Уйку бези тамак сиңирүү процессинин башталганын эле эмес, жеген тамактарыңыздын түрлөрүн да түшүнө алат. Жана жеген тамагыңызга жараша ар кандай сиңирүүчү ферменттерди чыгарат. Мисалы, макарон, нан сыяктуу углеводдуу тамактарды жегениңизде уйку бези чыгарган фермент углеводду майдалоочу касиетте болот. Ал азыктар он эки эли ичегиге барганда, уйку бези углевод майдалоочу касиеттеги «амилаза» аттуу фермент өндүрөт.
Эгер эт, балык жана тоок сыяктуу азыктарды жесеңиз, уйку бези белоктуу тамактарды жегениңизди да заматта түшүнөт. Бул азыктар он эки эли ичегиге барганда бул жолу белокторду майдалай турган ар кандай ферменттер катары «трипсин, химотрипсин, карбоксипептидаз, рибонуклеаз жана дезоксирибонуклеаз» өндүрөт жана ал ферменттер белок молекулаларына чабуул жасайт. Эгер тамагыңызда май көп болсо, бул ферменттер менен бирге «липаз» аттуу майларды сиңирүүчү дагы бир фермент ишке киришет.
Көрүнүп тургандай, бир орган жеген тамагыңыздын эмнелерден тураарын түшүнүп, анан ал тамактарды сиңирүү үчүн керектүү химиялык суюктуктарды өз-өзүнчө чыгарып, аларды керек учурларда гана жөнөтөт. Уйку бези углевод молекуласы үчүн белок майдалоочу, же май молекуласы үчүн углевод майдалоочу суюктук чыгарбайт. Өндүргөн комплекстүү суюктуктарынын химиялык формулаларын унутпайт. Аралашмадагы кандайдыр бир затты унутуп калбайт. Ден-соолугу чың адамдарда уйку бези өмүр бою туура иштей берет.
Эми бул окуяны микро деңгээлде кайрадан карап, бул жердеги кереметтин масштабын жакшыраак көрөлү. Ашказанда тамак сиңирүү уланып жатканда ашказан клеткалары бош турбайт. Ал клеткалардын кээ бирлери ашказанда сиңирилген азыктын белгилүү убакыттан соң он эки эли ичегиге бараарын түшүнөт. Ал клеткалардын бүт ой-тилектери – бул азыктардын адам үчүн эң жакшы сиңирилиши. Ичиндеги жоопкерчилик сезими менен ишке киришкен ашказан клеткалары уйку бези клеткаларына кат жазып (гормон чыгарып), ал клеткаларды жардамга чакырууну чечишет. Андан соң жазган каттарын кан аркылуу уйку безине жөнөтүшөт.
|
Канга койо берилген кат дененин ичинде сапар тартат. Бул сапар учурунда уйку безине келгенде, уйку бези клеткалары катты таанып, ошол замат ачышат. Бул жерде кызыктуу бир жагдай –кан аркылуу дээрлик бүт денени кыдырса да- каттын башка органдардын клеткалары тарабынан ачылбашы жана атайын окулбашы. Бүт клеткалар ал каттын уйку бези үчүн жазылганын, аларга арналбаганын билишет. Себеби каттын бетинде уйку безинин дареги бар. Каттын молекулярдык түзүлүшү уйку бези клеткаларынын мембранасындагы сезгич молекулалар менен гана өз ара таасирлеше тургандай кылып дизайнга салынган. Б.а. ашказан клеткасы пландуу жана атайын чыгарган гормонунун бетине чындап эле бир дарек жазып койгондой. Болгондо да денедеги миллиарддаган даректердин арасынан уйку бези клеткасынын дарегин туура жазган. Ал дарек туура жазылышы үчүн ашказан клеткасы уйку бези клеткасынын бүт өзгөчөлүктөрүн билиши керек.
|
Керемет даректин туура жазылышы менен эле чектелбейт. Ашказан клеткасы жөнөткөн каттын ичинде кабар да бар. Адам денесинин тереңинде бир-биринен өтө алыста жайгашкан эки кичинекей жандык (клетка) кат жазышып, кабарлашышууда. Бир-бирин эч көрбөсө да, бир-биринин кайсы тилди түшүнөөрүн билишет. Болгондо да, бул байланыш бир максатты көздөйт. Эки клетка биримдик түзүп, жеген тамактарыңызды сиңирүү үчүн план түзүшүүдө. Албетте, бул чыныгы бир керемет.
Ага жеткен катты (холецистокинин гормонун) окуган уйку бези эч убакыт коротпой ал каттагы буйрукка моюн сунат. Ошол замат азыктарды сиңирүү үчүн керектүү ферменттерди чыгарып баштайт. Эгер он эки эли ичегиге жеткен азык белок болсо белок майдалоочу бир фермент чыгарат. Эгер азык углеводго бай болсо бул жолу углевод майдалоочу бир фермент чыгарып, ал ферментти он эки эли ичегиге жөнөтөт.
Эми алдыңызга бир кара тактай коюлган жана ал кара тактайдын бетине катары менен бир белок молекуласынын, бир май молекуласынын жана бир углевод молекуласынын формуласы жазылган жана ал молекулалардын атомдук тизилишин көрсөткөн графиктер сызылган дейли. Анан сизге бул үч түрдүү молекулярдык түзүлүштүн ар бирин майдалай турган эң ылайыктуу молекулярдык түзүлүштөгү ферменттердин формулаларын ойлоп чыгыңыз жана ал формулаларды тактайга жазыңыз деген талап коюлсун.
Эгер химия тармагында илим албаган болсоңуз, сизге 1 миллион жыл мөөнөт берилсе да, ылайыктуу формуланы болжолдоп таба албайсыз. Ал молекулаларды майдалай турган ферменттердин формулаларын химияда адис бир киши гана жазышы мүмкүн. Ал киши да ылайыктуу формуланы өз оюна таянып жазбайт. Алган билимине жана мурда ага үйрөтүлгөн маалыматтарга карап гана ал формуланы жаза алат.
|
Демек, уйку бези клеткалары өздөрү өндүргөн ферменттердин химиялык түзүлүштөрүн кантип билет деген суроо өтө маанилүү. Ар бир уйку бези клеткасы төрөлгөндөн башка бул формулаларды билет. Ал маалыматты билип эле койбой, билгендерин эң туура пайдаланып, адамга чарчабай кызмат кылат. Уйку бези клеткалары химия темасында адамдардан алда канча акылдуу жана ийгиликтүү. Себеби адам ал формулаларды чыгаруу үчүн билим алууга мажбур болсо, кичинекей бир клетка бул формулаларды төрөлгөндөн эле жатка билет.
Эч кандай кокустук клеткаларга мындай бийик акылды, мынчалык өзгөчө маалыматты жана ушунчалык жогору бир жоопкерчилик түшүнүгүн бере албайт. Эч бир кокустук клеткалар бир-бири менен байланыш түзө турган, бир-биринен жардам сурай турган бир система кура албайт. Эч бир кокустук бир эле уйку бези клеткасына бир химиялык формуланы да үйрөтө албайт. Эч бир кокустук клеткага колундагы маалыматты туура убакта колдонуу жөндөмүн бере албайт.
Бул системаларды жоктон жараткан жана тынымсыз иштетип адамга кызмат кылдырган күч – Ааламдардын Рабби Аллах.
Уйку безинин денедеги маанилүү кызматтарынын дагы бири – бул кандагы кантты жөнгө салышы. Аны жөнгө салган секрециялар уйку безинин ичинде жайгашкан жана «Лангерганс аралчалары» (Islets of Langerhans) деп аталган кичинекей жабык бездер тарабынан өндүрүлөт. Инсулин жана глюкагон деп аталган ал гормондорго кандагы кантты жөнгө салуу милдети жүктөлгөн.39
Бир тараптан кант чайыңызды ичип, экинчи тараптан тортуңузду жеп жатканда эч качан оюңузга кандагы канттын көлөмүн жөнгө салуу керек деген ой келбейт. Тынымсыз жөнгө салып туруунун канчалык маанилүү экенин да ойлонгон эмес болушуңуз керек. Бирок сиздин ден-соолугуңуздун ушул бөлүгүн кароо милдети жүктөлгөн уйку безиңизде керектүү бүт маалыматтар бар жана ал каныңыздагы канттын көлөмүн өтө тактык менен өлчөйт. Жана керек учурда жетиштүү көлөмдө гормон чыгарып, денеңиздин кант тең салмактуулугун сактайт.
Кандагы канттын көлөмүнүн белгилүү деңгээлде болушу адам жашоосу үчүн шарт. Бирок адам күнүмдүк жашоодо канттуу тамактарды жеп жатканда ал кылдат тең салмактуулукту эсептей албайт. Себеби бүт адамдар үчүн бул эсеп тынымсыз жасалып турат.
Кандагы канттын көлөмү жогорулаганда, уйку бези мунун кабарын ошол замат алып, инсулин аттуу атайын бир затты чыгарат. Ал зат боорго жана денедеги башка клеткаларга кандагы ашыкча кантты кармагыла деп буйрук берет. Эгер кандагы канттын көлөмү азайса, уйку бези муну да ошол замат билип, «глюкагон» аттуу башка бир гормон чыгарат. Натыйжада боор мурда жыйнап койгон кант запастарын белгилүү процесстерден өткөрүп, канга кайра берет.40 Кандагы канттын көлөмү –ооруган учурлардан тышкары- ушул процесстер натыйжасында эч качан кооптуу деңгээлге жетпейт.
Күнүмдүк жашоодо сиздин уйку безинен да, инсулинден да, боордон да кабарыңыз болбойт. Каныңыздагы канттын көбөйгөнүн байкабайсыз, ал тургай, алдыңызга канттын көлөмү эки түрдүү болгон эки шише кан коюлса, аларды айырмалай албайсыз. Бирок сиз эч качан көрүп, билбеген кээ бир клеткаларыңыз каныңыздагы кантты лабораториядагы аспаптардан бир топ тактык менен өлчөп, эмне кылуу керектигин заматта чечип, керектүү чараларды көрүшөт.
9. Уйку безинин өзүн өзү коргоо процессе
Уйку безинин секрециялары өзүнө
кантип зыян тийгизбейт?
Көптөгөн майдалоочу фермент чыгарылган уйку безинин өзүн-өзү сиңирбеши өтө таң калыштуу. Негизинен белоктон турган уйку бези өзү чыгарган белок майдалагыч ферменттердин эч биринен жабыркабайт. Мындай коргонуу системасы өтө таң калыштуу жана укмуштуу ишке ашат.
Уйку бези чыгарган белок майдалагыч ферменттер алгач активдүү эмес абалда чыгарылышат. Ал ферменттер андай абалда белокторду жана натыйжада уйку безинин өзүн майдалай албайт.
Бирок он эки эли ичегиге жөнөтүлгөн ферменттер денеде ошол аймакта гана кездешкен өтө өзгөчө бир зат менен биригип, ошол кезде өзгөрүп башташат. Ичке ичегиде чыгарылган «энтерокиназ» аттуу зат менен бириккен ферменттер заматта активдүү болуп калат. Б.а. белокторду майдалай ала турган касиетке жетишет.41 Бирок бул жерде уйку безинде чыгарылган бир заттын ичегиде чыгарылган башка бир затка толук шайкеш келип, биригишине токтолуу керек.
Бул эки молекула мурда эч жолуккан эмес. Эки башка жерде чыгарылышат. Анткен менен, бул эки башка молекула бири-бирин толуктап, натыйжада белгилүү бир максатка кызмат кылышат. Бул, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө мүмкүн болбогон кереметтүү бир окуя.
Болгондо да, уйку безинин өзүн-өзү сиңирип жиберишине бөгөт болгон кереметтүү системалар муну менен эле чектелбейт. Уйку безинен белок майдалоочу дагы бир фермент «трипсин» чыгарылат. Бирок аны менен бирге трипсин уйку безин майдалабашы үчүн ал затты нейтралдаштыра турган «трипсин ингибитор» аттуу атайын бир зат да чыгарылат. Чогуу чыгарылганда эч кандай таасири болбогон бул эки фермент он эки эли ичегиге келгенде бөлүнүп кетишет. Бул бөлүнүү трипсинди кандайдыр бир мааниде эркиндикке чыгарат жана трипсин ичегилерге келген азыктардагы белокторду майдалап баштайт.42 Эгер бул эки зат эртерээк бөлүнүп кеткенде, трипсин уйку безинин өзүн майдалап салмак. Эгер эч бөлүнбөй койсо, анда азыктардагы белоктор майдаланбай калмак. Бирок бул мисалдан да көрүнүп тургандай, денебиздеги процесстердин баары талап кылынган убакта, талап кылынган жерде ишке ашат. Уйку бези дал керектүү учурда керектүү заттарды чыгаруу керектигин билет, ферменттер бир-биринен бөлүнгөндө ишке киришишет.
ǀǀǀ бап Паталогиясы
10. Боор жана өт баштыкчасында кездешүүчү оорулар
Боор – биздин организмдин фильтри жана фабрикасы. Эгер ал дартка чалдыкса, анда башка органдарда да оорулар жаралат. Андыктан боорду ооруга чалдыктырбаш үчүн туура тамактанып, аны убагында тазалап туруу керек. «Кантип?» деген суроого тиешелүү адистер жооп берди.
БООРДУН КЫЗМАТЫЖАНА БООР ООРУЛАРЫНЫН АЛДЫН АЛУУ
Булар тууралуу Бишкектеги «Улуттук хирургиялык борбордун» боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси АСАНБЕК СЫДЫГАЛИЕВ баяндайт:
– Боордун негизги кызматтары – өттү иштеп чыгаруу, канды чыпкалап тазалоо. Канды суткасына 400 иреттей тазалоодон өткөрөт. Кан менен кошо андагы зыяндуу заттардын баарын
(уу, бактерия, вирус, нитрат жана башка) өзү аркылуу өткөрүп, аларды зыянсыздандырат.
Эгер мындай заттар организмге тамак-аш, дары-дармек аркылуу көбүрөөк кирип кетсе, боордун аларды зыянсыздандырууга алы жетпей калат. Зыяндуу заттар боордо топтоло баштайт да, боор акырындап дартка чалдыгат. Чыпкалоодон жакшы өтпөй калган кан курамындагы уулуу заттар менен башка органдарды дартка чалдыктырууга өтөт. Ошентип боор ооруса башка органдар да дартка чалдыгышат.
Боор оорулары жаралбашы үчүн туура тамактанып, өз алдынча жана ашыкча дары ичпөө кажет.
Боорго жакчу тамак-аштар: кайнатма жана акшактардан жасалган тамактар, канаттуулардын жана жаш малдын майлуу эмес эти, балык, жашылча-жемиштер, кургатылган кактар жана башкалар.
Жакпай турган тамак-аштар: майлуу эт, куурулган, ышталган, туздалган жана абдан таттуу, ачуу азыктар, ичимдик, газдалган суусундук, кычкыл жемиштер, уксус жана башкалар.
БООРДУ ТАЗАЛОО ЖОЛДОРУ
АЙРАН ЖАНА БАЛ МЕНЕН
КАБЫЛЖАН ЮЛДАШЕВ, тибеттик медицина боюнча адис:
– Эртең менен ачкарын 200 грамм айранга 1 аш кашык бал кошуп ичүү кажет. Ошону менен саат 11ге чейин тамак ичпөө зарыл. Муну 10 күн кайталап, анан 10 күн эс алып, кайра баштай берсе болот.
СУЛУНУН КАЙНАТМАСЫМЕНЕН
ДҮЙШӨНБЕК ЧОМО УУЛУ, табып:
– Кечинде 1 стакан сулуну сырдалган идишке салып, 1 литр кайнаган сууга чылап коёбуз. Эртең менен ал идишти ичинде ысык суусу бар башка идиштин ичине (мисалы, мискейге) салып, 1 саат кайнатабыз. Анан муздатып, сүзөбүз. Сүзгөндө сулунун кайнатмасы 1 литрден азаят. Андыктан тундурма 1 литр болгудай кылып, үстүнө кайнаган суу кошобуз. Анан 5 маал 150 граммдан ичилет. Рецепт 16 жаштан жогоркуларга сунушталат.
ШИРЕ ЖАНА СОРБИТ МЕНЕН
АЙША КАПАРОВА, гастроэнтеролог:
– Боорго зыяндуу заттар толо баштаганда көпчүлүк адамдардын териси, айрыкча кол-буту кычышып баштайт, тери кургайт. Демек, боорду тазалоо кажет. Бул ыкма ичине 3 этапты камтып, боор менен кошо өт жолдорун да тазалайт. 1 жылда 2 ирет колдонсо жакшы.
1-этап. 3 күнгө созулат жана диета кармоо менен жашылча-жемиш ширелери ичилет. Бир күндө 1-1,5 литр.
Диетада тамак 4 маал аз-аздан ичилет. Жалаң кайнатма тамактар сунушталат. Коёндун, торпоктун, канаттуулардын этин сууга бышырып жесе болот. Перловка, гречка боткосун жесе, организмден уулардын чыгышын шарттайт. Жашылча-жемиштерди, өзгөчө капуста, кызылча, ашкабакты тамакка көп колдонсо, ичегилер да тазалана бермекчи. Ун азыктарын чектеп, таттуу, ышталган, куурулган, туздалган азыктарды жебеш керек.
2-этап. Шире ичүү токтойт, бирок диета кармоо дагы 7 күнгө созулат.
3-этап. 7 күндөн кийин бизге сорбит (жасалма кант, кант диабети менен ооругандар колдонот) же магний сульфаты керектелет. Магний сульфаты өт айдоочу жана ичти өткөрүүчү каражат. Эртең менен эрте ачкарын экөөнүн биринен 1 аш кашык алып, аны 100 грамм жылуу сууга кошуп ичүү кажет. Анан жылуу төшөккө жатып, боордун тушуна 2 сааттай жылуу грелка басуу кажет. Анткени жылуудан өт жолдору кеңейет да, жакшы тазаланат. Анын үстүнө эгер магний сульфатын ичсеңиз, ал чыйрыктырат, грелка ушул үчүн да керек.
Кокус грелка жок болсо, анда желим бөтөлкөгө жылуу суу куюп колдонсо болот.
Бул ыкма 1 гана жолу колдонулат.
