Алгач, боорду тазалоодон мурда бир нече милдеттүү эрежелерди эске тутуп алыңыз.
Уулуу заттардан спирт ичимдиктеринен, ышталган азыктардан, медикаменттерден, синтетикалык азыктардан кола, чипсы жана башкалардан баш тартуу керек. Боорду тазалаганга эки жума калганда башташ керек. Эттен жана эт азыктарынан (колбасалар, рулеттер, паштеттер), балыктан, сүттөн, каймактан, жумурткадан, нандан, ун жана ундан жасалган азыктардан баш тартыш керек болот. Негизги тизмени чийки жер-жемиштер, кайнатылган же бууда бышкан азыктар түзүш керек. Ошондой эле дан азыктарын, картөшкөнү, күрүч жана гречка боткосун кошсок болот.
Даярданып жатканда лимон кошулган көк чайды ичүү да сунушталат. Бир күндүн ичинде жок дегенде 6 стакан көк чай ичип таасирин көрөсүз. Ысык көк чай зыяндуу жана уулуу заттардын өттөн жан боордон бөлүнүп чыгышын шарттайт. Эки жумалык тазалануудан кийин акырындан мурдагы көнүп калган тамактанууга өтсө болот.
1- Боорду тазалагандан кийин биринчи күнү: эртең мененки тамактанууда кургатылган эки ак нанга жылуу көк чайды куюп даярдайсыз. Түшкү тамак: сууда кайнатылган жарым стакан күрүч. Кечки тамак: эки кургатылган нан көк чай менен. Бир күн бою жүзүмдөн жасалган ширени(колдон келсе кызыл түстүүсүнөн) ичүү абдан пайдалуу.
2- Кечки тамакка кайнатылган жашылчаларды (картөшкө, капуста, кичинекей ашкабактар, сабиз) кошсо болот.
3- Түшкү тамакка кайнатылган жашылчаларды жана тооктун этин (чоң эмес бөлүгүн) кошсо болот. Эртең мененки жана кечки тамак мурунку күндөрдөгүдөй эле болот.
|
Спирт ичимдиктерин таптакыр унутуңуз
Диетадан кийин көнүп калган тамактарыңызды жей берсеңиз болот. Ошондой эле уулуу заттарды көп колдонуп боорду кыйнаштын кереги жок экенин эстеп алыңыз. Сөзсүз түрдө спирт ичимдиктерин унутуңуз. Эт жана эт азыктарын, синтетикалык жана жибитилген, консерва азыктарын көп колдонгондон алыс болуңуз.
Бул жол менен тазалануунун жыйынтыгы сизге сулуулукту, чың ден соолукту жана оптимизмди тартуулайт.
Уйку бези
Уйку бези — тамак сиңирүүчү ири без. Ал эки бөлүктөн туруп, эки түрдүү милдет аткарат. Анын сырткы секреция бөлүп чыгаруучу бөлүгү өзүнүн зилин он эки эли ичегиге бөлүп чыгарат. Бул зилдин составында белок заттарын, майларды жана углеводдорду ажырата турган ферменттер бар. Уйку бези бир суткада 1,5 лге чейин зил бөлүп чыгарат. Бирок, көп учурда уйку бези бөлүп чыгарган зилдин өлчөмү жана химиялык составы ичкен тамактын түрүнө да жараша болот. Мисалы, уйку бези сүткө караганда нанга зилди көп бөлүп чыгарат. Уйку бези карындын артында 1—2-бел омурткасынын тушунда туурасынан жатат. Узундугу 12 —15 смче келип, жоонураак келген баш жагынан, денеден жана куйрукчадан турат. Баш жагын он эки эли ичеги (жумур) курчап жатат. Уйку безинин ар бир бөлүгү түтүкчөлөрү бар майда без баштыкчаларынан турат. Акыры бардык майда түтүкчөлөр чогулуп, анын негизги өткөөлүн түзөт.
|
Бул өткөөл уйку безинин куйругунан башына чейин жетип, жумурга барып куят. Ал эндокрин (ички секреция) безине кирет да, инсулин гормонун бөлүп чыгарат. Уйку безинде гормон — инсулиндин пайда болушунун бузулушу кант диабетине чалдыктырат. УЙКУ КАЧУУ — түнкү уйкунун ар түрдүү бузулуулары (көпкө уктай албоо, аз уктоо, эрте ойгонуу же түнкүсүн бир нече ирет ойгонуу, же такыр уктай албоо). Мындай уйку үстүртөдөн болуп, уйку канбайт. Уйку качуунун себептери түрдүүчө болот. Ал айрым жүрөк-кан тамыр, дем алуу жолдорунун жана психикалык ооруларда, невроздо, мээнин травмасында жана башкалар пайда болот. Кээде дени соо киши да өтө чарчаганда, толкунданганда, өз убагында жатпаганда (түнкү иш, кечки окуу), түнөй турган жер өзгөргөндө, кандайдыр бир оорунун башталышында уйку бузулат.
Улгайган жана кары кишилерде физиологиялык өзгөчөлүктөргө байланыштуу уйку үстүртөн жана кыска болот. Уйку качуу түрдүү себептерге байланыштуу болгондуктан, аны калыбына келтирүү жолдору да ар башка. Дени соо кишилердин уйкусу калыбына келет. Ал үчүн дайыма бир убакта жатуу, бөлмөнү жакшылап желдетүү, жатар алдында сейилдөө, бал менен сүт же кант салынган жылуу суу же мышык тамыр, долононун жалбырагын кайнатып ичүү сунуш кылынат. Уктар алдында 8—10 мин. жылуу ванна алуу да уйкуну жакшыртат. Эгерде андан да уйку калыбына келбесе врачка кайрылуу керек. Врач Уйку качуунун себеби болгон негизги ооруну таап дарылайт.
|
Уйку келтирүүчү дарыны врачтын көрсөтүүсү менен гана пайдалануу керек. Өз алдынча дары каражаттарын колдонуу түрдүү кабылдоого. ага көнүп кетүүгө алып келет. Уйку качуунун алдын алуу үчүн ага себепкер ооруларды алдын ала дарылоо керек. Жатарда ашкере тамак жегенге, ачуу демделген чай, кофе ичүүгө, тамеки тартууга, көпкө китеп окууга болбойт (Шилтеме: Уйку).
Колдонулган адабияттар:
· Альберт А. Избирательная токсичность. - М., Медицина, 1989.
· Альтман Я.А. Локализация звука. - Л.: Наука, 1972. 214 с.
· Андроникашвили Э.Л. Малигнизация и изменение некоторых физико-химических свойств биомакромолекул и надмолекулярных структур // Биофизика. 1987. № 5.
· Бабский Е.Б. и соавт. Физиология человека. - М.: Медицина, 1966.
· Баевский Р.М., Кириллов О.И., Клецкин С.З. Математический анализ изменений сердечного ритма при стрессе. - М.: Наука, 1984. 221 с.
· Барабой В.А. Растительные фенолы и здоровье человека. - М., 1984.
· Батуев А.С. Высшая нервная деятельность. - М.: Высш. шк., 1991. 255 с.
· Батуев А.С., Куликов Г.А. Введение в физиологию сенсорных систем. - М.: Высш. шк., 1983. 247 с.
· Биологическая роль микроэлементов и их значение в медицине. - Томск, 1977.
· Благой Ю.П., Галкин В.Л., Гладченко Г.О. и др. Металлокомплексы нуклеиновых кислот в растворах. - Киев: Наук. думка, 1991.
· Богоявленский Н.А. Индийская медицина в древнерусском врачевании. - М., 1956.
· Бровцын В.К., Зедгенидзе Г.А. Антиметастатическое действие микродоз хлорида ртути (II) // Актуальные вопросы иммунотерапии опухолей. - Юрмала, 1988.
· Вавилов С.И. Глаз и солнце. - М.: Изд-во АН СССР, 1961. 160 с.
· Вавилова Н.М. Гомеопатическая фармакодинамика. Ростов-на-Дону, 1992.
· Венчиков А.И. Биотики. - М., 1962.
· Венчиков А.И. Физиологически активные концентрации некоторых тяжелых металлов и йода // Физиология и токсикология. 1984. N 4.
· Венчиков А.М. Принципы лечебного применения микроэлементов в качестве биотиков. - Ашхабад, 1982.
· Волькенштейн М.В. Молекулярная биофизика. - М.: Наука, 1975.
· Воробьева Т.В., Исаева В.В., Ускова Л.В. Опыт лечения витуридом больных сахарным диабетом // Витурид. Роль ртути в жизнедеятельности организма: Материалы международного симпозиума. - Петрозаводск, 1995.
· Воронин Л.Г. Физиология высшей нервной деятельности. - М.: Высш. шк., 1979. 312 с.
· Вселенная, астрономия, философия. Изд-во МГУ. 1988.
· Гейто Д. Молекулярная психобиология. - М.: Мир, 1969.
· Геллерт Р., Бау Р. Рентгеноструктурные исследования металлонуклеотидных комплексов // Ионы металлов в биологических системах - М., Мир, 1982.
· Генкель П.А. Физиология растений. - М.: Просвещение, 1975. 335 с.
· Гершуни Г.В. Общая характеристика слуха у позвоночных животных // Физиология сенсорных систем. - Л.: Наука, 1972. Ч.2. (Руководство по физиологии).
· Глезер В.Д. Зрение и мышление. - Л.: Наука, 1983. 246 с.
· Глинка Н.Л. Общая химия. - Л., 1989.
· Годфруа Ж. Что такое психология?: В 2 т. - М.: Мир, 1992. Т. 1, 2.
· Голдсмит Д., Оуэн Т. Поиски жизни во Вселенной. 1983.
· Голубева Э.А. Способности и индивидуальность. - М.: Прометей, 1993. 304 с.
· Гончарук Г.А. Экспериментальное исследование влияния пестицидов группы ртутьорганических соединений на генеративную функцию и потомство // Гигиена и санитария. 1971. N 7.
· Гринь Н.В., Ермаченко Л.М. и др. Состояние генеративной функции животных при круглосуточном ингаляционном воздействии смеси ртутьсодержащих солей // Гигиена и санитария. 1981. N 11.
· Давыдова С.Л. Природные макромолекулы в комплексообразовании // Ионы металлов в биологических системах. - М., Мир, 1982.