Ири кан айлануу тармагынын артка кайтуу жолу: Веналар




1. Jugular vein
2. Carotid artery
3. Superior vena cava
4. Pulmonary vein
5. Inferior vena cava
6. Renal vein
7. Renal artery
8. Common iliac artery
9. Femoral artery10. Great saphenous vein
11. Femoral vein
12. Common iliac vein
13. Mesenteric artery
14. Mesenteric vein
15. Aorta
16. Pulmonary artery
17. Subclavian vein
18. Subclavian artery

Көмүр кычкыл газын жүктөп алып кайра кайтууга даярданган эритроцит клеткасы капиллярдан узап баратканда барган сайын туннель кеңейе берет. Ага көптөгөн эритроцит клеткасы менен башка клеткалар кошулат. Жоон топ армияга сымал барган сайын кеңейген бир туннельди көздөй сапарын улантышат. Аларды кыймылдатуучу жогору басым эми төмөндөп калган болот. Эми жай жүрүшү керек болот. Алып бараткан жүгү болсо көмүр кычкыл газы. Кычкылтек берген ачык кызыл түс дээрлик толугу менен жок болгон. Ичиндеги көмүр кычкыл газы себебинен кандын өңү эми кызыл-көккө (сыя) жакын коюу болуп калат.

Эритроцит сапарын уланткан бул ири туннельдер – веналар. Бул тамырлар денени кыдырып чыккан клеткалардын үйгө кайтуу жолу. Эң жоон венанын жоондугу бир калемдей болот.110 Кандагы клеткалар кыртыштардан жыйнаган көмүр кычкыл газы менен башка калдыктарды денеден сыртка чыгаруу же кайра колдонуу үчүн негизги борборго алып жөнөшөт. Жүрөк ага кайткан эки чоң венаны тосуп алат. Алардын бирөөсү – мээ менен көкүрөктөн кайткан жогорку көңдөй вена (верхняя полая вена), экинчиси болсо – ашказан менен дененин төмөн тарабынан кайткан астыңкы көңдөй вена (нижняя полая вена). Жүрөккө кайткан бул веналар аркылуу көмүр кычкыл газы өпкөлөргө келип, ал аркылуу сыртка чыгарылып, анын ордуна алынган жаңы кычкылтек атомдору менен кан клеткаларынын эч бүтпөгөн бул сапарлары кайра башынан башталат. Кичинекей эритроцит клеткасы бир кызматты көп жолу кайра кайра жасайт. Бир күн ичинде бул узун жолду «толук 1000 жолу» эч чарчабастан жана дем албастан басып өтөт.111

Веналар – артериялар сыяктуу, өтө чоң тамырлар. Бирок булардын кабыктары булчуңдары болгону менен артериялардан ичке болот. Мунун эң негизги себеби – бул кандын кайра кайтканда күчтүү басымда болбой калышы. Веналардын басымга чыдамкай болуу мажбурлугу болбогонуна карабастан, булчуңдуу болушунун өтө маанилүү бир себеби бар. Веналар булчуңдар аркылуу кысылып-кеңейип көп көлөмдө канды кампалай алуу жөндөмүнө ээ. Кампалаган ал канды кан айлануунун кандайдыр бир жеринде муктаждык болгондо даяр кармап турушат.112

Бул жерде бир маанилүү маалыматты берип кетүү туура болот. Кан айлануу системасындагы бүт кандын 84%ы чоң кан айланууда колдонулат. Анын 64%ы болсо веналарда кайтуу сапарында болот. Артерияларда жүргөн кандын көлөмү болсо болгону 15%. Денеде 60000 километрлик аймакты ээлеген капиллярларда болсо 5% гана кан болот. Жүрөк кандын 5%ын, кичине айлануу болсо 9%ын колдонот.113 Бул маалыматтарда эң көңүл бурган нерсе – бул, албетте, веналарда көп кандын болушу жана капиллярларда өтө аз кан болушу. Веналар чоң кан айланууда артериялардагы жана капиллярлардагы жалпы кандын 3 эсесиндей кан алып жүрөт. Веналардын мынчалык көп кан ташышы, жогоруда айтылгандай, алардын бир кампа кызматын аткарышы себептүү. Капиллярлардын ичиндеги кан көлөмү болсо алардын кылган ишине салыштырганда өтө аз. Бул ичке тамырларга дайыма контрольдуу түрдө заттар келип турат.

Денеде кан жоготуу болуп, кан басымы төмөндөп баштаганда, кан айлануунун ар кайсы жерлеринде басым рефлекстери чыгат жана алар веналарга ар кандай сигналдарды жөнөтүшөт. Сигнал алган веналар ал маалыматтын негизинде кысылып баштайт. Веналар ушул касиети аркылуу денеде кан жетишсиздигин жоюуда. Денеде жалпы кан көлөмү 20%га азайса да, веналардын ушул өзгөчө кампасы аркылуу бул маселе тездик менен чечилет жана кан айлануу системасы өз функциясын нормалдуу улантат.

A. Vein structure
1. Outer coat
2. Smooth muscle, elastic fibers3. Basement membrane
4. Endothelium
5. Valve

Басымы өтө төмөн болгон веналар ичиндеги кандын денеде кыймылдашы –өзгөчө өпкөгө, б.а. жогору көздөй кыймылдашы- оордой сезилет. Бирок бул маселе денедеги кемчиликсиз бир система менен чечилген. Биз кыймылдаганда денебиздеги булчуңдар веналарга басым жасап, ал тамырлардагы кандын кыймылдашына көмөкчү болушат. Бут тамырларыбыздан булчуңдар аркылуу кан жогору чыгышы үчүн жасалган басым жердин тартылуу күчү жерди көздөй тарткан күчкө барабар. Веналар бут кол сыяктуу кыймылдуу аймактардан өтүп скелет булчуңдарынан алыстаганда болсо ага дем алуу булчуңдары көмөкчү болушат. Өпкөнүн астында жайгашкан негизги венадагы кан ар дем алган сайын кыймылдайт. Натыйжада дем алып көкүрөк кеңейген сайын пайда болгон басым канды жүрөктү көздөй кыймылдатат.

Веналардын кандын агымын контрольдоо үчүн мындан башка механизмдери да бар. Булардын эң негизгиси артерияларда жок, веналарда гана кездешкен клапандар. Веналардагы ал клапандар, жүрөктөгү клапандар сыяктуу, кандын бир багытты көздөй гана агышына шарт түзүп, артынан жабылат. Натыйжада басымы аз болгон кандын артты көздөй агышынын алды алынат. Артерияларда мындай механизмге муктаждык жок. Себеби басым өтө жогору жана кандын артка кайтуу ыктымалдыгы жок.

Басымдарда ушунча чоң айырма болгонуна карабастан, артериялардан да веналардан да ар секундада аккан кандын көлөмү бирдей. Дене мындай тең салмактуулукка муктаж, антпесе дененин белгилүү жерлеринде кан чогулуп баштайт. Веналарда басымдан улам артериялардагыдай кан «ылдам» акпайт. Б.а. веналардын артериялар менен бирдей деңгээлде кан ташышы мүмкүн эместей көрүнүүдө. Бирок эч мындай болбойт, веналар диаметри өтө чоң тамырлар болгондуктан, көп кан ташый алышат. Б.а. бирөөсүнөн ылдам, экинчисинен болсо тамыр кенен болгондуктан көп кан агат. Ушундайча эки негизги тамыр арасындагы барып-кайтуу көлөмү кемчиликсиз тең салмактуулукка салынат.

Денедеги «тең салмактуулуктар» көп адамдар үчүн бейтааныш бир түшүнүк. Себеби бул тең салмактуулуктардын кандайдыр бирөөсү себепсиз жерден бузулбайт. Ушул себептен көп адамдар эч көйгөйсүз өмүр сүрүшөт. Чындыгында болсо, дененин ичинде кармалышы, эч бузулбашы, жабыркабашы керек болгон сансыз тең салмактуулуктар бар. Кандын денедеги айлануу системасы да бул тең салмактуулуктардын бирөөсү. Бул тең салмактуулукка терс таасир тийгизе турган көп факторлор бар, бирок тең салмактуулук сакталышы үчүн түзүлгөн тартип ушунчалык теңдешсиз болгондуктан, жүрөктөн чыккан кандын көлөмү менен жүрөккө кайткан кандын көлөмү бирдей. Бул тең салмактуулук бузулду деп элестетели; анда денеге жөнөтүлгөн кан кайра кайта албагандыктан дененин белгилүү жерлеринде чогулат. Бул болсо дененин ар кайсы жерлеринде шишиктердин жана тамырлардын жарылышынан келип чыккан жаралардын пайда болушуна себеп болот. Жүрөккө жетишсиз кан кайтканы үчүн тазаланган кан көлөмү да өтө аз болот жана жүрөктөн жаңы жөнөтүлө турган таза кан денени азыктандырууда жетишсиз болуп калат. Мындай тең салмаксыздык белгилүү убакытка созулганда болсо дене органдары азыктана албай өлүп башташат.

 

 

ǀǀǀ бап Кандын агуу механизми

9. Өпкөлөрдө кандын тазаланышы жана кичине кан айлануу

 

Эритроцит сапарга чыгып бүт денени кыдырып чыккан соң болжол менен 40 секунда өткөн болот. Эритроцит клеткасы эми сапарын баштаган жеринде, б.а. жүрөктө турат. Бул жолу көмүр кычкыл газына толгон булганган кан ичинде жүргөн болот. Бирок бул кандын тазаланышы шарт. Мына ушул себептен эритроцит клеткасы «кичине кан айлануу» деп аталган бул жаңы сапарды баштоо үчүн оң дүлөйчөдөгү ордуна барат. Сапарынын эң башында башынан өткөргөндөрүн эми жүрөктүн оң тарабында башынан өткөрүшү керек. Оң дүлөйчөдөгү клапандын ачылышы менен бирге жанындагы башка курбулары менен оң карынчага өтөт. Оң карынчага өткөн соң эшик жабылат. Артка кайта албайт. Оң карынчанын ичинде өтө кыска убакыт турат, артынан эле экинчи эшик өпкөлөргө барчу негизги жолду ачат. Экинчи сапар башталган болот. Бирок бул беркисинен кыскараак. Ушул себептен «кичине кан айлануу» деп аталат.

Оң дүлөйчөдөн насостолгон кан өпкө артериясына жетет. Өпкө артериясы жүрөктөн чыккан соң экиге бөлүнүп оң жана сол өпкөгө бутактар жөнөтөт. Өпкөлөргө кирген бул тамырлар өпкөлөрдүн ичинде кычкылтек менен көмүр кычкыл газы орун алмашкан аба чөйчөкчөлөрү-альвеолдордун капталында көптөгөн капиллярларга бөлүнөт. Ал жерде булганган кандагы көмүр кычкыл газы альвеолдорго, альвеолдордогу кычкылтек болсо канга өтөт. Тазаланган кан өпкө венасы менен жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө, б.а. сапар биринчи башталган жерге алып келинет. Бир венанын биринчи жолу таза кан ташышы ушундайча болот.

Сырттан келген аба өпкөлөргө бронхтор аркылуу толот. Бронхтор өпкөгө киргенде болсо көп бутактарга бөлүнүшөт. Альвеолдор – мына ошол бутактар. Өпкөлөрдүн ичинде абага толгон 300 миллион альвеол бар. Булардын баарынын капталы кычкылтекти көмүр кычкыл газына алмаштыра турган капиллярлар менен капталган. Бул жерден бир эле өпкөлөрдөгү капиллярлардын канчалык чоң көлөмдө экенин болжолдоого болот. Альвеолдордун беттик аянты болжол менен 230 м2. Бул бир теннис кортунун аянтына барабар. Жоондугу миллиметрдин миллиондон бирине барабар болгон капталдары менен капиллярлар жана альвеолдор биз үчүн өтө маанилүү болгон кызматтарын аткарышат.116

Өпкөлөрдөгү бул газ алмашуу чындыгында бир керемет. Өпкө ар бир минутада 56х1021 (56 санынын жанына 21 нөл жазылып алынган сан – 56 септильон) кычкылтек атомун клеткаларга жеткирет.117 Биз дем алышыбыз гана керек. Күнүмдүк жашообузду улантып жатканыбызда ичибизге соргон белгилүү көлөмдөгү аба менен өпкөлөрүбүздө бул кереметтүү газ алмашуу укмуш тездик менен ишке ашат. Бул алмашуудан соң эми кычкылтек көтөргөн кичинекей эритроцит клеткабыз сапарынын башына кайтып, кыртыштарга кычкылтек ташуу үчүн сол дүлөйчөдөгү өз ордун ээлейт. Канчалаган бетте үстүртөн гана каралып чыккан бул керемет сапар болсо бир мүнөттөн да азыраак убакытка созулган болот.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: