Кан агымынын контроль механизми




Сиз уктап жатканда же эс алып жатканда жүрөгүңүздүн көп кан насостошу талап кылынбайт. Төшөгүңүздөн кокус тура калганыңызда энтигип калганыңыздын себеби ортодогу ушул айырмачылык. Жүрөк сиз уктап жатканда сиздин өмүрүңүздү уланта турганчалык гана кан насостойт. Бул, албетте, баалуу бир сарамжалдык. Төшөгүңүздөн туруп басып баштаганыңызда жүрөктүн кыймылы өсөт. Сиз көп кыйнала электе кабар керектүү жерге жеткирилет: дене кыймылдап жатат жана көбүрөөк канга муктаждык бар. Бир жерди көздөй чуркап баштаганыңызда болсо жүрөгүңүздүн кан насостоо ылдамдыгы жана көлөмү 6-7 эсе жогорулайт. Дене бул учурда өтө үнөмдүү иштейт. Дененин бүт тарабына дайыма бирдей көлөмдө кан барбайт. Кан тамак жегениңизде ашказаныңызга, сүзгөндө өпкөлөрүңүзгө жана булчуңдарыңызга, бир нерсе окуганыңызда мээңизде чогулат. Себеби ошол учурда азыктанышы жана дем алышы керек болгон эң негизги клеткалар ошол аймактарда болот.

Үнөмдөө ушундай учурларга эле тиешелүү эмес. Кадимки шарттарда дене булчуңдарды азыктандыруу үчүн ашыкча аракет кылбайт. Булчуңдар дененин 30-40%ын түзөт. Анткен менен, эс алуу учурунда булчуңдарга барган кан көлөмү таң калаарлык деңгээлде аз болот. Бирок булчуңдарыңызды иштетип баштаганыңызда, зат алмашуу активдүүлүгүңүз 50 эсеге, булчуңдарга кан агымы болсо 20-25 эсеге көбөйөт.118 Бул чындыгында таң калаарлык бир өзгөрүү. Бир машыгуу жасап жаткан учурда булчуңдар чындыгында ушунча көп канга муктаж болот. Эгер булчуңдар кадимки шарттарда да ушунча көп көлөмдө канга муктаж болгондо, албетте, жүрөктүн мынчалык зат алмашууга үлгүрүшү кыйын болуп калмак. Дененин акылдуу көзөмөлчүлөрү анын ордуна колдогу канды мээ сыяктуу көбүрөөк маанилүү жана керектүү жерлерде колдонууну чечишет.

Мээ – тынымсыз азыктанып, кычкылтек алып турушу керек болгон бир орган. Мунун жалгыз себеби – анын денеде болуп жаткандарды жана бүт органдарды контрольдоп турушу. Эң кызыгы болсо жүрөк, кан тамырлары жана кан клеткалары бул өтө маанилүү чындыкты билишет. Ушул себептен мээге кандын барышы кандай гана болбосун сөзсүз улантылат. Тамырлар мээге ар мүнөттө болжол менен 1 литр кан жеткириши керек. Дененин бир жери канаганда болсо денеде азайган кан бул кызматты аркалаган нервдер тарабынан мээни көздөй тартылат. Мээдеги тамырлар өздөрүн мындай өзгөчө кырдаалга карата жөнгө салып, ачылып же тарайышат. Абалдан кабардар болгон дененин башка бөлүктөрүндөгү кан тамырлары бул негизги борборду куткаруу үчүн өз жолдорун тосушат. Натыйжада мааниси азыраак органдарга кандын жолу жабылат. Бул жерде адам денесинин бүт тарабында көрүнгөн «акылды» дагы бир жолу көрүүдөбүз.

Денедеги ар кыртышка кан агымы так муктаждыкка ылайык жөнгө салынат, көп да эмес, аз да эмес. Мисалы, эң негизги муктаждыгы кычкылтек болгон бир кыртышка ал кыртыш толук кычкылтек ала алаарлык көлөмдө, кээде бир аз көбүрөөк кан жиберилет. Бирок андан көп кан эч качан жиберилбейт. Бул укмуш контроль системасы кыртыштардын толук азыктана албай калышына жол бербейт жана жүрөктүн иш жүгүн минимум деңгээлде кармайт. Мааниси өтө зор бул контроль системасы болсо тамырлардын өткөрүү уруксатын берип-бербеши менен байланыштуу. Тамырлар муктаж болгон кыртыш үчүн гана жолдорун ачат, б.а. кеңейет, ал кезде канга азыраак муктаж болгон бир кыртыш үчүн болсо жолду жабат, б.а. кысылат. Тамырлардын булчуңдар менен оролгондугунун мааниси мына ушунда.

Мындай контроль механизми болбогондо жана денедеги бүт кыртыш менен органдар дайыма бирдей кан менен азыктанганда эмне болмок? Анда жүрөк азыркыдан эки эсе көбүрөөк кан насостошу керек болмок.120 Жүрөк мындай кыймылга үлгүрө албай, кыска убакыт ичинде чарчап калмак болушу керек эле. Денеңиз көп кычкылтекке муктаж болгон убактарды; бийик бир тоого чыкканыңызды же өтө оор бир спорт менен машыкканыңызды элестетип көрүңүз. Денеңиздеги кычкылтек муктаждыгын канааттандыруу үчүн канчалык бат дем аласыз жана жүрөгүңүз канчалык бат согот. Дененин бүт кыртыштарынын бирдей көлөмдө кан менен азыктанышы сизди 24 саат бою ушундай абалга, ал тургай, балким мындан да ооруна салмак. Бул салыштыруу дененин контроль механизминин сиз үчүн канчалык чоң мааниге ээ экенин көрсөтүүгө жетиштүү.

Тамырлар чындап эле бул кемчиликсиз контроль үчүн өзгөчө жаратылышкан. Өзгөчө кырдаалдарда эмне кылышы керек экенин билишет жана ошого жараша өтө акылдуу жана «адам өмүрүн куткара турган» чараларды көрүшөт. Мисалы, суук аба дене температурасын төмөндөтүп, мээнин жабыркашына себеп болушу мүмкүн болгон кооптуу шарт болуп саналат. Бирок адам тамырлардын жогорку жөндөмдөрү урматында катуу сууктарга чыдай ала турган бир метаболизмге (зат алмашууга) ээ. Муздак абага жолукканда бут менен кол манжаларындагы тамырлар биринчи чара көрүп тездик менен кысылышат. Натыйжада кол менен бут манжаларына кан агымы азайтылып, денедеги кандын муздашынын алды алынат. Белгилүү болгондой, кол менен буттардагы тамырлар үстүңкү бетке жакын тамырлар, жана ошондуктан денедеги кандын муздашына себеп болушу мүмкүн. Кандын муздашы болсо кан менен азыктанган жүрөк менен мээнин да муздашы деген мааниге келет; бул өтө чоң бир коркунуч.

Өтө муздак бир абага чыкканда болсо денеңиздеги тамырлар сизди тоңуудан, б.а. өлүмдөн куткаруу үчүн манжаларыңызды курмандыкка чалат жана ал аймакка кандын барышын толугу менен токтотушат. Ошол эле учурда мээ кабар жөнөтүп булчуңдардын бир-бирине тийип титирешине шарт түзөт. Мындай титирөө натыйжасында кыймылдаган тамырлар, жана натыйжада кан дене температурасынын бир азга көтөрүлүшүнө себеп болот. Кар жаап жатканда сыртка чыкканда сиз да денеңиздеги бул чаралардын таасирин заматта сезесиз. Денеңизде сууктан биринчи кезекте кол менен буттарыңыз үшүп баштайт. Сууктан улам денеңизде башталган титирөө болсо мээден келген ультиматумдун бир натыйжасы.

Тамырлардын кысылып-кеңейиши, албетте, мээнин контролунда. Мээ ар кандай нерв клеткалары жана гормондор аркылуу тиешелүү тамырларга кабарлар жөнөтөт. Ошого жараша, кайсы кыртыштын эмнеге муктаж экени аныкталат. Мисалы, толугу менен психологиялык бир кубулуш болгону менен, уялганыңызда же өтө кайгырганыңызда, нервдериңизден келген сигналдар артерияларды орогон булчуңдарга жетет. Артерия булчуңдарынын жумшарышы натыйжасында кандын агымы көбөйөт жана жүзүңүз заматта кызарат.

Капиллярлар болсо бул багытта эң эркин тамырлар. Толугу менен муктаждыкка жараша кандын агышын улантат, керек болгондо агымды толугу менен токтотот, керек болгондо болсо кароолдой кандын өтүшүнө уруксат беришет. Мисалы, сиз эс алып жатканда, көп капиллярыңыздагы кан агымы токтойт. Бирок ичке ичегиңизде тамактан соң кандын агышы ылдамдайт. Кадимки шарттарда денеңиздин бүт капиллярларын толтура турганчалык каныңыз жок. Эгер дене бүт капиллярларыңызды кан менен толтурганда, мээңизге кан барбай калмак жана кыска убакыт ичинде эстен танмаксыз. Мунун бир аз көбүрөөккө созулушу болсо мээңиздин өлүмүнө себеп болмок.

Капиллярлардын кандын агымын түздөн-түз контрольдой алуу жөндөмү – кан муздабашы жана натыйжада дене температурасынын туруктуу сакталышы жагынан өтө маанилүү бир өзгөчөлүк. Муздак абаларда өзгөчө териге жакын аймактардагы капиллярлардын кандын агымын токтотушу ал жерде жылуулукту жоготуунун алдын алат.

Дене температурасынын тең салмактуу сакталышында суук сыяктуу, ысык да таасир берет. Ашыкча ысыкта денедеги тамырлар тескерисинче бир ыкма колдонушат. Ысык бир жерге киргениңизде териңизге жакын турган кан тамырлары кеңейет. Кан териңизге жакындап, үстүңкү бетке жакын жерлерге толот. Ушул себептен жүзүңүз кызарып чыгат. Кандагы жылуулук териңизди ысытат жана бул жылуулук териден абага берилет. Ошентип айланаңыз ысык болсо да, денеңиздин температурасы нормалдуу деңгээлде сакталат.

 

 

ǀ˅ бап Кандын группалары

Кан топтору

Кан топтору — ар бир кишинин канынын биохимиялык жеке өзгөчөлүктөрү.

Топтор

 

Бул өзгөчөлүктөр эритроцит белокторунун түзүлүшү түрдүүчө болушуна байланыштуу. Иммунологиялык өзгөчөлүтүнө байланыштуу адамдын каны жынысына, жашына, расасына карабастан 4 топко бөлүнөт. Кан топтору жөнүндөгү окууну чех илимпозу Янский түзгөн (1907).

Янский, Ян

 

Кандын тигил же бул тобуна кире тургандыгы эритроцитте А жана В фактор (антигендер, изоантигендер), кан плазмасында α жана β факторлорунун (изоантителолор) болушу менен аныкталат.

 

Кан топтору

I топ

Кээ бир кишилердин эритроциттеринде А жана В изоантигендер болбойт, ал эми плазмада α жана β изоантителолор болот. Булар I топко (Оα β) кирет.

II топ

Каны II топко кирген кишилерде А изоантигени менен β изоантитело болот (Аβ).

III топ

Айрым адамдарда β изоантигени жана α изоантитело болот (βα). Булар III топко кирет.

IV топ

IV топтогу канда АВ изоантигендери болуп, изоантителолор болбойт (АВО).

Гемолиз

Эгерде А изоантигени α изоантитело менен же В изоантиген β изоантитело менен кошулса, эритроциттер бири бирине жабышып (агглютинация), андан ары эрийт (гемолиз). Мындай реакция башка топтогу кан куюлганда да жүрөт.

Кан куюуу

Кан куюуда кан топторун аныктоонун мааниси чоң. Биринчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана башка үч топтогу(II, III, IV) канга куюуга болот. Экинчи топтогу канды өзүнө окшош топтогу канга жана III, IV топтогу канга куюуга болот. Үчүнчү топтогу кан өзүнө окшош топтогу канга жана IV топтогу канга куюлат. Биринчи топтогу канды бардык топтогу кандарга куюуга мүмкүн болгондуктан универсалдык донор деп аталат. Ал эми IV топтогу кан өзүнө окшош топтогу кандан башка топтогу кандарга куюуга жарабайт, ага башка (I, II, III) топтогу кандын баары куюлат, ошондуктан алар универсалдык реципинет болушат. Бирок бири бирине туура келген канды узакка же көп куюунун натыйжасында универсалдык донор деп аталган кан өзүнүн терс таасирин тийгизет, анткени кан топторунан башка изоантигендик реакциялар болот.

Rh — фактор

Кишилердин 85%инин эритроцитинде антигендер (Rh — фактор) болуп, 15%инде болбойт. Rh фактор барлар резусу — оң, жоктор — резусу терс деп аталат. Резусу оң атадан резусу терс эненин боюна бүтсө, түйүлдүктүн атадан тукум кууган антигенинин таасиринен эненин организминде антитело пайда болуп, түйүлдүктүн эритроцитин бузат (гемолиз). Мындай резус — сыйышпастык резусу оң канды резусу терс кандуу кишиге кайталап куйганда да байкалат.
Кан топтору жөнүндөгү окуу жалпы иммунологиянын негизги бөлүгү болуп, айрым дарылоо ыкмасынын (мисалы, кан куюу, органдарды, ткандарды көчүрүү жана башка) негизин түзөт. Ошондой эле хирургия, акушерлик жана гинекология, сот медицинасы, антропология, генетикада кеңири колдонулат. Кан топторунун белгилери тукум куума болгондуктан баланын атасын аныктоодо, эненин балдары алмашканда жана башка пайдаланылат.

 

12. Донор (кан берүү)

Кан берүү

Донор (от лат. donare — «берүү») — өз каалоосу менен канын бирөөгө куюуга, ошондой эле дары препараттарын жасоого берүүчү адам. Донорлор оорулуулардын ден соолугун жана өмүрүн сактоого жардам берет. Жашы 18ден жогору, ден соолугу таза адам. Донор боло алат. Донорлордон кан алуу жана аларды консервалоо кан куюу станцияларында жүргүзүлөт. Ал станциялар районундагы ооруканаларды жана башка дарылоо мекемелерин кан менен камсыз кылат. Донор алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүлөт. Биринчи жолу кан берген Донордон 200—250 мл, кайталап бергендерден 450 млге чейин кан алынат.

Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Донордун каны атайын идишке алынып, идиште канды консервалоочу заттар болот. Идиштин сыртына кандын тобу, Донордун фамилиясы, кан алынган дата жазылат. Донорго кан берген күнү атайын тамак берилет жана кызматтан бошотулат. Ал күндөрдө ишинин орточо айлыгы сакталат, курорт, эс алуу үйлөрүнө путёвкаларды 1-кезекте алышат. Донорлукка жана аларды уюштурууну Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коому жүргүзөт. Активдүү Донорго «СССРдин ардактуу донору» деген наам берилчи.

Кыргызстандын облустары тургай, борбор калаа Бишкекте да кан таңсыктыгы бар.

Кыргызстанда 30-сентябрга чейин ыктыярдуу түрдө кан тапшыруу акциясы жүрүп жатат. Sputnik Кыргызстан донорлук жана кан запастары туурасындагы маселеге кызыгып көрдү.

Негизи өлкө учурда кан донорлорунун санын жогорулатуу аракетинде. Эгемендик алгандан бери бул көрсөткүч кескин төмөндөп, ар бир миң кишиге алты гана донор туура келип калган. Ал эми Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттарына ылайык, миң жаранга кырк донор туура келиши керек.

Республикалык кан куюу борборунун башкы директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева өлкөдө донорлордун санын жогорулатуу, жарандардын эч чочулабастан, ыктыярдуу түрдө кан тапшырууга жандантуу үчүн шарттарды жаратуу аракети күч экендигин айтат.

"2015-жылы кырк эки миң донор келген. Андан бир жыл мурун эле он миңге аз эле. Донорлордун санын өстүрүүдө туруктуу жана ыктыярдуу донорлордун санын жогорулатууну максат кылабыз", – деп билдирди Сатыбалдиева.

·

·

 

 

Өлкө боюнча республикалык борбордон сырткары, алты облустук кан борбору иштейт.

"Эритроциттердин сакталыш мөөнөтү абдан төмөн – бир ай гана, ал эми тундурмаларды (плазмалар) алты айдан бир жылга чейин сактай алабыз", — деди Сатыбалдиева.

Анткен менен айрым учурда аймактар тургай, борбор калаада да кан таңсыктыгы жаралат экен.

"Айрыкча жайында – эл эс алууга чыкканда, орозо учурунда, студенттер каникулга тараган кезде ушундай абалдарга тушугуп калабыз. Андай маалда туруктуу донорлор жардамга келет. Андан сырткары, борбордун көчмө тобу да чыгып, кан топтоп келет. Бишкектеги биздин борборго күнүнө 150 донор келип турса, муктаж болгондорду камсыз кылар элек", – дейт республикалык кан куюу борборунун башкы директорунун орун басары.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: