Жүз триллион үйдү кенен бир аймакка жайгаштырганыңызды жана, жогоруда мисал келтирилгендей, алардын арасына бир суу түтүгү тартканыңызды элестетиңиз. Албетте, бул өтө машакаттуу жана оор бир жумуш болот.
Жүрөк 96560 километрлик бир тамыр тармагына тынымсыз кан айдап турат. Бул дүйнөнү экватордон баштап эки жолу курчай ала турган бир узундук.97 Бир адам денесинин ичине жайгаштырылган мындай бир тармак, албетте, өтө таң калыштуу. Бул кереметти жакшыраак көрсөтүү үчүн дагы бир канча математикалык маалымат берели. Денеде жайгашкан жана кээ бирин микроскоп менен гана көрүүгө мүмкүн болгон капиллярлардын узундугу жалпысы 60000 километр.98 Бул тамырлардын жалпы үстүңкү бет аянты болсо 8000 м2ка жетет. Бир эле өпкөлөрдө 300 миллион капилляр бар. Булар биринин учуна экинчиси уланса 2400 километр узундукка жетет.99 Мээге тиешелүү капиллярлардын узундугу болсо болжол менен 650 км. Бул болсо Американын эки штатында жайгашкан эки шаардын, мисалы, Бостон менен Вашингтондун арасындагы аралыкка барабар.100
Берилген бул маалыматтар бир адам денесинде эч кандай кокустукка орун жок экенин көрсөткөн сансыз далилдин бир канчасы. Бул теманын дагы бир кереметтүү тарабы болсо 100 триллион клеткага созулган миңдеген километрлик бул керемет тармактын көбүнчө сезилбеши дагы. Күзгүгө караганда мунун бир белгисин көрбөйбүз, эч токтобогон бул кыймылдарды сезбейбиз жана система иштеп жатып чыгарган катуу үндөрүн байкабайбыз. Система ушунчалык кемчиликсиз жаратылгандыктан жана системада бир маселе жаралбагандыктан, бейпил өмүр сүрүп, майда-чүйдө маселелер биздин кабарыбыз да болбостон оңдолгондуктан, аларды байкабайбыз дагы. Дүйнө жүзүндөгү эч бир адам, эч бир коом, эч бир технология мынчалык тар бир жерде мынчалык кереметтүү, кемчиликсиз, ийкемдүү жана жандуу бир жашоо тармагын жасай албайт. «100 триллион клеткага жеткен» деп айтылган бул тамыр тармагын өтө терең ойлонуу керек. Бул кемчиликсиз түзүлүш көз кабагыбыздан бутубуздун манжаларына чейин, чачыбыздын түптөрүнөн кирпиктерибизге чейин бүт тарабыбызды каптаган. Эгер бул тармак бир эле аймакка же бир эле органга жетпей калса, ал орган куурап жок болот. Кайра эске салуу керек: кансыз дене дем ала албайт, б.а. өлөт.
|
Денедеги бул катасыз таратуу иши кантип жасалат? «Булар кокустан пайда болгон» деген көз-караштардын негизсиз экенин көрүү үчүн бул кан айлануу системасын тереңден билүү өтө маанилүү. Денедеги кан айлануу тармагы үч кызмат үчүн чогулган үч түрдүү тамырдан турат.
Кичинекей эритроцит клеткасынын сапары
Жилик чучугунда өндүрүлгөн бир эритроцит клеткасы кан айлануу системасына кошулуу үчүн биринчи жүрөктүн сол дүлөйчөсүнө барат. Ал жер таза кан чогулган, кычкылтек менен азыктарга өтө бай бир бөлүм. Эритроцит клеткасынын ал жерде болуу максаты мындай: кычкылтекти алып, дененин башка клеткаларына жеткирүү. Эритроцит кан айлануу системасына кошула алуу үчүн алгач сол дүлөйчөдөн чыгат. Бул жерде алдынан чоң бир эшикке жолугат. Эшиктен өткөн соң эми кайра кайтпайт. Эми алда канча кенен бир бөлмөгө кирген болот. Ал жерде ал сыяктуу көп клеткалар бар жана кан кычкылтекке өтө бай. Бул чоң бөлмөдө өтө күчтүү насос натыйжасында дагы бир эшиктен өтүп, тар бир туннельдин ичине кирет.
|
Эми кичинекей эритроцит клеткасы кан айланууга кирген болот. Бул дененин «чоң кан айлануусу» же башкача айтканда «системалык кан айлануу». Чоң кан айлануу аркылуу кичинекей клеткабыз өпкөлөрдөн тышкары дененин бүт тарабын айланып чыгуучу бир туннель системасынын ичине кирген болот. Эритроцит клеткасы кирген биринчи туннель – бул дененин эң күчтүү тамыры болгон аорта артериясы.
Артерия кан тамыры.
Денеге кычкылтек таратылат. Аорта артериясы – бул кандын жүрөктөн чыгуу пункту. Ичинде өтө көп көлөмдө кан болот жана туурасы бойго жеткен бир адамда 2,5 сантиметрге жетет.101 Бул тамыр таза канды башка тамырларга таратуучу негизги тамыр болгондуктан, өтө бекем жана күчтүү болушу керек. Себеби кан бул тамырдан өтө жогору бир басым менен таратылат. Жана дал талап кылынгандай, өтө өзгөчө жаратылган.
Жүрөктөн чыккан аорта жана өпкө артериясы үч катмардан турган тамырлар болуп саналат. Эң сыртында жипчелүү бириктирүүчү кыртыштан турган бир сырткы катмар бар. Бул катмардагы бириктирүүчү кыртыш өтө зор мааниге ээ. Бул кыртыштагы ийкемдүү жипчелер ар кандай басымга карата бекемдикти камсыздайт. Эгер тамырлардын мындай өзгөчөлүгү болбогондо, жүрөктүн согуу күчү менен өтө чоң басымда келген кан бул тамырлардын түзүлүшүн сөзсүз бузмак жана, ал тургай, алардын айрылып кетишине себеп болмок. Аллах бул негизги тамырда жараткан өзгөчөлүктөр – Анын «өрнөксүз жаратуучу» деген мааниге келген Беди ысмынын дагы бир көрүнүшү. Жүрөктүн бир күндө жүздөгөн жолу согоорун эске алсак, тамырдын бир күн ичинде эле айрылуу ыктымалдыгы өтө жогору болмок. Бирок бул коргоочу система мындай ыктымалдыкты жоюп, узун бир өмүр бою тамырдын бул басымга чыдамкайлыгын камсыз кылган. Бул ошол эле учурда коргоочу Аллахтын кулдарына болгон боорукердигинин да бир көрсөткүчү.
|
Аорта тамырынын ортоңку бөлүгүндө түз булчуңдардан турган ийкемдүү жипчелер болот. Ал булчуңдар жөнөтүлгөн кандын көлөмүн жөнгө салууда чоң мааниге ээ. Булчуңдар кысылып ачылуу аркылуу артериянын диаметринин кичирейип-чоңоюшуна жарайт. Орган менен кыртыштарга барчу кандын көлөмү ушул ийкемдүү түзүлүш аркылуу жөнгө салынат. Аортанын жана өпкө артериясынын ички бетинде болсо бир катарлуу жалпак эпителий кыртыштан турган бир катмар бар.102 Бул кыртыштын өтө маанилүү бир өзгөчөлүгү бар. Бул кыртыш натыйжасында тамырдын ички бети лакталган сыяктуу болот. Бул лакталган жана майланган бет сүрүлүүнү азайтып, кандын оңой жана ылдам агышын камсыз кылат.
Аорта тамыры солду көздөй бир ок чийип экиге бөлүнөт. Жогору кеткен тамыр баш менен колдорго, төмөндү караган тамыр болсо көптөгөн жардамчы тамырлар аркылуу башка органдарга тарайт. Дем алып жаткан убакта артериялар өпкөлөрдөн кычкылтекти алган соң негизинен 10 секундадан аз бир убакыт ичинде аны орган-кыртыштарга жеткирет. Бирок оор машыгуулар жасалып жаткан убактарда артериялардагы кандын ылдамдыгы андан да жогорулайт. Кандагы клеткалар эми кычкылтекти 2-3 секундадай кыска убакыт ичинде жеткире алышат. Ушул себептен Аллахтан алган илхам менен дененин муктаждыгын өтө жакшы көзөмөлдөө жөндөмүнө ээ болушкан. Артериялардын дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү болсо – бул кан жүрөктөн тыныгуу менен келген учурда жогору басымдуу бир «суу сактагычты» пайда кылып, кандын бир бөлүгүн экинчи жүрөк сокконго чейин сактап турушу. Бул кызматын аткарууда жогоруда айтылган өзгөчө түзүлүштүн мааниси чоң. Артериялар кеңейе ала турган булчуң түзүлүшү урматында канды кампалай алышат. Бул өзгөчөлүк денеде дайыма кандын болушун камсыз кылат. Тамырлардын мындай ийкемдүүлүгү башка тараптардан да маанилүү. Артерия ийкемдүү болгону үчүн кан бул системага насостолгондо, басымдын ашыкча жогорулап кетишинин алды алынат. Ошол эле учурда ийкемдүүлүк жүрөктүн согушу учурунда жогору артерия басымын улантып кыртыштарга үзгүлтүксүз кандын агышын камсыздайт.
Артериялар көбүнчө дененин кыртыштарынын астында ич тарапта болушат. Бирок кээ бир жерлерде, мисалы, кол билегинде, чыкыйларда, моюнда, буттун аркасында жана балтырдын тышкы капталында үстүңкү бетке жакын жайгашкан. Бул аймактарда ар бир жүрөк согушунда кандын артериянын дубалына басым менен уруп өткөнү сезилет. Басым ушунчалык жогору болгондуктан, теринин астынан да бул кыймылды оңой гана сезүүгө болот.
Артериялардын дененин кыртыштарынын астында жайгашышы өмүрүбүз үчүн алынган өтө маанилүү бир чара. Адам жаракат алган учурда көбүнчө веналар жабыркайт. Бул тамырлар, алдыда терең каралгандай, басымы жогору жана суюк кандуу эмес. Ушул себептен, жаракат алганда кан сыртты көздөй жай жана илээшкен абалда акканы үчүн кандын уюшу оңой болот. Ал эми артерия жабыркаганда болсо ачык кызыл өңдөгү, басымы жогору кан сыртты көздөй атырылып агат. Бул өтө кооптуу бир каноо, жана кыска убакыт ичинде чара көрүлбөсө кан жоготуудан өлүмгө себеп болот.