

1.”Кысса-и Зилзала”.Жазуучу молла Кылыч Торогелдин.Казань,1911-жыл.Хак мусулият (чыныгы жоопкерчилик –К.К) Эшенаалы Арабаевде.

Кылычтын бул “Зилзаласын” окуган тилчи же тарыхчы деле жокко эсе.Бул да араб тамгасында Казанда чыккандыктан,мунун да имласы абдан эле татаал.Коп создор бузулуп басылган.Анын себеби да ойдо жакта айтылгандай.Бул чыгарма жана ошол эле Эшенаалы Арабаев жана Сарсекеев тузгон биринчи алипбээ “тото окуу”жонундо менин “мемуарымда” толук берилди.Ал “Зилзаланы “ да так “тарых-и кыргызиядай “кылып,жаны тамгага кочуруп басып койгомун.Кызыккан адамдар ошол менин “мемуарымды “карасын (эгер жарык коруп калса).Ошондой болсо да ушул тарых китебине байланыштуу “Зилзаланын “сыртына соода уюмдарынын берген жарнамасын дагы бир жолу келтире кетейин.Татар тилинде;

“Яни басылачак китапляр;

1.Казак кыргыз балалары учун окуу китеби

2.Кыска гана куралчылык китабы.Казак кыргыз балалары учин.

3.Зарзаман.Язувчи молла Кылыч;

4.Кыргызда болуп откон чон адамдардын ашларында болуп откон салтанат.Молла Кылыч.

5.Турлуу куштар.Асыл турк лугатына ярдамчы(турк элинин тушундурмолуу создугуно комок катары –К.К.).Молла Кылыч.

Молла Кылыч жазган китапляр сатылачак:Токмокто Ыкбал китапханасында.Пржеввальскиде Сулейманов яне Абдивалиев магазиндеринде.Каракоо базарында молла Султан Кыргызбаев сатат”

Мына ушундай жарнама жазылган.Казандын архивин издеген адам таап алат го деген менде умут бар.Мен убагында суранып атып командировка ала албай койгомун!

Эми “Мухтасар тарых-и кыргызийаны “жазган Осмонаалы Сыдык уулу тууралуу кыскача маалымат.

Озу Бухарадан окуган экен,Бул маалымат китебинин ичинде бар.Озу араб-фарсы тилин жеткилен тушунгон туру бар.Аны колдонгон терминдеринен байкадым.Ата-бабасы,кайсы уруктан экендиги да китебинде.Ошондон маалымат аласыздар.

1919-жылдан бери пенсия алчу экен.33-жылы камалган.Турмодон качып чыгып,Текеске кетип калган.Кызынын аты – Нурийла.Бир кызын Жакишев Омуркул алган.Аты –Гулбара.Текеске баргандан кийин уйлонуп,бала –чакалуу болгон имиш.Балдары 1955-жылы кочуп келди.Озу ошол Текеста каза тааптыр.Мен билген маалымат ушул.

Осмоналы Сыдык уулу “Тарых-йШадыманийа” деген да китеп жазган.Аны мен илгери окуганмын.Ал китеби деле санжыра болчу.Буга караганда бир топ кенири эле.Озу да мурунку “Тарых-и кыргызийасында”: “Бул окуяны эмки китебибизде толук жазабыз” деп,эки жолу кайталаган.Демек,бул адамдын эмгеги экоо. “Тарых-й Шадыманийасын”мен издеп таппай койдум.Айрым узундулору - Зыяш Бектеновдун архивинде.

Мен Осмонаалы Сыдыковдун ысмын даназалайын деген максат менен китебин жаны тамгага откорбодум.Кыргыз тилинин эстелигинин бир белгиси катары кийинки тукум билсин деп убараландым.”Ыйлагандын козу жаман,суйлогондун оозу жаман”кыла корбогуло!Тек,эл билсин деп жаздым.

Кусеин Карасаев,профессор

Октябрь,1984-жыл,Фрунзе.

Осмонаалы сыдык уулу



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2018-01-08 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: