Артериянын Байланыш Чекити: Артериолдор




Кан негизги артериялардан баштап таратыла алышы үчүн артериялар бутактарга бөлүнүшү керек. Мына ушул себептен туурасы 2,5 сантиметрдей болгон негизги артериялар диаметри бир канча микрон гана болгон бир капиллярга айланганга чейин бутактарга бөлүнөт. Кичинекей эритроцит клеткабыз болсо бутактарга бөлүнгөн бул татаал жол менен сапарын улантат. Артериялардын ичиндеги күчтүү кан басымы себебинен эритроцит бир канча секунда ичинде денеде өтө алыс жолду басып өтөт. Кыртыштарга жетүү жана колундагы кычкылтек менен азыктарды берүү үчүн болсо капиллярларга жетүүнү максаттайт.

Артериолдор – артерия системасынын акыркы кичинекей бутактары. Башкача айтканда, артериялардын капиллярларга бөлүнөөрдөн мурдакы абалы. Бул тамырлар кандын капиллярларга жөнөтүлүшүндө текшерүүчү клапан сымал кызмат кылышат. Артериолдордун эң негизги касиети – бул өздөрүн толугу менен жаба ала турганчалык же бир канча эсе кеңейте ала турганчалык күчтүү бир булчуң системасына ээ болушу. Мунун эң негизги себеби болсо кыртыштарды азыктандырган капиллярларга жеткен канды контрольго алуу жана кыртыштарга «муктаждыгына жараша» кычкылтек менен азык жөнөтө алуу. Басымы жогору кандын түз капиллярларга өтүшүнө жолтоо болуп, өтө ичке бул тамырлардын жабыркашынын алдын алуу. Мына ушул себептен артериолдордун каршылыгы бүт каршылыктын болжол менен жарымын түзөт жана чоң кан айлануунун бүт аймактарында эң жогору болот.104

Кан агымы дээрлик бүт кыртыштарда кичине артериялардын жана артериолдордун тарайып-кеңейиши аркылуу жөнгө салынат. Бирок эң кичине тамырдын да агымга таасир тийгизүү жөндөмү бар. Ал тамырлар агымдын ылдамдыгына таасир тийгизип, ал тургай, толук токтошуна да себеп боло алышат. Себеби тамырлар кайсы клеткаларга өзгөчө мамиле кылынышы керектигин аныктай алышат. Муну аныкташ үчүн кан кичине артериялардан чыгып, узундугу бир канча миллиметр жана диаметри 8-50 микрон болгон артериолдорго өтөт. Ар бир артериол 10-100 капиллярды азыктандыра алаарлык бутактарга бөлүнөт.105

Кичине эритроцит бир артериолдун ичине кирип, андан соң азыктандыра турган кыртыш үчүн бөлүнүп чыккан болот. Кыртышка керектүү азык менен кычкылтекти жеткирүү үчүн бир капиллярдын ичине кириши керек. Ага жол көрсөтө турган күчтүү клапандардын, б.а. артериолдордун бирөөсүнөн өтөт. Эми кызматын орундата турган убакыт келген болот.

Капиллярлар

Жашап жаткан үйүңүздүн чоңдугун бир ойлоп көрүңүз. Эгер орточо бир квартирада жашап жатсаңыз, үйүңүздүн аянты болжол менен 150 м2 болот. Денеңиздеги болжол менен 10 миллиард капиллярдын жалпы беттик аянты болсо үйүңүздөн 3,5 эсе чоң, б.а. болжол менен 500 м2.106 Бул салыштырууну жасаардан мурда бир нерсени эске салуу керек; капиллярлардын эң чоңунун диаметри 9 микронго барабар (9 микрон миллиметрдин миңден 9уна барабар). Ал тургай, микроскоп астында гана айырмалап байкоо мүмкүн болгон капиллярлар бар. Дененин бүт булуң-бурчуна жете тургандай жайгаштырылган бул ири тармак – кереметтүү бир жаратуу мисалы. Бул мисалды терең карап чыгуу Улуу Аллахтын улуктугун адамга кайра кайра эске салышы керек.

Бир органга кирген артерия капиллярлардын клапандарын түзгөн артериол абалына келгенге чейин алты же сегиз жолу бутактарга бөлүнүп ичкерет. Анан артериол да эки-үч жолу бутактанып диаметрин 9 микронго чейин кичирейтет жана жолун капилляр катары улантат. Кээ бир капиллярлар ушунчалык кичинекей болгондуктан, кээ бир чоң клеткалардын өтүшүнө мүмкүндүк бербейт. Эритроциттер да мындай тамырлардын ичинен бир-бирден же чоюлуп формасын өзгөртүп гана өтө алышат.

Артерияларда саатына 1,5 километр ылдамдыкта жүргөн кан капиллярларга киргенде миңден бирине чейин жайлайт. Дененин бүт тарабы укмуш масштабдуу бир капилляр тору менен өрүлгөн. Миңдеген километрге жеткен узундугу менен бир адамдагы капиллярлар Америка Кошмо Штаттарынын бир башынан экинчи башына чейин жете алат.107 Бул кемчиликсиз механизм денедеги бүт клеткаларды азыктандыруу үчүн жаратылган теңдешсиз бир жаратуу мисалы. Бир клетка бир капиллярдан максимум 20-30 микрон алыстыкта болушу мүмкүн. Башкача айтканда, бул алыстык 0,02 мм жана 100 триллион клетканы кыдырып чыккан бул кемчиликсиз тордун масштабын түшүнүү үчүн жетиштүү.

Капиллярлардын кабыктары 0,5 микронго барабар. Ал кабыктардын бетинде киргизип-чыгаруучу ар кандай эшиктер бар. Клеткалар үчүн керектүү бүт заттар ал эшиктерден өтүшү керек. Бирок кандагы белоктор ал эшиктерге батпайт. Бул керектүү заттардын гана кыртыштарга жетишин, кандын ичинде калышы керек болгон башка молекулалардын болсо сапарын улантышына шарт түзөт. Бул, ошондой эле, кан суюктугунун, б.а. плазманын кыртыштардын ичине сиңип кетишине да жолтоо болот. Тамырлардын ичиндеги молекулалар суюктуктун өтүшүн токтотуп, кандын андан ары агышына шарт түзөт. Суюктук көлөмү өтө азга эле азайгандыктан, денедеги тең салмактуулукка терс таасирин тийгизбейт.108

Майда ээрүүчү заттар болсо капиллярлардын эшиктеринен өтүүгө мажбур эмес. Алар түздөн-түз капиллярлардын мембраналарынан ичкери кире алышат. Бул өтө маанилүү бир касиет, себеби капиллярлардын мембранасынын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан мындай кыйынчылыксыз өтүү натыйжасында кычкылтек менен көмүр кычкыл газы көп санда жана тез өткөрүлө алат. Натыйжада бул газдардын кыртыштарга жетүү ылдамдыгы натрий, глюкоза сыяктуу суюктукта ээрибеген заттарга караганда бир канча эсе жогору болот. Бул кыртыштардын ал газдарга болгон муктаждыгы менен түздөн-түз байланыштуу. Башкача айтканда, алар муктаждык пайда болгондо өткөрүлүшөт.

Бир канча микрон болгон жана бир байланыш кыртышы менен булчуң кыртышынан турган бул акылдуу түтүктөр кыртыштын муктаждыгына жараша кандын агып-токтошун контрольдошот. Мындай контроль, албетте, Аллахтын чоң бир жакшылыгы. Бул маанилүү чара натыйжасында капиллярлардан кан дайыма акпайт. Капиллярларда агым секундалар же мүнөттөр ичинде токтоп-токтоп турат. Эгер кыртыш көп кычкылтекке муктаж болуп жатса, анда контроль механизми аркылуу капиллярлар булчуң кыртышынын таасири менен кеңейет жана агым уланган периоддорду созуктурушат. Натыйжада кыртышка көбүрөөк кан келип, ал аркылуу көбүрөөк кычкылтек жана азык келет.109

Бул акылдуу түтүктөрдүн ичине кирген кичинекей эритроцит клеткабыз бул тар жерде кыйынчылык менен жана токтоп токтоп кыймылдайт. Ичиндеги гемоглобин молекулалары менен сапары бою этияттык менен алып келе жаткан кычкылтекти берүүгө даяр турат. Кычкылтек муктаждыгы бар бир клеткага жакындап, өзүндөгү кычкылтек молекулаларын кычкылтек өзүнө же клеткага зыян тийгизбеши үчүн «акырын» койо берет. Жана анын ордуна клетка сыртка чыгарышы керек болгон көмүр кычкыл газын алат. Эми кайра кайтканга даяр. Башка жүк алган болот жана аны керектүү жерге жеткириши керек. Ал жер болсо жүгүн алып сапарга чыккан биринчи борбор, б.а. жүрөк.

Бул жерде бир капилляр жөнүндө сөз болуп жатат. Ал бир чара көрүп жатат, жана бул адам сыяктуу акылдуу бир жандык гана ойлонуп чече ала турган кыймыл-аракет. Бирок эң кызыгы дененин ичиндеги кубулуштардын көпчүлүгү биз адамдар үчүн да сыр бойдон калууда. Бул саптарды окугандардын көпчүлүгү капиллярларда ишке ашкан бул окуялар сыяктуу дененин ичиндеги көптөгөн процесстерди биринчи жолу угуп, ал жерде көрүлгөн чараларды биринчи жолу байкашууда.



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: