Жегенге тыюу салынган жемиштер




Коон, инжир, жүзүм жана мейизди колдонууга таптакыр чек коюңуз. Ошондой эле глюкозага бай азыктарды колдонуу өтө коркунучтуу. Анткени, алар канга бат сиңип, дароо кандагы канттын өлчөмүн көтөрүп жиберет.

Туура тамактануу маанилүү

Күнүнө 5-6 жолу өз маалы менен аз-аздан тамактанып туруу сунушталат. Ошондой эле ачка болуп баратканда аны бир стакан айран, чай же пайдалуу, уруксат берилген жер жемиштерди жеп койсо болот. Тамакты жай, жакшылап чайнап жеген жакшы.

Тамакты дайыма чеги менен жеш керектигинин себеби, организмге кошумча глюкозалык күчтү туудуруу эмес, а эң башкысы мындай оору менен ооруганда организмдин эс алып туруусу жана жеңил болушу зарыл экендигинде. Анткени, тамакты сиңирүүдө көп энергия, күч кетет. Ошондуктан тамактануу жеңил жана өз маалы менен болгондо энергия сакталып, кант оорусу менен күрөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ар бир ооруда тамактануунун өзгөчөлүгүн дарыгер жакшылап түшүндүрүп жана көзөмөлгө алып турушу маанилүү.

Тамактанууга оорулуу канты көтөрүлүп кеткенде эле көңүл буруп, көзөмөлгө алганы туура эмес, дайыма баары жакшы болуп калганда да, канттын өлчөмү эң төмөнкү деңгээлге түшкөн учурда да дайыма көзөмөлдөп, туура тамактануусу зарыл. Ошондо гана кант диабет илдетин жеңе аласыз.

Экинчи типтеги кант диабети менен жабыркагандар тамакты чектеп эле калбастан, ар бир жеген азыкка көңүл буруп, уруксат берилбеген тамактарды таптакыр чыгарып, унутуп салып, кылдаттык менен тамактануусу керек болуп калат. Кайдыгерлик кылып, ден соолугуңузга чоң зыян келтирип, өзүңүзгө да айланадагыларга да чоң зыян келтирип кое тургандыгын эсиңизден чыгарбаңыз.

13. Корутунду

Боор – биздин организмдин фильтри жана фабрикасы. Эгер ал дартка чалдыкса, анда башка органдарда да оорулар жаралат. Андыктан боорду ооруга чалдыктырбаш үчүн туура тамактанып, аны убагында тазалап туруу керек. «Кантип?» деген суроо БООРДУН КЫЗМАТЫЖАНА БООР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ – Боордун негизги кызматтары – өттү иштеп чыгаруу, канды чыпкалап тазалоо. Канды суткасына 400 иреттей тазалоодон өткөрөт. Кан менен кошо андагы зыяндуу заттардын баарын (уу, бактерия, вирус, нитрат жана башка) өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат. Эгер мындай заттар организмге тамак-аш, дары-дармек аркылуу көбүрөөк кирип кетсе, боордун аларды зыянсыздандырууга алы жетпей калат. Зыяндуу заттар боордо топтоло баштайт да, боор акырындап дартка чалдыгат. Чыпкалоодон жакшы өтпөй калган кан курамындагы уулуу заттар менен башка органдарды дартка чалдыктырууга өтөт. Ошентип боор ооруса башка органдар да дартка чалдыгышат. Боор оорулары жаралбашы үчүн туура тамактанып, өз алдынча жана химикат дары ичпөө кажет.Боордо нерв клеткалар болбогондуктан,оорубаит сезилбеит.Ошондуктан копчулук адамдар бул ооруну откоруп,оз убагында кам кор кылалбай цероз го айландырып алышат. Боорго жакчу тамак-аштар: кайнатма жана акшактардан жасалган тамактар, канаттуулардын жана жаш малдын майлуу эмес эти, балык, жашылча-жемиштер, кургатылган кактар жана башкалар. Жакпай турган тамак-аштар: майлуу эт, куурулган, ышталган, туздалган жана абдан таттуу, ачуу азыктар, ичимдик, газдалган суусундук, кычкыл жемиштер, уксус жана башкалар.

Маанилүү органдардын бири боор болуп эсептелет

Боордун абалына көп нерсе көз каранды. Маселен, маанайдын көтөрүңкү болушу, теринин сулуулугу, эмоция, энергия, көңүл жана кайгы – мунун баары түздөн түз боордун абалына байланыштуу. Ошондуктан териңиз бузулуп, маанайыңыз чөгүп, шалдырап, бетиңизге тактар чыгып, эң негизгиси кычышчу болсо, анда бооруңуздун начарлап же кыйналып жатканынан кабардар болсоңуз болот. Ошондуктан аны тазалоо канчалык зарыл жана керек экенини айттырбай түшүнүшүбүз керек.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: