Боордогу контрол система




Курстук иш

 

Предмети: Кишинин жана жаныбарлардын физиологиясы

Тема: Өт жана уйку безинин организмдеги иш аракеттери

Аткарган: Козубаева Дилноза

Текшерген: Сагынбаева Гүлзада Авазбековна

Рецензент: Илиязов Жоодар Искендерович

Адистиги: Биология

Тайпасы: Б-13К-2

Ош-2016.

Мазмуну

ǀ бап Боор жана өт баштыкчасынын физиологиялык иш аракеттери

1. Киришүү......................................................................................................3

2. Боордогу контрол система......................................................................................4

3. Боордун өзгөчө түзүлүшү......................................................................................5

4. Боордогу каналдар системасы................................................................................8

5. Боор клеткаларынын өзгөчө жөндөмдөрү (функциялары)................................11

6. Боордун өзүн өзү жаңылоо жөндөмү...................................................................15

ǀǀ бап Уйку безинин организмдеги физиологиялык иш аракеттери

7. Уйку бези.................................................................................................................16

8. Уйку безинин химиялык иш аракеттери...............................................................17

9. Уйку безинин өзүн өзү коргоо процесси...............................................................21

ǀǀǀ бап Паталогиясы

10. Боор жана өт баштыкчасында кездешүүчү оорулар..........................................22

11. Өт баштыкчасында таштын пайда болушу..........................................................28

12. Кант диабеди...........................................................................................................31

13. Корутунду................................................................................................................34

14. Колдонулган адабияттар........................................................................................37

 

ǀ бап

Киришүү

К омпьютер инженерлери акыркы жылдары энергияны пайдалануу жагынан эң ийгиликтүү орган катары боорду модель алып башташты. Мунун эң негизги себеби болсо боор бир учурда бир канча процессти эч кемчиликсиз жасай алат. Боор адам денесинин жалпы тартиби менен байланыштуу болжол менен 500 функцияга ээ.

Боор жеген тамактарыбызды дене колдоно ала турган абалга алып келет. Тамак сиңирүү системасынан келген кандын ичиндеги комплекстүү молекулаларды майдалап колдонула турган же сактап коюла турган молекулаларга айландырат. Андан соң пайдалууларды кайра кан аркылуу башка клеткаларга жөнөтөт. Зыяндууларды болсо бир канча процесстен өткөрүп бөйрөктөргө жиберет жана ал жерден сүзүп алынып, заара катары денеден чыгышын камсыз кылат. 1,5-2 кг салмактагы бир «эт жыйындысынын» кан аркылуу бүт азык заттарды иштетилбеген абалда алып, ар кандай химиялык реакциялардан өткөрүп, дененин башка клеткаларына керектүү курулуш материалдарына айландырышы өзүнчө бир керемет.

Боордун негизги кызматы кан аркылуу алган азык заттарын кайра иштеп чыгуу болгондуктан, анын түзүлүшү канды кармап турууга ыңгайлуу болушу керек. Ошондуктан боор губка сымал бир түзүлүшкө ээ. Ал тургай, адам денесиндеги жалпы кандын 800-900 граммы дайыма боор тарабынан сорулган абалда болот. Ушул себептен салмактанган органдын дене ичиндеги атайын орду да башка органдарга зыян тийгизбей турган жана өз кызматтарын жасай ала турган кылып пландалган.

 

Боордогу контрол система

Боордогу системаны бир порттун иштешине окшотууга болот. Ар кандай аймактардан келген бүт жүктөр бир портто топтолуп, ал жерден башка аймактарга таратылган сыяктуу, боордо да денеге керектүү бүт заттар топтолуп, ал жерден дененин муктаждыгына жараша таратылат.

 

 

Боорго кире турган чийки заттарды ташыган кандын бул органга жетиши тамак сиңирүү жолдорунан жана жүрөктөн келген тамырлардан көз-каранды. Тамырлар органдарды бир-бирине белгилүү максаттарда туташтырат. Б.а. дененин ичинде эмне ишке жараары белгисиз же колдонулбаган бир тамыр таба албайбыз. Боорго келген тамырлар да эң кыска убакытта бул органга керектүү санда канды жеткирүүгө милдеттүү. Жүрөктүн сол карынчасынан насостолгон кычкылтектүү кан боор артериясы аркылуу боорго жетет. Денедеги ар бир тамыр кандын боорго барышы керек экенин билгендей болуп, ушул органга багыт алган.

Денебизде айланып бүт клеткалардын муктаждыктарын камсыздай турган кан сапарга чыгаардан мурда жакшылап контрольдон өтүп, кемдери аныкталып, толукталышы керек. Бул жерде боор клеткалары ишке киришет. Ашказан, ичеги жана көк боордон келген кан башка эч жакка бурулбай, түптүз кайра иштетилиши керек болгон жерге, б.а. боорго жеткирилет. Бул органдар ортоктошуп чечим алган сыяктуу, өз милдетин аткарып, боордун маанисин билишет жана ишти ага тапшырышат.

Ашказан, ичеги же көк боордон чыккан кандын боорго эмес, түз жүрөккө барып дененин клеткаларына тарашы ылайыктуу абалга алып келинбеген заттардын жана ал тургай, зыяндуу жана уулуу заттардын да бүт клеткаларга жөнөтүлүшү деген мааниге келет. Бул адамдын өмүрүнө коркунуч туудурат.

Боор клеткалары кан өндүрүшпөйт. Кан боор клеткаларына сырттан келет. Аларга чоочун бир суюктук болсо да, боор клеткалары кандын түзүлүшүн өтө жакшы таанышат. Курамынын кандай болушу керек экенин абдан жакшы билишет. Эгер кандын ичинде кандайдыр бир заттар кем болсо, ал заттарды табышат. Эгер канда талап кылынгандан ашыкча бир зат бар болсо, ал затты сактап коюшат. Кыскасы, боор клеткалары өз милдетин кемчиликсиз жасай ала турган адистикке ээ.

Башка органдардан айырмаланып боор эки башка булактан кан алат. Биринчиси жүрөктүн негизги артериясынан кычкылтекке бай кан алып келген тамыр. Экинчиси ашказан менен ичегилерден азык заттарды ташып келген вена. Бул эки негизги булак боордун кыртыштарына жетип, боордун ичинде көңдөйлөргө бөлүнөт. Боор клеткалары тарабынан кайра иштелип чыккан кан бир даана венада чогулуп, сыртка чыгарылат.

Боордон чыккан кан кайра жүрөктүн оң тарабына жетип, бүт процесстер толукталган абалда денеге тароо үчүн өпкөлөргө айдалат. Көрүнүп тургандай, органдар арасындагы тамыр байланыштары жана кандын кандай кезек менен кайсы органга барышы керек экени да атайын бир пландоо менен белгиленип, система ошол планга ылайык курулган.

 

4. Боордун өзгөчө түзүлүшү

Өмүрүбүздө өтө чоң роль ойногон канды дененин эң бурчтарына чейин чарчабай жеткирген – бул капиллярлар. Кыртыштардын тереңине кирген сайын ичкерген капиллярлардын кабыктары вена менен артериянын кабыктарынан алда канча ичке.

Түзүлүшү заттарды өткөрүүгө ыңгайлуу болгондуктан кыртыштар менен кан арасында дем алуу газдары, суу, ар кандай минералдар, туздар, азыктар, калдыктар, гормондор жана иммундук элементтер тынымсыз өтүп турат.

Боордогу капилляр кабыктарында башка капиллярлардан айырмаланып, коргоочу бир катмар болгон «базальдык катмар» жок. Негизи «жок» деген сөздү колдонуу туура болбойт. Себеби ал атайын ошондой пландалган. Башка органдарда «базальдык катмар» бар болуп, боордогу капиллярларда мунун болбошу натыйжасында тамырлардан келген кан заматта бир губкадай сорулуп, боор клеткаларында иштетилип, денеге өтө бат жана кемчиликсиз жиберилет. Боордун түзүлүшү өз кызматына ыңгайлуу болгондуктан, канды эч кыйынчылыксыз өзүнө алып иштете алат. Жана өндүргөн көптөгөн белокторду да кан плазмасына чыгарып, өмүрү бүтүп канда айланып жүргөн улгайган эритроциттерди өзүнө алып жок кыла алат.

«Базальдык катмардын» боордогу капиллярларда болбошунун канчалык маанилүү экенин дагы бир мисал менен көрсөтөлү:

Суунун жумшак бир топуракка сиңиши бетинде чопо сымал катуу бир катмары бар топуракка сиңишинен оңойураак болот. Дыйкандар өсүмдүктөрдүн түбүндөгү топурак жакшыраак суу өткөрүшү үчүн топуракты чабышат. Чабылбаган өсүмдүктөр жааган жамгырдан аз пайдаланат. Өсүмдүктүн тамырларына минералдар менен суу эч кыйынчылыксыз жете алышы үчүн топурак жакшы өткөргүч болушу керек. Ушул эле көрүнүштү боор жөнүндө ойлонсок, базаль катмары жок жана натыйжада өткөргүчүрөөк болгон боор капиллярлары канды боор клеткаларына өтө бат жеткиришет.

 

Боордогу бассейндер:көңдөйчөлөр

 

Боордун комплекстүү тамыр түзүлүшүндө ичке жаракалар формасында көңдөйчөлөр бар. Көңдөйчөлөрдүн кызматы – сырттан келген канды алып, канды процесстен өткөрүүдө бассейн ролун аткаруу. Боордо эки миллиондон ашык көйдөйчө бар деп эсептелүүдө.

Бир көңдөйчөнүн диаметри ушунчалык кичине болгондуктан, бир эритроцит ал жерден өткүсү келсе кысылып араң өтө алат. Ушунчалык назик нерсе өмүр бою тешилбей, тытылбай кызмат аткарат. Көңдөйчөлөрдүн мынчалык ичке болушунун себебин укканда адам таң калбай койбойт.

 

Боор кан менен келген заттарды синтездөө же тазалоо иштерин жасай алышы үчүн ал заттар сөзсүз боор клеткалары гепатоциттерге барышы керек. Бул жеткирүү ишин аркалаган көңдөйчөлөр боор кыртышында туннель сыяктуу созулуп, усталык менен иштешет. Көңдөйчөлөрдүн өтө так бир эсеп менен белгиленген диаметрлери, каптал түзүлүштөрү жана башка тамырлар менен байланыштары алардын ишине эң төп келет. Боор көңдөйчөлөрүнүн капталдарындагы «fenestrae» аттуу тешик-тешик түзүлүш кандагы 1 ммдин 10000ден биринен кичине бөлүкчөлөрдү боор клеткаларына өткөрүп, андан чоңураактардын болсо боор клеткаларына өтүшүнө бөгөт болот. Көңдөйчөлөр мынчалык тар эмес, кенен болгондо, чоң молекулалуу заттар кан аркылуу оңой эле боор клеткаларына жетип алмак жана ал чоң молекулалар боор клеткаларына зыян тийгизмек.

 

Боордогу ар кандай клетка түзүлүштөрү

Боордо «эпителий клеткалары» жана «бириктиргич кыртыш (ткань) клеткалары» болуп эки түрдүү клетка болот. Ал клеткалар өз милдетин өтө дисциплиналуу жана эч жаңылбай, катасыз орундатышат. Бул дисциплиналуу иштөө системасынын бузулушу адамдын өлүмүнө алып келет.

Мисалы, боор клеткалары глюкозаны кампалап сактап коюуну кокустан токтотуп коюшса, денеге тамак-аш кирбеген учурларда клеткалар энергия жетишсиздигинен улам иштебей калат жана мээ клеткалары да иштебейт. Бул болсо өлүмгө же майыптыкка себеп болот.

 

Бирок мындай болбойт жана клеткалар дал талап кылынгандай, керектүү өндүрүштү жасашат. Боордогу ар бир клетка белгилүү бир максатта жаратылган. Мисалы, боор «Глиссон капсуласы» деп аталган тунук бир бириктиргич кыртыш (ичке кабыкча) менен капталган. Ал кабыкчанын өтө маанилүү бир кызматы бар. Боордун түзүлүшүн ичи суюктукка толо бир губкага окшотсок, ал кабыкча суулуу губка салынган ичке бир пакетке окшошот. Ал кабыкча ичи толо боордун ичиндеги аралашмаларды сыртка чыгарбай кармайт. Ушул бириктиргич кыртыш натыйжасында боор өз түзүлүшү менен ичин коргоп, сырттагы органдардан бөлүнөт.

Бириктиргич кыртыш клеткаларынын кызматы органды каптап коргоп туруу болсо, 1 миллиметр астындагы боор клеткаларынын болсо такыр башка кызматтары бар. Клеткалардын бир-бирине ушунчалык жакын туруп, бирок такыр башка башка иштерди аткарышы өтө таң калыштуу. Эне курсагындагы өрчүү учурунда кээ бир клеткалар боорду түзгөн клеткаларга айланып жатканда, ал клеткалардын жанындагы кээ бир клеткалар тунук клеткаларга айланган. Андан соң ал тунук клеткалар биригип, боорду толук ороп пакеттеп, ичиндеги суюктукту чыгарбай кармап турчу бир кабыкчаны пайда кылган. Натыйжада бир-бирине жабышып турган, бирок кызматы жана түзүлүшү жагынан бир-биринен толук айырмалуу эки клетка тобу келип чыккан. Ал эки клетка тобу арасында так жана жылма бир чек ара пайда болгон. Ар бир клетка –адам эне курсагында өрчүп жаткан кезде эле- өз милдетин, жоопкерчилигин, каерде болушу керектигин билип жаралган жана дене ошонун натыйжасында белгилүү тартип жана келбетте курулган.

Боор клеткаларынын физикалык түзүлүшү да турган жерине жана өз кызматына жараша өз-өзүнчө эң идеалдуу формада пландалган. Мисалы, боорду ороп турган кабыкчага тийип турган клеткалардын кабыгы тегиз. Себеби боор клеткалары менен ал кабыкча арасында өтө тыгыз зат алмашуу жүрбөйт.

Ал эми клеткалар арасында тыгыз зат алмашуу жүргөн жерлерде абал башкача. Ал клеткалардын кабыктарында кошуна клеткаларды көздөй созулган манжа сымал бутактар (микровиллдер) болот. Ал бутактар клеткалар менен кан суюктугу арасында тийишүүнү көбөйтүп, зат алмашууну жеңилдетет. Ал бутактар жайгашкан жерлерге химиялык реакцияларды ылдамдатуучу жана аягына чыгарчу ферменттер да атайын жайгаштырылып, зат алмашуу үчүн ар кандай мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Боорду түзгөн клеткалардын кызматына жана турган жерине эң шайкеш келген физикалык жана химиялык өзгөчөлүктө болушу боордун ичиндеги ар бир майда-бараттын белгилүү бир планга ылайык жасалганын көрсөтөт.

 

 



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: