Боордогу каналдар системасы




Боор ичинде миллиондогон каналы бар өзгөчө бир транспорттук системага ээ. Боорго кан алып келген негизги эки тамыр боордун ичинде миллиондогон майда капиллярга бөлүнгөн. Мындан тышкары, боордун ичинде өт суюктугун ташыган жана кан тамырларына параллелдүү төшөлгөн өт каналдары да бар. 1,5-2 килограмм салмактагы бир эттин ичинде миллиондогон микро каналдардын болушу кандай мааниге келет?

Бул канал системасы кылдаттык менен курулган бир долбоор керемети. Бул долбоордун маанисин боор клеткаларынын кызматтарын, боорго барган кандын көлөмүн жана боордун жалпы функциясын эстегенде жакшыраак түшүнөбүз.

Боордун кызматы – кандагы молекулаларды кайра иштетүү, башка заттарга айландыруу жана керек учурда сактап коюу. Бүт бул иштерди боордогу миллиондогон майда химия лабораториясы, б.а. боор клеткалары жасайт. Демек боор клеткаларынын ар бирине атайын бир байланыш курулуп, ар бир клетканын алдына ал кайра иштете турган кан молекулалары жеткиришили зарыл. Жогоруда айтылган канал системасы бул муктаждыкты канааттандыра турган эң кемчиликсиз долбоорго ээ. Боордун ичинде миллиондогон микро канал бир-бири менен кесилишпей, бир-биринин ишине тоскоол болбой турган кылып курулган. Боордо иштетиле турган чийки заттар же өндүрүлгөн продукттар ошол каналдар аркылуу ташылат.

 

 

Бул долбоордун кемчиликсиздигин түшүнүү үчүн төмөнкү мисал жөнүндө ойлонуу пайдалуу болот:

Дүйнөнүн эң өнүккөн жана эң жакшы пландалган шаарларынын бирине кыска бир зыярат жасап, шаарды карап жатабыз дейли. Албетте, мындай шаардын инфраструктурасы да укмуш болот. Өзгөчө транспортто ар кандай чара көрүлүп, шаарда жашагандарга ар түрдүү жеңилдиктер каралат. Шаарда жердин астына курулган чоң бир метро бар. Ал метро системасы шаардын бүт тарабын бир-бирине туташтырат. Метро тармагынын жалпы узундугу жүздөгөн километрге жетет жана шаардын бүт жагында метро станциялары бар.

Жердин бетинде да кемчиликсиз бир шаар планы жасалган. Трассалар жана чоң автомагистральдар шаардын автожолдор тармагын түзөт. Акылдуу пландоонун жана көп санда курулган жолдордун натыйжасында –шаар тургундарынын саны канчалык көп болсо да- жолдо эч пробка болбойт жана транспортто эч бир маселе жаралбайт. Ошол эле учурда жолдордун үстүңкү тарабы да укмуш пландалган. Кайчылаш жолдор жана светофорлор кыймылды жөнгө салып, жолдордогу белгилер чет элдик айдоочуларга да чоң көмөк көрсөтөт.

Бул өнүккөн шаардын маанилүү бир соода жана өндүрүш борбору экенин да унупайлы. Ал жолдор тынымсыз өнөр-жай жана соода товарларын ташууда да колдонулат.

Эми ойлоп көрөлү; эгер ушундай бир шаарда турсак, бир киши алдыбыздан чыгып бизге «бул шаар пландалган эмес, бул шаар курулган эмес, жолдор, метро системасы, өндүрүш жана соода борборлору кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон» десе, биз кандай ойго келмекпиз?

Албетте, бул сөздөр туурабы же туура эмеспи деп эмес, ал кишинин акылы ордундабы деп ойломокпуз.