Кааласаңыз үч этап бүткөндөн кийин боорду жашартуучу дарылардын бирин иче баштасаңыз болот. Кандай дары экенин врачтан сурасаңыз, айтып берет.
Эскертүү: Боорунда, өтүндө, бөйрөгүндө жана табарсыгында ташы барларга бул ыкма болбойт. Колдонулган каражаттардын таасиринен улам кокус таш жылып кетип, өт жолдорун тосуп калса, карышуу, түйүлүү (спазм, приступ) келип чыгат. Өмүргө коркунуч келиши да мүмкүн.
Мурун өтүн алдыргандар көбүнчө жашы ортолоп калгандар болсо, учурда 15 жаштагы өспүрүмдөрдү да кездештирүүгө болот. Мунун себептери эмнеде? Суроону чечмелөө үчүн жардамга Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун хирургу, профессор, медицина илимдеринин доктору Эрнис Алыбаевди чакырдык.
ӨТ КАЙДА ЖАЙГАШКАН, КАНДАЙ МИЛДЕТТИ АТКАРАТ?
Өт баштыкчасы – боордун алдында жайгашкан орган. Узундугу 8-14, ал эми туурасы 3-5 сантиметрге жетет. Ичине 60 миллилитрге чейин өт суюктугу батат. Боордо иштелип чыга турган өт суюктугу боор жана өт жолдору деп аталган түтүкчөлөр аркылуу өт баштыкчасына барып куюлуп топтолуп турат жана анда
15 эсе коюуланат. Курамында суу, өт кычкылдары, өт пигменттери (билирубин, биливердин), лецитин, холестерин, фосфатаза ферменти жана калий, натрий, кальций туздары бар.
Адам жеген тамактар ашказанга барып түшкөн сайын өт баштыкчасы жыйрылып, өт суюктугу он эки эли ичегиге куюлуп турат. Жана андагы тамактагы майларды (каймак, өсүмдүк, балык, эттин майы жана башка) эритип, алардын организмге сиӊишине көмөктөшөт. Андан тышкары өт суюктугу ичегилердин булчуӊдарынын иштешин активдештирип, организмдеги аминокычкылдардын, холестерин, кальций тузунун сиӊишин камсыздап, бактериялардын көбөйүшүнө тоскоолдук кылат.
Өт баштыкчасы он эки эли ичегиге өт суюктугун куюп бергенден кийин анын орду кайрадан толо баштайт. Башкача айтканда, боор 1 суткада 1-1,5 литр өт суюктугун иштеп чыгарып турат.
КАЙСЫУЧУРДА АЛЫП САЛУУ КЕРЕКТЕЛЕТ?
1. Өттүн таш оорусунда
Таштын пайда болуусуна 2 фактор себеп болот:
· Өт баштыкчасында өт суюктугунун туруп калышы (убагында он эки эли ичегиге куйбай).
· Зат алмашуунун бузулушу менен баштыкчада туздардын деӊгээлинин жогорулашы.
Жогоруда айтылгандардан улам өт суюктугунун курамындагы холестерин, билирубин, кальций туздары катып, кристаллдашып ташка айлана башташат.
Таштын жаралышына тамакты ашыкча же анда-санда бир жеш, аз кыймылдуулук, семирүү, кант диабети, өнөкөт холецистит, тукум куучулук, жаш курак, гени өзгөртүлгөн азыктарды (ГМО) көп колдонуу да түрткү болот.
Көбүнчө унаада узак мөөнөт силкинип чайпалууда, чуркаганда, өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды жегенде өт баштыкчасындагы таш жылып, өт жолун бүтөп калат. Мындай учурда боордо иштелип чыккан суюктук агып чыга албай, боордун өзүн шишитип, чоӊойтуп жиберет. Андан тышкары акпай туруп калган өт суюктугунда микробдор көбөйүп, өт баштыкчасын ириӊдетет. Ириӊдегенден улам өт баштыкчасы жарылып кеткен учурлар кездешет. Ириӊден өттүн, боордун тегерегиндеги ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Ириӊ канга аралашып, бүт организм ууланат. Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу таркап (боордун ичиндеги өт жолуна да кирет), өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.
Таш өт жолун бууп калганда катуу оорутуу (приступ) жаралат. Тыгылып калган таш кайра артка жылып ордуна туруп калганда приступ таркайт. Минтип жүрүүгө адам көнө баштаганы менен оору өтүшүп, башка органдарга да кесирин тийгизерин эске алуу кажет.
Андыктан өттө таш пайда болсо, анын саны бир же экөө же көп болгонуна карабай өт баштыкчасын алып салуу керек. Башкача айтканда, оорунун тереӊдеп кетишине жеткирбөө кажет.
2. Өт баштыкчасында эт өсүп кеткенде (полип)
Мунун пайда болушуна деле ашыкча же сейрек тамактануу, майлуу тамактарды көп жегендик себепчи.
3. Өт баштыкчасынын шишигинде (рак)
4. Өт түтүкчөсү сезгенүүдөн улам ийрейип, бүтөлүп, өт суюктугун өткөрбөй калганда.
Бул көбүнчө түтүкчөгө бактериалдык инфекциянын кирип кетишинен болот. Мисалы, ичеги таякчасы, стафилококк, энтерококк.
ӨТҮ АЛЫНГАН АДАМДЫН ТАМАКТАНУУСУ
Өт баштыкчасы алынган соӊ өт түтүкчөсү он эки эли ичегиге түз кошулуп коюлат.
Адам өтү алынгандан кийин 1 айдай диета кармоосу зарыл. 5 маал аз-аздан сууга жана бууга бышырылган тамактарды жеш керек. Каймак май (сливочное масло), өсүмдүк майын, сүт азыктарын колдонсо жакшы. 1 айдан соӊ кадимкидей тамактана берсе болот. Бирок диеталык тамактар организмде оорулардын жаралышынын алдын ала тургандыктан ошондой тамактарды ичип, калган органдарды сактоо туура.
ӨТТҮН АЛЫНЫП КАЛЫШЫНА ЖЕТКИРБӨӨ
Башкысы өт ооруганда дароо врачка барып текшерилип, дарылануу. Тактап айтканда, өнөкөт холециститке, өт баштыкчасында таштын пайда болуусуна жана башка ооруларга жеткирбөө. Убагында туура тамактануу, куурулган, майлуу тамактарды азайтып, кайнатма тамактарды көбүрөөк жеп-ичүү. Гени өзгөртүлгөн азыктарды мүмкүн болушунча колдонбоо, жугуштуу ооруга чалдыкканда дарылануу керек жана башка.
САНДАР СҮЙЛӨЙТ
Маалыматка таянсак, Кыргызстандагы хирургиялык операциялардын 60 пайызынан көбү холецистэктомияга (өттү алдыруу) туура келет. Мисалы, 1 жылда Бишкектеги Улуттук хирургия борбору менен №1-шаардык клиникалык ооруканасында эле 1500дөй холецистэктомия жасалат. Өтүн алдыргандардын жаш курактары 15-90 жашка чейин.
Бүгүн өттө таштын эмнеден пайда боло тургандыгы жана аны дарылабаса түбү эмнеге алып келери, дарылоо ыкмалары жана башкалар боюнча сөз кылабыз. Бул туурасында Улуттук хирургия борборунун ашказан жана он эки эли ичеги хирургиясы бөлүмүнүн жетекчиси, профессор Алыбаев Эрнис Урбаевич менен маектешкен элек.
11. Өт баштыкчасында таштын пайда болушу
– Алгач сөздү өттө таш эмне себептен жана кандайча пайда боло турганынан баштасак...
– Жакшы болот. Таш өт баштыкчасында жана өт жолдорунда пайда болот. Бул оору боюнча баяндоодон мурда өт жана өт суюктугу тууралуу айтуу кажет.
Өт суюктугу боордо иштелип чыгат. Анын канча бир бөлүгү өт баштыкчасында топтолот. Өт баштыкчасы чоюлчаак орган, узундугу – 12-18 сантиметр. Ага 200 миллилитр өт суюктугу батып кетет. Боордо бир күндө 1-1,5 литр өт суюктугу иштелип чыгып, өт баштыкчасына куюлуп, анда 15 эсе коюланат. Эми коюланган суюктук өт баштыкчанын чоң түтүкчөсү аркылуу он эки эли ичегиге куюлуп, андагы тамактагы майларды эритип, организмге сиңирет. Ушундан улам энергия жаралат. Эми оорунун келип чыгуусуна келсек, анын бир нече себептери бар. Алар төмөнкүлөр:
Өт кислотасы менен холестериндин тең салмактуулугунун бузулушу. Өт суюктугунун курамында өт кислотасы жана холестерин бар. Холестерин – боор иштеп чыга турган май. Өт суюктугунда холестерин ашыкча болуп, өт кислотасы жетишпесе, өт баштыкчасында таш пайда боло баштайт. Өт суюктугунда холестериндин ашыкча болушу адам семиргенде, жогорку калориялуу тамак-аштарды, жаныбарлардын майын, кантты, таттууларды көп жегенден келип чыгат.
Арыктоо. Адам арыктоо үчүн катуу диета кармаганда да таш пайда болот. Анткени организм энергия алуу үчүн тери алдындагы май клеткаларды пайдалана баштайт. Мындай кезде ткандардан холестерин көп өлчөмдө чыга баштайт да, кан менен өт баштыкчасына барат. Өт кислотасы анча көп өлчөмдөгү холестеринди эритүүгө жетишпейт да, таш пайда боло баштайт.
Жаш курак. Адам картайганда өт баштыкчасынын иштөөсү төмөндөйт да, анда туруп калган өт суюктугу жабышкак, илешкек тартып, акырындан ташка айлана баштайт.
Тукум куучулук, суунун сапаты жана башка факторлор. Кыргызстандагы суулардын курамындагы туздун көптүгү жана көп жерлерде иче турган суунун таза эместиги өттө ташты пайда кылуучу себептердин бири болуп саналат.
“Таштан улам өт ириңдеп кетет”
– Оору пайда болду дейли, эми оорутуунун белгилери жөнүндө айтсаңыз...
– Өт баштыкчасы боордун алдында жайгашкандыктан, оорутуу алгач оң капталдагы кабырганын түбүндө байкалат. Муюп оорутуудан баштап, чыдатпай курч кармаган түрүнө чейин (приступ) жетет. Сейрек кездешүүчү белгилерине оорутуунун далынын ортосуна, ийинге, кээде жүрөккө да берилиши кирет. Адамдын оозу кургап, оору өтүшүп баратса кусат. Таш өт жолдорун бүтөп калганда тери саргаят (анткени өт суюктугунун өңү сары).
– Оорутуу эмнеден келип чыгат?
– Көбүнчө адам өтө майлуу, куурулган же ачуу тамактарды көп ичкенде өт баштыкчасында пайда болгон таш жылып, өт жолдорун бүтөп калат. Ошондо боордо иштелип чыгылган суюктук агып чыга албай боордун өзүн шишитип, чоңойтуп жиберет. Андан тышкары, акпай туруп калган өт суюктугунда инфекциялар көбөйүп, өт баштыкчасын ириңдетет. Ириңдегенден улам өт баштыкчасы жарылып да кетет. Мындан сырткары, ириңден өттүн, боордун тегерегинде жайгашкан органдар: ашказан, уйку бези, он эки эли ичеги да сезгенип, ооруй баштайт. Нерв, кан аркылуу бүт дене ууланат.
Акырындап өт баштыкчасындагы майда таштар түтүкчөлөр аркылуу өт жолдоруна таркап (боордун ичиндеги өт жолуна да кирет), өт суюктугу денеге тээп, тери саргаят.
Эгерде дарылабаса, оору кайталанып жүрүп, акырында рак оорусуна айланып кетиши мүмкүн (3-5 пайыз). Ошондуктан оорунун өтүшүп кетишине жеткирбей операция жасалса жакшы. Операция кеч жасалса, анда запкы тарткан органдардагы оору ошол бойдон кала берет. Мисалы, өттөгү таштын айынан уйку бези, боор ооруга чалдыкса, ал оорулар ошол бойдон кала берет. Андыктан башка органдар запкыга чалдыга электе операция жасатуу – акылдуулук.
– Таштын түрлөрү, өңдөрү кандай болушу мүмкүн?
– Күрөң, сары, ак, жылтыраган жана башка түрлөрү кездешет. Майда кум түрүндөгүсүнөн баштап чоңдугу 7-10 сантиметрге чейинкилери кездешет.
“Операцияны мыкты врач жасабаса, адам майып болуп калат”
– Дарылап айыктыруу жолдору тууралуу айтсаңыз...
– Колдонулуучу негизги ыкма – хиругиялык жол менен өт баштыкчасын алып таштоо. Бул холецистэкомия деп аталат. Таштын майда-чоңуна жана саны бирөө же көп экендигине карабай өт баштыкчасын алып салуу зарыл. Анткени таш пайда болгондон кийин өт баштыкчасы акырындап чирип кетет. Чириген нерсени алып таштабаса, ал инфекциянын булагы болуп тура берет эмеспи. Кум өңдүү майда таштар чоңдоруна караганда коркунучтуу болот. Себеби түтүкчө аркылуу денеге тарап кетиши мүмкүн.
– “Операциясыз эле дары чөптөр менен ташты эритип жиберүүгө мүмкүн” деген чынбы?
– Кытай медицинасына, элдик медицинага, эмчи-домчуларга кайрылгандар көп. Аларга баруу эч кандай натыйжа бербейт. Анткени таштарды чөптөр эритип жибере албайт. Болбосо өнүккөн өлкөлөр, мисалы, Кытай, Япония, Америка, Европа өлкөлөрү операциясыз эле оорукчандарды дарылап айыктыра беришпейт беле?! Ошентип, ооруканага кайрылбагандар өт таштары денеге таркап, оору кабылдап кеткенде келишет.
– Райондун, облустун борборлорунда операция болуп, бирок айыкпай борборго, сиздердин бөлүмгө келгендер көп экендиги тууралуу уктук эле...
– Туура. Анткени операцияны дасыккан адистер гана жасашы керек.
Райондун, облустун борборундагы ооруканалардагы айрым дасыкпаган врачтар операция жасаганда өттүн кан тамырдай майда түтүкчөлөрү кесилип калып жатат. Ушундан улам айыкпай эле майыптыкка чалдыгып калгандар бар. Өлүм коркунучуна чалдыккандар 30-40 пайызга чейин жетет. Көбүнчө мындайлар биздин бөлүмгө Тоң, Жумгал, Жети-Өгүз райондорунан жана Ош облусунан келип жатышат. Бизге келишкенде кайрадан операция жасайбыз. Бирок оорулары тереңдеп кеткендиктен, операция жакшы натыйжа бербей калат. Андыктан операцияны дасыккан мыкты адистерге гана жасатуу жакшы. Ошондо майып болуу коркунучу же өлүмгө кабылуу коркунучу жок болот, адам 2-3 операцияны да башынан өткөрүп кыйналбайт.
“Аппарат менен операция жасалса жакшы”
– Операциянын түрлөрү кандай?
– Учурда 3 түрү бар:
Классикалык түрү. Муну кадимкидей ачып жасоо ыкмасы десек болот.
Лапароскопиялык аппарат менен жасоо түрү. Операциядан кийин адам бат басат, бат калыбына келет. Жаранын тырыгы көп билинбейт. Бирок мындай аппарат өлкөбүздө биздин гана бөлүмдө бар экендигин айта кетейин.
Мини-лапаротомиялык түрү. Бул деле аппарат менен жасалат. Операция болчу жер 5-6 сантиметр эле кесилет.
– Сиздердин бөлүм дагы кандай ооруларды айыктырууга ыңгайлашкан?
– Биздин бөлүм ички органдардын бардык ооруларын хирургиялык жол менен дарылап айыктырууга ыңгайлашкан. Геморрой, альвеококкоз, боордун циррозу, эхинококкоз, ички органдардын рагы, ашказан жана он эки эли ичегинин жарасы жана башка ооруларды айыктырабыз. Ички органдарына бычак же ок жеп келгендер да биздин бөлүмдө операция болуп, сакайып кетишет.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңиздерге ийгилик!
Кант диабети
Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездеринин куйрукча жагындагы уйку без сезгенгенде, бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. Бул илдет менен айрыкча спирт ичимдигин ашкере ичкендер жабыркашат. Уйку безинин сезгениши да өзүнчө бир ооруу. Кээде өтө майлуу тамактарды жегенден уйку без жабыркайт. Бездин да түтүкчөлөрү бар. Ошол түтүкчөнүн ичинде "панкреатикалык сок" деген болот. Анын ичинде инсулин бар, ошол түтүкчөлөр жабыркаганда, уйку бездер сезгенет, инсулин чыкпай калат. Кант диабетинин пайда болушуна – тукум куучулук, адамдагы маанай чөгүүчүлүктөн, кыжалаттыктан келип чыккан стресстик абал, ар кандай вирустук инфекция жана дененин кайсы бир жеринен жаракат алуу алып келиши мүмкүн.
Белгилери
Кант диабетинин алгачкы белгилерине – суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо мүнөздүү. Адам суусайт, канчалык суу ичсе дагы суусуну канбайт. Кээде 5-10 литрге чейин ичет, оозу кургайт. Сууну көп ичкендиктен түнкүсүн дааратканага тынбай чуркайт. Ушул үч белгини байкабай жүрө берсе, адамдагы кандын курамындагы кант 20- 25ге чыгып кетет. Негизги кандын курамындагы канттын нормасы 4 - 4.5м.миллитр болушу керек.
Кант диабети бул - канда глюкозанын жогору болушу менен байланышкан өнөкөт оору же башкача айтканда гиперлейкемия абалы деп аталат. Муну менен балдар да, чоңдор да жапа чегишет. Ал биринчи типтеги жана экинчи типтеги диабет болуп өз ич ара экиге бөлүнөт.
1- типтеги диабетте организмде инсулин аз иштелип чыгат же таптакыр жок болот. Анда вирустук инфекциялар, курчап турган айлана-чөйрөнүн терс таасири, туура эмес тамактануу чоң роль ойнойт. Экинчи түрү менен негизинен ашыкча салмактагы чоң адамдар оорушат. Аларда инсулин жетишээрлик өлчөмдө иштелип чыкканы менен организм гормондордун таасирине начар жооп бергендиктен, инсулиндин жетишсиздиги пайда болот. Ал эми диабет оорусу менен жапа чеккендердин 90 пайызы экинчи тибине киришет.