Бул жерде жогоруда мисал катары берилген шаар планын боордун ичиндеги канал системасы планына салыштырганда, шаар планынын боордогу канал системасынын планынан бир топ жөнөкөй болуп калаарын айта кетүү керек. Ар бир канал белгилүү бир максатты көздөп жана белгилүү бир кызмат үчүн ачылган. Боордо өндүрүлгөн жана кайра иштетиле турган молекулалар баш айландырарлык бир кыймылдын ичинде, бирок эч проблемасыз каналдардын ичинде жол жүрүшөт. Каналдардын айланасы өндүрүш, сактоо жана кайра иштетүү иштерин жасаган өнөр-жай борборлору (клеткалар) менен оролгон. Ал клеткалар эч бир химиялык завод же өнөр-жай борборуна салыштыргыс даражада комплекстүү иштерди кылып, тынымсыз өндүрүш жасашат. Укмуш өндүрүмдүү бир өнөр-жай аймагына укмуш натыйжалуу бир транспорттук тармак курулган. Мынчалык пландуу бир системанын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганы айдан ачык.

Бир эле боордо эмес, адам денесинин бүт тарабында укмуштуу бир пландоо бар. Көзгө көрүнбөгөн молекулалар өтө кылдаттык менен курулган каналдардын ичинде сапар тартып, керектүү жерге жетишет. Мындай транспорттун үзгүлтүксүз иштеши адам өмүрүндө өтө чоң мааниге ээ.

Ал молекулалардын кайсы органда сактап коюлаары, канда канчалык санда болоору, денеден чыгарып салынышы сыяктуу жагдайлардын баары илимпоздор менен медицина докторлорунун канчалаган жылдар бою изилдеп, анализ кылган темалары болууда. Ал тургай, молекулярдык биология деп аталган илим тармагы атайын денеде аныкталган молекулалардын кыймыл-аракеттерин жана кызматтарын изилдейт. Бирок алынган маалыматтар иштеп жаткан системанын аз бөлүгүн гана түшүндүрө алууда. Учурдагы бүт технологияны колдонуп адамзат акылы изилдеп жаткан, бирок толук чечмелей албаган дене системаларынын өзүнөн-өзү пайда болушу, албетте, мүмкүн эмес. Муну кокустуктарга таяндырган көз-караштарга таң калуу керек.

Эч ким асфальттан жасалган бир жолду кокустан, өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтпайт. Демек, эт жана кан сыяктуу назик заттардан курулган, узундугу миңдеген километрге жеткен, кемчиликсиз пландалган системалардын кокустан пайда болгонуна ишенүү логикасыздыктын жеткен чеги болмокчу.

 

5. Боор клеткаларынын өзгөчө жөндөмдөрү

Боор турган жеринен денебиздеги кан айлануу, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу системалары сыяктуу башка бөлүктөрдө болуп жаткан иштердин баарынан кабардар болуп турат. Мисалы, тамак сиңирүү системасына кирген майлардын ээритиле албашын алдын ала билет жана ал майларды майдалап, сиңирүү үчүн керектүү химиялык затты лабораториясында өндүрөт. Боор ал затты өндүрөөр замат койо бербей, сактап койот. Кийинче.

Ал зат, жогоруда да айтылгандай, өт суюктугурээк ага келген буйрукка ылайык өт суюктугун дал керектүү учурда майлуу азыктардын үстүнө жөнөтөт.

Бул жерде айтылып жаткан иштерди жасаган – эт менен кандан гана турган бир орган. Бирок боордун тамак сиңирүү системасында болуп жаткандардын баарынан кабардар болуп, ага чара көрүп өт суюктугун өндүрүшү анын келечекке карата өтө акылман пландар түзөөрүн көрсөтөт.

Боор клеткаларынын жөндөмдөрү муну менен эле чектелбейт. Бул органдагы тынымсыз иш-аракеттер натыйжасында кээ бир калдыктар пайда болот. Боор ишин улантышы үчүн алардын жок кылынышы шарт. Көңдөйчөлөрдүн бетинде жайгашкан «Купфер клеткалары» мына ушул кызматты аткарат. «Купфер клеткалары» негизи кандагы зыяндуу заттарды «фагоцитоз» деп аталган ичине киргизип, сиңирүү ыкмасы менен жутат.37 Ал клеткаларда зыяндуу менен пайдалуу заттарды айырмалоо акылмандык менен жасалып, коркунуч жоюлат.

Эгер кан аркылуу боорго келген зыяндуу заттар Купфер клеткалары тарабынан таанылып, жок кылынбаганда, эмне болмок?

Денеде тынымсыз көптөгөн оорулар пайда болуп, иммундук системанын баары тынымсыз согушка чакырык (мобилизация) жарыяламак. Бул болсо биздин өзүбүздү дайыма оорулуу жана чарчаңкы сезишибизге себеп болмок. Бирок боордогу мындай өзгөчө система натыйжасында денедеги чоң бир армия коңгуроо какпай, чек арадагы полиция күчтөрү деп атоого боло турган Купфер клеткалары зыяндуу заттарды жок кылат.

 

Боордогу көп функциялуу жумушчулар

Боордун негизги клеткалары болгон гепатоциттер өт суюктугун чыгаруу, кандагы токсиндерди тазалоо, белоктор жана углеводдор менен майларды ажыратуу, канды кампалап коюу жана кандын уюшун камсыз кылуучу бөлүкчөлөрдү өндүрүү сыяктуу кызматтарды аткарат. Бир сүйлөм менен санап койгон бул функциялардын ар бири ден-соолукта өмүр сүрүшүңүз үчүн керектүү өтө маанилүү иш-аракеттер. Ушунчалык ар түрдүү функциялардын боордогу окшош (бирдей) клеткалар тарабынан жасалышы болсо өтө ойго салат. Негизи ар бири өзүнчө бир адистикти талап кылган мындай химиялык реакциялардын жана өндүрүштөрдүн бир эле клеткалар тарабынан жасалышы өтө системалуу, тартиптүү жана пландуу иш-аракетти талап кылат. Мындай пландуу иш-аракетти көмүртек, суутек, кычкылтек жана азот сыяктуу заттардан турган жана ичиндеги майда-бараттары электрондук микроскоптон гана көрүнгөн клеткалардын жасашы жөнүндө да ойлонуу керек.

Бул жерде төмөнкүдөй мисал келтирүүгө болот. Боор жасаган иштерди биз үчүн жасай турган бир адамдар тобун түзүүгө аракет кылып жатабыз дейли. Анда;

-химиялык реакцияларда адис,

-өндүрүштө иштей турган,

-кампада керектүү заттарды жыйнап койо турган,

-өндүрүштө пайда болгон калдыктарды сыртка чыгара турган, бирок муну заводдо иштегендерге зыян тийгизбестен жана экологияны булгабастан жасай турган,

-коңшу заводдорго кошумча кызмат көрсөтө турган жана аларга керектүү материалды алдын ала аныктап чара көрүп, өндүрүш жасай турган,

-айланадагы фабрикалар арасы пикир келишпестиктерди чече турган,

-жана ушул сыяктуу дагы көптөгөн милдетти аркалай турган кишилерди табуу керек болот.

Ошол эле учурда бул кишилердин ар бири –боор клеткалары сыяктуу- бүт бул иштерде тажрыйбалуу болушу, дем албастан иштеши, чарчабашы жана бүт иштердин жоопкерчилигин өзү жалгыз да ала алышы зарыл.

Сиз да түшүнгөндөй, мындай жумушту жасай ала турган, бул өзгөчөлүктөрдүн баарына ээ адамдарды табуу мүмкүн эмес. Бирок микроскоп менен гана көрүнгөн миллиондогон кызматкер клеткалар азыр өз ордунда жогоруда саналган жана айтылбаган башка иштерди да кемчиликсиз орундатышууда. Болгондо да, бул кемчиликсиз иштер учурда дүйнө жүзүндө жашап жаткан миллиарддаган адамдын ар биринин боорунда жасалып жатат. Тарых бою жашап өткөн триллиондогон адамдын ар биринин боор клеткалары да бул кызматтарды кемчиликсиз орундаткан.

Триллиондогон клеткадагы бул укмуш акылдын молекулалардан турган ал клеткаларга тиешелүү эмес экени анык.

 

Бир базадай иштеген
боордун кээ бир кызматтары

Дененин жалпы энергиясынын 12-20%ын колдонуп иш-аракет жүргүзгөн боор белгилүү болгон 500дөй функцияны аткарат. Боордун өз башынча бир базадай иш-аракет жүргүзгөн тармактарынын кээ бирлери төмөнкүдөй:

 

Клеткалар үчүн керектүү азыктарды
жөнгө салат:

 

Денебиздеги болжол менен 100 триллион клетканын ар биринин керектүү азык заттарын ала алышы үчүн талап кылынган жөнгө салууларды боор жасайт. Мындай жөнгө салууда клеткалардын эмнелерге муктаж экенин өтө жакшы билиши керек. Бирок өзү да ошол сыяктуу клеткалардан турган бул органдын керектүү маалыматтарды кайдан топтоору, аларды кантип түшүнөөрү жана туура чечимдерди кантип алаары жөнүндө терең ойлонуу зарыл.

 

 

Азыктарды өндүрүү үчүн керектүү
чийки заттарды алат:

 

Боор иш-аракеттерин жүргүзүүдө колдонгон чийки заттар кан аркылуу ташылат. Бир өндүрүш фабрикасында чийки заттар ар кайсы тараптан алынып, анан башка продукттарга айландырылган сыяктуу, боор да ага алып келинген чийки заттарды тынымсыз синтездеп, сактап койот же колдонуу же сыртка чыгаруу үчүн кан аркылуу денеге кайра жөнөтөт.

 

Денеге керектүү заттарды сактап койот:

Жүздөгөн химиялык реакция жүргөн чоң бир лабораторияны эске салган боор, ошондой эле, өмүр сүрүү үчүн керектүү ар кандай заттарды сактап койот жана кээ бир заттарды болсо өзү өндүрөт. Темир, жез, А витамини жана D витамини алардын бир канчасы. Мындан тышкары, кандын коюлушуна шарт түзгөн «протромбин», «фибриноген» жана «гепарин» сыяктуу белоктор өндүрүлчү жер.

 

Жашоого керектүү белокторду өндүрөт:

 

Боордун негизги кызматтарынын бири – бул керектүү белокторду синтездөө. Эч бир атайын билим албастан, эмне кылышы керектигин билген боор тамак сиңирүү натыйжасында келип чыккан аминокислоталарга тиешелүү азот молекулаларын туура ыкма колдонуп бөлүштүрөт жана аларды углевод, майлар менен реакцияга киргизип, жаңы белокторду өндүрөт. Ошондой эле, май жана белокторду колдонуп бул жолу углевод сыяктуу заттарды да өндүрөт. Углевод менен белоктон май да өндүрө алган боор аны сактап коюп, кийинчерээк оңой эле энергияга айландырыла алат.

 

Иммундук системага жардам берет:

Жогоруда да айтылгандай, боор денебиздин иммундук системасынын маанилүү бир бөлүгү. Ката кетирбей уулуу заттарды таап, аларды нейтралдаштырып, анан сыртка чыгарат.

Боордогу атайын фагоциттер кандагы чоочун заттар менен бактерияларды тазалайт. Боор, мындан тышкары, дарылардын зыяндуу, уулуу таасирин кетирип, айыгуу максатында ичкен дарыларыбыздын кошумча уулуу таасирлерин жойот. Толук мааниде бир коопсуздук системасындай иштеп кан аркылуу ага келген бүт зыяндуу заттарды табат. Сырттан денебизге кирип, кан аркылуу ашказан же ичегилерден боорго келген ал уулуу заттарды башкалардан айырмалап тааныган жана анан кечиктирбей керектүү чараларды көргөн боор клеткалары болбогондо, өтө жөнөкөй бактерия түрлөрү же айыгуу үчүн ичкен дарыларыбыз бизди бир оорудан башкасына түртмөк.

Жашообуз үчүн өтө керектүү болгон бул процесстердин баары денебиздеги 1,5-2 килограмм салмактагы бир орган тарабынан эч тынымсыз жасалууда. Сиз буларды окуп жатканда да бул процесстердин баары эч тынымсыз уланууда. Бул кереметтүү системанын бир саамга эле токтошу көз жумушубузга же айыккыс ооруларга кабылышыбызга жетиштүү болот.

Бул саналган процесстерди жасаган боор – өзү да белок, май жана суу сыяктуу материалдардан турган бир орган. Канчалаган жыл бою билим алса да, кээ бир химиялык реакцияларды гана үйрөнүп, жасай алган бир адамдан канча эсе күчтүү адис болушу жана эч катасыз ар бир реакцияны ийгиликтүү аягына чыгарышы адамды таң калтырууга жетиштүү. Бүт боор клеткалары денебизде кайсы заттардын колдонулаарын билишет. Мындан тышкары, ал заттардын молекулярдык жана химиялык түзүлүштөрүн да билишет. Натыйжада тааныган азык заттарды лабораторияларында өзгөртүп, пайдалуу заттарга айландырышат. Албетте, буларды жасоодо белок синтези үчүн витаминдер менен ферменттер талап кылынаарын, кандын негизги материалы болгон эритроциттерди өндүрүүдө темирдин негизги зат экенин же кандагы канттын көлөмүн тең салмакта тутуу керектигин да өтө жакшы билишет.

6. Боордун өзүн-өзү жаңылоо жөндөмү

Боор – адам денесиндеги өзүн-өзү жаңылоо жөндөмү бар жалгыз орган. Боордун 70%дайы алып салынса да, бир-эки жума ичинде кайрадан өз функцияларын аткара ала турган көлөмгө жетет.

Боордун регенерация (өзүн жаңылоо) иш-аракетин кайсы механизмдердин жасаары дагы эле изилденүүдө. Боордун мындай касиети алгач 1931-жылы Мэйо клиникасында эки хирургдун изилдөөлөрү аркылуу аныкталган. Көп түрлөрдө боордун өзүн-өзү жаңылашы жана муну кандайдыр бир жабыркоодон соң клеткалардын автоматтык түрдө башташы белгилүү болгон. Бирок ден-соолугу жайында болгон бир боордогу клеткалар өзүнөн-өзү көбөйбөйт. Андай болсо бул органдын керек учурда өзүнөн-өзү бөлүнүп көбөйүшүнүн жана боорду мурдакы көлөмгө жеткиргенге чейин муну улантышынын себеби эмне? Клеткалар көбөйүү учурунда дагы канча улантуу керек экенин же каерде токтотушаарын кантип билишет? Аларга көбөйгүлө же токтогула деген буйрук кайдан келет? Эгер бир жерден «токто» деген буйрук алышпаса, башка органдарды кысып сала турганчалык чоңойбошу керек экенин өздөрү чечишеби?

Боор клеткалары кандайдыр бир запкы көрүп, жабыркаганда эч күтүүсүздөн бир заматта көбөйүп башташат. Бул кубулушта клеткалардын укмуш бат бөлүнүшү жана ал ортодо кадимки милдеттерин да эч кемчиликсиз орундатышы таң калтырат. Керектүү чара көрүлгөн соң клетка бөлүнүшүнүн орток бир чечим менен бир заматта токтотулушу болсо андан да таң калыштуу.

Боордун жабыркашынын клеткаларда бөлүнүп көбөйүү таасирин жаратуучу кээ бир факторлорду ишке киргизээри болжолдонууда. Ал чоңоюу факторлору боор клеткаларынын бетиндеги рецепторлор тарабынан кабылданып, клетка ичинде комплекстүү иш-аракеттердин башталышына себеп болот. Натыйжада боор клеткаларынын генетикалык тартибинде кайрадан бир «программалоо» жүрүп, көбөйүү үчүн керектүү иш-аракет башталат.

Бул жагдай генетика адистери тарабынан изилденип, боордо өзүн жаңылоочу клеткалардын колдонгон ыкмасы менен кыймыл-аракеттери да эске алынган. Бул иш-аракеттер «чачыраган гепатоциттер» деп аталат жана боордун борборунан сыртты көздөй багыт алган жолу изилденүүдө. Бир даана гепатоциттин боордун өтө чоң бөлүгүн жаңылай алаары көрүлгөн. Мындай бөлүнүп көбөйүү учурунда боордогу жаңы клеткалардын кыймылдабашы, эски гепатоциттердин болсо алга жылаары аныкталган.

Жаңылануу учурунда боордун борборундагы боор клеткалары менен башка клеткалар ал жердеги порталдык аймактан чыгып, боор венасын көздөй жылат. Жалпылай жасалган бул кыймылды басууга окшотконго болот. Клеткалар кыртыш бетинде бир тарапты гана көздөй кыймылдаганы үчүн бир клетка канчалык борбордон алыс болсо, ошончо улгайган деген мааниге келет. Натыйжада клеткалардын жашын борбордон алыстыгына карап эсептөөгө болот.

Боордогу клетка кыймылдарынын изилдениши натыйжасында чыгарылган «чачыроочу кыртыш теориясы» жаңы төрөлгөн ар бир клетка өтө жакшы билген жана эч кечикпей жасоочу бир кыймыл-аракет. Клетка митоз аркылуу экиге бөлүнгөн соң жаңы пайда болгон клеткалардын бири бөлүнгөн эне клетканын мурдакы ордун ээлесе, эне клетка болсо жанындагы орунга «чачырайт». Качан гана клеткалардын бири бөлүнбөсүн, жаңылардын бири кыймылдоого мажбур болот.

Бир клетка бөлүнгөндө жаңы пайда болгону эскисинин ордунда калып, негизги клетка болсо бир аз алдыга жылат. Бирок ал клетка жаңы ордуна жайгаша алышы үчүн башка клеткалардын баары бир аз жогору жылышы керек. Ал клеткалар көрүнүп тургандай, түртүлбөйт жана тартылбайт, б.а. механикалык кыймылдашпайт. Ошондуктан бул кубулуш «чачыроо» деп аталат. Клетка чачырашы негизги клеткалар тарабынан азыктандырылат жана өтө ылдам жүрөт.

ǀǀ бап

 

7. ДЕНЕНИН ЖАШЫРУУН КӨМӨКЧҮСҮ:

УЙКУ БЕЗИ

 

Сонун бир кечки тамак жедиңиз дейли. Ар кандай азыктардан турган ал тамакты кантип сиңирээриңизди ушул кезге чейин эч ойлобогон да болушуңуз мүмкүн. Ал тургай, бүт бул азыктардын ар биринин өзүнчө бир фермент менен иштетилиши керек экенин да билбейт болушуңуз керек. Бул темада билим албаган бир адамдын мындай маалыматтарды билбеши, албетте, табигый көрүнүш. Бирок денеңиздеги бир орган булардын баарын билет. Ал орган кайсы азыктын кандай фермент менен сиңирилээрин билет. Эч башаламандыксыз жана катасыз, эң туура убакытта, эң туура химиялык секрецияны азыктарга жөнөтөт. Бул орган – уйку бези (карын астындагы без).

Уйку бези денедеги эң негизги органдардын бири. Уйку бези тамырларда айланган кандын ичинде канчалык кант молекуласы болушу керектигин чечет. Эгер кандагы кант молекуласынын саны азайса, уйку бези ошол замат санды көбөйтө турган чараларды көрөт жана ал чаралар адамдын өмүрүн сактап калат. Эгер кант молекуласы көбөйүп кетсе, бул жолу кандагы канттын санын азайта турган чараларды көрөт.

Уйку бези тамак сиңирүү системасына жөнөткөн ферменттери аркылуу да адамдын өмүрүндө өтө маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле ичегилердин ашказан кислоталары тарабынан талкаланышын алдын алуучу фермент да уйку бези тарабынан чыгарылат.

Бул кызматтарды бир-бирден санасак, балким эч көңүлүбүздү бурбаган бул органдын биз үчүн канчалык акылдуу жана пландуу иш-аракет жасаарын жана бизди өлүмдөн коргой турган укмуш бир система менен чогуу жаратылганын көрөбүз.

Тамак сиңирүү процессинде уйку бези атайын бир кабар аркылуу ишке киришет. Ашказанда тамак сиңирүү процесстери уланып жатканда атайын бир фермент «холецистокинин» канга аралашып баштайт. Бул ферменттин канда белгилүү бир деңгээлге жетиши уйку безине сигнал берет. Ал сигнал уйку безинин иштөө убактысы келгенин көрсөтөт жана уйку бези майдалоочу ферменттерин он эки эли ичегиге чыгарып баштайт.38

 

 



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: