Кан донорлугуна каршы келген себептер




ВИЧ/СПИД, сарык, вирустук гепатит, кургак учук, бруцеллез, безгек, жүрөк, гипертониянын 2-3-баскычы, кант диабети менен ооругандар, аз кандуулуктан азап чегип жүргөндөр, ошондой эле оор операция жасалгандар кан тапшыра албайт.

Ал эми дене табы жогорулап, сасык тумоого чалдыккан адамдар донорлуктан убактылуу четтетилет.

Кан тапшыруу үчүн кандай баскычтардан өтөсүз?

· Паспортуңуз жаныңызда болушу шарт

· Атайын анкета толтурасыз

· Бармак учунан кан алынат

· Донордун кан тобу жана гемоглабин көрсөткүчү текшерилет

· Кан басымы текшерилет

· Донорго кайрадан таттуу чай жана шоколад берилет

· Бардык процедуралардан өткөн соң, каттоо журналына кол коесуз

· Жумуштан талап кылынса, эки күнгө чейин уруксат берилчү тастыктама жана жол киреңиз берилет.

· Кан тапшырып бүткөн соң, абалыңызда эч өзгөрүү деле болбойт.

Дарыгерлердин айтымында, муктаж адамдарды ажалдан арачалап калуу үчүн коомду ыктыярдуу донор болууга тарбиялоо – бүгүнкү күндүн талабы.

˅ бап Кан айлануудагы жүрөктүн дарддары

13. Жүрөктүн ишемия оорусу

Жүрөктүн ишемия оорусу — жүрөк-кан тамыр системасынын көп тарашын оорусу; негизинен жүрөктүн таажы сымал артерияларынын атеросклерозунун натыйжасында жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуу начарлагандан болот. «Жүрөктүн ишемия оорусу» түшүнүгүнө катуу кармаган оорулар (стенокардия, миокарддын инфаркты), ошондой эле өнөкөт оорулар (кардиосклероз — жүрөктүн булчуң тканынын жабыркашы) кирет. Мындай өзгөрүүлөр кан тамырдын атеросклерозунан улам болгондуктан, кардиосклероздун бул түрү атеросклероздук деп аталат. Ал айрым учурда жүрөк ишинин начарлашы жана согуу ыргагынын бузулушу менен коштолот. Белгилери ар түрдүү, оору кээде күчүркөп, кээде басаңдайт. Жүрөк ишемия оорусу ошондой (стенокардия пристубу) адатта оор күч келүүдөн кармайт, мындай абал көп жылга созулат да, кийин тынч абалда деле кармай берет. Оору кармаган учурда миокарддын инфаркты пайда болуу коркунучу туулат. Жүрөктүн ишемия оорусуна тукум куума ыңгайлуулук, аз кыймылдоо, ашыкча тамактануу, семирүү, канда май заттарынын көбөйүшү, артериялык басымдын жогорулашы, углевод алмашуунун бузулушу себеп болот. Тамеки тартпагандарга караганда тарткандар көп ооруй тургандыгы далилденген: өтө чарчап-чаалыгуу, психикалык оорулар да организмге күч келтирери белгилүү. Ошондуктан Жүрөктүн ишеемия ооорусун пайда кылуучу факторлорду билүүнүн мааниси зор. Барыдан мурда тамакты мүнөздөп ичүүгө көнүгүү керек: семирип кетпес үчүн тамакты ашыкча жебөө; малдын майын жана жакшы сиңүүчү углеводдорду ченеми менен жеп, алкоголдук ичимдиктерден баш тартуу; тамак рационуна өсүмдүк майын жана С витамини менен В тобундагы витаминдерди көбүрөөк кошуу талапка ылайык. Күнүнө 4 маал, көбүнчө белоктуу азыктар (мисалы, быштак, кара кесек эт, балык жана башка) менен тамактануу туура. Семирип кеткендерге врач жашылча, мөмө-жемиш, атайын мүнөз тамак сунуш кылат. Жүрөк ишемия оорусунун алдын алуучу негизги чара — көп кыймылдоо. Акыл эмгеги менен иштегендер физкультура ойноп, сейилдөөгө, кара жумуштарды жасоого тийиш. Дем алыш күндөрдө жана отпуск мезгилинде шаардын сыртына чыгуу, туристтик жүрүштөргө катышуу, лыжа тебүү жана башка сунуш кылынат. Гипертония оорусун, кант диабетин өз убагында жана системалуу түрдө дарылоо Жүрөктүн ишемия оорусуун кечирээк болушуна шарт түзөт. Адистикти жөндөмүнө ылайык тандоо, эмгекти туура уюштуруу айланасындагы адамдарга сылык, адептүү мамиле жасоого жана сабырдуулукка тарбиялоо да Жүрөктүн ишемия оорусунун алдын алуу чараларына жатат.

14. Жүрөк кемтиги — жүрөк ишин бузуп жүрөктүн жана андан чыккан кан тамырлардын түзүлүшүндөгү патологиялык өзгөрүү менен мүнөздөлгөн оору. Жүрөк кемтиги тубаса (түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде пайда болуучу) жана кийин пайда болгон (төрөлгөндөн кийин) түрү бар. Кийин пайда болгон Жүрөк кемтиги ревматизм, сепсис, котон жара, атеросклероз, травманын натыйжасынан келип чыгат. Анда негизинен жүрөк капкакчаларынын (барат. Бул болсо жүрөк булчуңуна кошумча күч келтирип, анын массасы клапан) формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер толук жабылбай калып, капкакчалардын функциясы бузулат. Натыйжада жүрөк иштегенде кан кайсы бөлүмдөн келсе ага кайра бир азы чоңоюп, андан кийин ал чарчайт. Мындай Жүрөк кемтиги — эки жапкактуу (митралдык) капкакчанын жетишсиздиги — клапан жетишсиздиги деп аталат.

 

Толтонун жарым ай сымал клапандарынын схемасы — жүрөк узунунан кесилген соо клапандар

 

 

тырык болгон клапандар: 1—толто; 2—жарым ай сымал клапандар; 3— жүрөктүн сол карынчасынын көңдөйү

Капкакча жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын нормалдуу жүрүшүнө тоскоол кылат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат жана булчуңун чарчатат. Мындай Жүрөк кемтиги стеноз деп аталат. Кээде бир нече капкакча жабыркайт (комбинацияланган Жүрөк кемтиги). Жүрөк кемтиги бар оорулуу көп жыл бою өз оорусун билбей, өзүн жакшы сезип, жумушту кадимкидей жакшы аткара берет (компенсация мезгили). Бул учурда врачтык кароодон эле Жүрөк кемтигинин белгилери (жүрөктүн көлөмүнүн өзгөрүлүшү, мүнөздүү жүрөк дабыштарынын пайда болушу жана башка) байкалат. Оору күчөгөндө жүрөктүн резерв мүмкүнчүлүктөрү азайып, жүрөк ишинин начарлашына алып келет (Жүрөк-кан тамыр системасы). Бул Жүрөк кемтигинин декомпенсация мезгили деп аталат. Анын өөрчүшүнө ревматизмдин күчөшү, күчтөнүп иштөө, жугуштуу оорулар, бойго бүтүү жана төрөт түрткү берет. Көп учурда компенсация кайра өзүнүн баштагы калыбына келет. Өз убагында, такай дарылоодон бир нече же ондогон жыл бою компенсация абалында жүрүүгө болот. Жүрөктүн тубаса кемтиктери түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Тубаса жүрөк кемтигинде капкакчалардын кемтигинен башка, дүлөйчөлөр жана карынчалардын ортосундагы капталдарда тешик болот. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп,вена каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарды кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса кемтиктин белгилери (жүрөк шуулдашы, көгөрүү жана башка) бала төрөлгөндөн кийин тез эле байкалат. Оорунун жүрүшү кемтиктин мүнөзүнө жараша ар кандай болот (айрым учурда өмүргө коркунучтуу болсо, кээде улгайганга чейин оорулуу даттанбайт). Тубаса Жүрөк кемтиги менен жабыркагандар начар өсүп, эмгекке жарамдуулугу, ооруга туруктуулугу төмөн болуп, жугуштуу жана башка оорулар менен көп ооруйт.Жүрөк кемтигин врач дарылайт.

 

Жүрөккө кыйыр массаж жасоо техникасы.

Дарылоо анын түрүнө Жараша жүргүзүлөт жана жүрөктүн ишин жакшыртууга, кан айлануунун бузулушун кайра калыбына келтирүүгө багытталат. Ал үчүн оорулууга ылайыктуу эс алуу жана эмгек режими түзүлөт. Дайыма өзүн контролдоо өтө маанилүү: энтигүү, жүрөктүн тез кагышын пайда кылуучу кыймылдан жана капа болуудан сактануу зарыл. Компенсацияланган Жүрөк кемтигинде да өтө чарчоо (оор кара жумуш, спорт менен ашыкча машыгуу, мелдештерге катышуу, пляжда болуу, уктабай калуу, тоого чыгуу жана башка) оорулуунун абалын начарлатып, декомпенсацияга алып келет. Декомпенсация мезгилинде, кан айлануу бузулган учурда оорулууну төшөккө жаткыруу, дем алууну жакшыртуу үчүн баш жагын өөдө көтөрүү, оорулуу жаткан бөлмөнү дайыма желдетүү сунуш кылынат. Диетаны сактоо, дайыма белгилүү бир убакта өлчөмү менен мүнөздөп тамактануу зарыл. Түнкүсүн тамактануу болбойт (уктаганга чейин 3—4 саат мурда тамак ичүү керек). Тузду аз пайдалануу сунуш кылынат, себеби туз организмде суюктуктун топтолушуна түрткү берет. Ошондой эле ак шишик басып кетпес үчүн суюктукту аз ичүү керек. Сүт азыктары, жемиш (өзгөчө абрикос, шабдалы) пайдалуу. Керек учурда Жүрөк кемтигинин декомпенсациясында атайын диета сунуш кылынат.

Декомпенсация болгондо врач системалуу түрдө дары каражаттарын сунуш кылып, дайыма көзөмөлгө алат. Ал үчүн жүрөк булчуңунун жыйрылуусун жакшыртуучу, организмде айлануучу суюктукту азайтуучу заара айдама дарылар колдонулат. Врачтын сунуш кылган дарыларын өз алдынча ичпей коюу же өлчөмүн өзгөртүүдөн дарылоо натыйжасыз болуп, ооруну кабылдатат. Кардиологиялык санаторийлерде дарылоо компенсацияланган Жүрөк кемтигинде негизинен жергиликтүү климаттык курорттордо, ошондой эле ысык эмес жай мезгилинде Кисловодск, Кавказдын Кара деңиз жээгинде дарыланууга болот. Медицинанын азыркы эң ири жетишкендиктери тубаса жана кийинки пайда болгон Жүрөк кемтигин операция жасоо менен дарылоо болуп эсептелет. Жүрөк кемтиги менен жабыркагандардын баарына эле операция туура келе бербейт. Ошондуктан оорулууга тиешелүү дарылоону, операция керектигин адис-врач гана айта алат. Оорулуу операциядан кийин сунуш кылынган эмгек, эс алуу, тамактануу, дарылоо режимин так аткаруусу зарыл. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен дарылоодо жетишкендиктери үчүн советтик алдыңкы хирургдарга (А. Н. Бакулев, П. А. Куприянов, Б. В. Петровский жана башка) Лениндик сыйлык ыйгарылган. Жүрөк кемтигин алдын алуу көп учурда Жүрөк кемтигине алып келүүчү ревматизм жана башка ооруларды алдын алуу менен туура келет. Боюнда бар аялдын ден соолугун коргоо (жугуштуу осрулар менен жолуктурбоо, алкоголь ичимдиктерди ичпөө, тамеки тартпоо, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса Жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ. Жүрөк кемтиги барларды жүрөк ишинин декомпенсациясына, ревматизмдин күчөшүнө жеткирбөө чараларын көрүү зарыл. Ал үчүн диспансерлөө жүргүзүлөт. Толук эс алуу, жакшы уктоо, дем алыш күндөрү таза абада сейилдөө керек. Тамеки тартууга, ичимдик ичүүгө тыюу салынат. Жүрөк кемтиги менен жабыркаган аялдар балалуу болуш үчүн врач менен кеңешүүсү зарыл, себеби кош бойлуулук жана төрөт декомпенсацияга алып келиши мүмкүн. Кесипти туура тандоо, эмгек менен эс алууну туура сактоо жана системалуу түрдө дарылаганда Жүрөк кемтиги менен жабыркагандар кадимкидей жашап, көп жылдар бою эмгекке жарамдуулукту сактайт.

 

Корутунду

Кан айлануу

 

Кан айлануу — жүрөк-кан тамыр системасы аркылуу кандын жүрүшү. Кан айлануунун жардамы менен организмдин ички чөйрөсүндөгү зат алмашуу, жылуулукту жөнгө салуу, ткандарга керектүү заттарды жеткирүү, зат алмашуудан чыккан организмге керексиз заттарды бөлүп чыгаруу ишке ашат жана анын негизинде кандын транспорттук (ташыгыч) кызматы аткарылат. Байыркы грек окумуштуусу Гален кан жүрөктүн оң жагы менен веналарда кочкул, сол жагында жана артерияларда — ачык кызыл түстө болот деп байкоо жүргүзгөн. 1628-ж. англиялык врач У. Гарвей айбандарга тажрыйба жүргүзүп, кан жүрөк жана кан тамырлар түзгөн туюк тегерек менен тынымсыз жүрүп турарын, Кан айлануунун негизги закондорун аныктаган. Бирок кан артериядан венага кантип өтөрүн ал түшүнгөн эмес. Бул эки кан тамырды байланыштырып турганкапиллярлар экенин М. Мальпиги 1661-ж. ачкан.

Кан тамырлар аркылуу кандын жылышы жүрөктүн кагуусуна байланыштуу. Кан айлануунун чоң жана кичине тегереги бар. Чоң Кан айлануу тегереги жүрөктүн сол карынчасынан башталып, кан толтого, андан кийин артериялар аркылуу бардык органдарга таралып, алардан вена системасы аркылуу жүрөктүн оң дүлөйчөсүнө куюлат. Андан кичине тегерегинде кан оң карынчадан чыгып, өпкө артериясы аркылуу өпкөгө барат. Анда газ алмашуу жүрөт: көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгып, кычкылтек канга өтөт. Демек өпкөдөн чыккан кычкылтекке каныккан кан артериялык деп аталып, өпкө веналары аркылуу сол дүлөйчөгө куюлат.

Түйүлдүктүн Кан айлануусу башкача, себеби анын организмине керектүү заттар эненин канынан келет. Анда зат алмашуу баланын тону аркылуу жүрөт. Аларда өпкөнүн дем алуу функциясы баштала элек болгондуктан кичине Кан айлануу тегереги иштебейт. Кан айлануунун тегеректерин түзгөн кан тамыр бөлүкчөлөрүнүн ар биринин кызматы ар башка. Жүрөктүн эки дүлөйчөсүнүн кызматы — канды чогултуп, карынчаларга өткөрүү жана карынчалардын келерки систоласында гидродинамикалык күчөткүч катары кызмат жасоо. Кан жүгүртүүчү энергия жүрөктүн кагуусунан пайда болот. Анын сол карынчасынын систоласы (жыйрылуусу) Кан айлануунун чоң тегерегинин, оң карынчасыныкы — кичине тегеректин энергиясын пайда кылат. Кан айланууга кан тамырлардын кан жүгүртүүгө каршылык көрсөтүүчү жана систоладан чыккан канды түртүүчү күчү (кинетикалык энергия) таасир этет. Каршылык күчү канчалык көп болсо, жүрөктүн кагуу энергиясы ошончолук чоң болууга тийиш, антпесе кан жүгүрбөй токтоп калат. Демейдеги кан басымынын жогорулашы (гипертония) — каршылыктын көбөйүшүнүн натыйжасы. Жүрөктүн систоласы бүтөрү менен толтодогу (өпкө артериясындагы) жапкычтар жабылып, кан кайра жүрөккө кайрылгыс абалда болот. Ушул учурда тамырлардын чоюлуусуна сарпталган потенциалдык энергия кайра канды жүгүртүүчү энергияга өтөт да, жүрөктүн систоласы кайра башталып, цикл кайталана берет. Демек кан тамырлардын чоюлгуч касиети кандын үзгүлтүксүз жүгүртүүсүн камсыз кылат. Кан менен ткандардын ортосундагы зат, газ, суу жана башка алмашуу процесстери капиллярларда жүрөт. Капиллярлар өзүнүн түзүлүшү, алардагы кандын басымы жана анын жүгүрүү ылдамдыгы жагынан да зат алмашууга ылайыкталган. Капиллярлардын башталышында жана бүткөн жеринде сфинктерлер (тоскуч) бар, алардын негизги кызматы — капиллярларды кан айлануу системасына кезектештирип кошуп туруу. Эгерде денедеги бардык капиллярлар бир мезгилде ачылган болсо, кан ошол гана капиллярларда болуп, башка кан тамырлары такыр бош калат. Капиллярлардан керектүү заттар менен кычкылтек ткань суюктугуна, андан клеткага өтөт, клеткалар болсо көмүртек кычкылы менен зат алмашуудан чыккан продуктуларды ткань суюктугуна берет. Кычкылтеги аз, көмүртек кычкылы көп кан эң майда веналарга чогулуп, андан чоңураактарына топтолот. Веналардын функциясы жүрөккө канды кайра жеткирүү, ошондой эле алар ичкерип же кеңейип кандын минуталык көлөмүн, анын айлануу массасын тейлейт. Кан айлануунун көрсөткүчтөрүнө кан басымы, анын минуталык көлөмү, кандын жүгүрүү ылдамдыгы, айлануу массасы, пульс жана башка кирет.

Жүрөктүн иштешин, Кан айлануунун кээ бир көрсөткүчтөрүн, организмдин абалын адамдын тамырын кармоо (пульс менен аныктоого болот. Адамдын организминдеги кандын жалпы көлөмү анын салмагынын 7%ин гана түзөч (мисалы, адамдын салмагы 60 кг болсо, анын каны 4,2 л). Бирок, болжол менен алганда ушунча кандын жарымы Кан айланууга катышып, калганы деподо запас катары сакталып турат. Адамдын иштеген жумушуна жараша кандын айланган көлөмү өзгөрөт. Демек ченемдүү убакытта кан тамырларда кандын белгилүү гана өлчөмү жүгүрөт да, ал кандын көлөмдүү ылдамдыгы деп аталат. Практикада кандын минуталык көлөмү деп аталган ченем колдонулат;

1 минутада жүрөктүн сол карынчасынан толтого чыккан кандын көлөмү орто эсеп менен чоң кишиде 5 лге жакын. Дагы бир ченем — жүрөктүн систолалык көлөмү, бир систола учурунда жүрөктөн чыккан кандын өлчөмү орто эсеп менен 70 млге жакын. Эгерде жүрөктүн бир минутадагы соккон санына систолалык көлөмдү көбөйтсө, минуталык көлөм чыгат. Айтылган көлөмдөр жүрөктүн иштешине жараша дайыма өзгөрүп турат. Кандын минуталык көлөмү Кан айлануунун чоң жана кичине тегерегинде бирдей эле өлчөмдө болот, башкача айтканда. чоң кан айлануу тегереги менен бир минутада 5 л кан өтсө, ушул эле убакытта ошол эле кан кичине тегерек аркылуу өтөт. Жайчылык учурда минуталык көлөм 5 л болсо жумуш аткарууда (мисалы, чуркоодо) минуталык көлөм 20 лге чейин жетет, демек 4 — 5 эсе көбөйөт. Ал эми жүрөк жапкычтары жакшы иштебесе, минуталык көлөм ылдыйлап, жүрөк кемтигине алып келет. Кан айланууну нерв системасы жөнгө салып турат. Борбордук нерв системасына толто, ири кан тамырлардагы нерв учтарынан (рецепторлордон) Кан айлануунун абалы, кан басымы, кычкылтектин, көмүр кычкыл газынын жана суутек ионунун концентрациясы жөнүндөгү сигнал; ички органдардан канга муктаждык жөнүндө кабар түшөт. Нерв импульстарынын таасиринен кан тамырлар өзүнүн диаметрин, жүрөк өзүнүн жыйрылуу күчүн, ылдамдыгын өзгөртөт.

 

Стенокардия — жүрөктүн ишемия оорусунун көп тараган түрү.

 

 

Стенокардия тууралуу Көкүрөктүн ортосу (төш сөөгүнүн асты же жүрөк туш) капысынан катуу ооруйт. Коронардык (таажы сымал) артерия аркылуу кандын жүрөккө келиши менен жүрөк булчуңунун канды керектешинин убактылуу шайкеш келбегендигинен, башкача айтканда коронардык кан айлануунун өтө жетишсиздигинен болот. Оору дайым капысынан башталып, сол колго, далыга, моюнга өтөт, коркуу сезими пайда болуп, ал кетет. Оору бир нече минутага созулат. Оору денеге оордук келип, жүрөк булчуңуна кан жетпегенден: басканда же башка жумуш жасаганда, ошондой эле жылуудан суукка, шамалга чыкканда же капаланганда, башкача айтканда жүрөккө күч келгенде кармайт. Мындай учурда оорулуу тынч алса (мисалы, басып бараткан адам токтоого аргасыз болот) оору басылат. Кээде организмге оордук келбесе деле, ал тургай уктап жатканда да кармап, адам катуу оорудан ойгонуп кетет. Пайда болуу себептери

Стенокардияда коронардык кан айлануунун бузулушуна негизинен жүрөк-кан тамырларынын атеросклероздук тарышы, чанда кан тамырлардын сезгенүүсү жана башкалар жабыркоосу себеп болот. Кан тамырларда анатомиялык өзгөрүү болбой эле, алардын тарышынан (мисалы, гипертония оорусунда же холециститте, карын менен он эки эли ичегинин жара оорусунда жана башкалар) да стенокардия кармашы мүмкүн. Ал рефлекстик стенокардия деп аталат. Жүрөктүн жана көкүрөктүн сол ыптасынын оорусу көп учурда стенокардияга байланышпай,невроздун, остеохондроздун, миокардиттин жана башка оорунун белгиси болушу мүмкүн.

Биринчи жардам

Стенокардия кармаганда оорулуу тынч жатып, дароо нитроглицерин же валидолду колдонуу жакшы жардам берет. Кээде жүрөктүн тушуна горчичник коюу ооруну басаңдатат. Дарыдан кийин — 5 минутада оору басылбаса, нитроглицеринди дагы ичүү керек, ага да болбосо токтоосуз врач чакыруу зарыл. Оорулуу дайыма нитроглицерин менен валидолду жанына ала жүрүүгө тийиш.

Алдын алуу

Стенокардияга чалдыкпоо үчүн эмгектенүү, эс алуу жана тамактануунун ыңгайлуу тартибин сактоо, оор кара жумуш иштебөө, тамакты (айрыкча түнкүсүн) көп ичпөө, тамеки тартпоо зарыл; жөө сейилдөө, 8 саат уктоо, денени чыңдоочу гимнастика пайдалуу.

 

15. Колдонулган адабияттар:

· Наатанен Р. Внимание и функции мозга. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1997. 559 с.

· Насонов Д.Н. Об ответной реакции живой протоплазмы на действие различных раздражителей // Некоторые вопросы морфологии и физиологии клетки. М.; - Л., 1963.

· Насонов Д.П. Некоторые вопросы морфологии и физиологии клетки. М.;Л., 1963.

· Некрасов Б.В. Курс общей химии. - М., 1962.

· Непесов А.А. Детоксикационные свойства ртути как микроэлемента // Здравоохранение Туркменистана. 1959. N 1.

· Непесов А.А. Фагоцитарная активность лейкоцитов при добавлении к крови двухлористой ртути // Тр. Туркменского мед. ин-та. 1955. Т. 5.

· Основы психофизиологии / Под ред. Ю.И.Александрова. - М.: Наука, 1997. 431 с.

· Отчет о клинической апробации препарата витурид у больных кожными заболеваниями // РКВД МЗ РК, 1994.

· Отчет о проведении клинических испытаний препарата витурид у больных кишечными инфекциями // РИБ МЗ РК. 1994.

· Отчет о работе по изучению противовирусной активнсоти препарата витурид на моделях in vivo и in vitro (на моделях инфекций, вызванных вирусами герпеса, бешенства,..., СПИДа, цитомегаловирусной инфекции // Ин-т вирусологии РАМН. 1995.

· Отчет о результатах амбулаторного лечения онкологических больных препаратом витурид // Мед. центр АОЗТ "Фирма витурид". 1993.

· Отчет по экспериментальному изучению иммуномодулирующих свойств препарата Витурид В // НИЦ ТПБ. 1995.

· Перцов Л.А. Ионизирующие излучения биосферы. - М.: Атомиздат, 1973. 287 с.

· Плетенева Т.В., Воробьева Т.В., Ершов Ю.А. Оценка риска воздействия ртути (II) в присутствии тиоловых соединений // Витурид. Роль ртути в жизнедеятельности организма: Материалы международного симпозиума. Петрозаводск, 1995.

· Поливода Б.И., Конев В.В., Попов Г.А. Биофизические аспекты радиационного поражения биомембран. - М.: Энергоатомиздат, 1990. 160 с.

· Попелянский Я.Ю. Вертеброгенные заболевания нервной системы / Руководство. - Йошкар-Ола: Мар. кн. из-во, 1983.

· Проблема поиска жизни во Вселенной. - М.:Наука. 1986.

· Работы Druet P. et al., 1982; Pelletier L. et al., 1987; Baran D. et al., 1988; Pietsch P. et al., 1989. Цит. по: Г.Н. Дранник, Ю.А. Гриневич, Г.М. Дизик. Иммунотропные препараты. - Киев, 1974.

· Ревейн П., Эверт Р., Айкхорн С. Современная ботаника.- М., 1990.

· Регуляция энергетического обмена и устойчивости организма. Пущино, 1975.

· Ртуть // БМЭ. 1984. Т. 22.

· Саркисов Д.С., Пальцев М.А., Хитров М.К. Общая патология человека. - М.: Медицина,1995.

· Сетлоу Р., Поллард Э. Молекулярная биофизика. - М.: Мир, 1964.

· Симонов П.В. Мотивированный мозг. - М.: Наука, 1987. 265 с.

· Соколов Е.Н. Восприятие и условный рефлекс. - М.: Изд-во Моск. ун-та, 1958. 333 с.

· Соколов Е.Н. Нейронные механизмы памяти и обучения. - М., 1981. 141 с.

· Сомьен Д. Кодирование сенсорной информации. - М.: Мир, 1975. 415 с.

· Таскаев А.И., Шуктомова И.И. Парциальный вклад отдельных изотопов U, Th, Ra и Rn в общую поглощенную дозу растительности на участках повышенной радиоактивности // Миграция и биологическое действие естественных радионуклидов в условиях северных биогеоценоз

· Теория связи в сенсорных системах / Под ред. Г.Д.Смирнова. - М.: Мир, 1964. 511 с.

· Титаева Н.А., Таскаев А.И. Миграция тяжелых естественных радионуклидов в условиях гумидной зоны. - Л.: Наука, 1983. 232 с.

· Трахтенберг И.М., Иванова Л.А. Современные представления о воздействии ртути на клеточные мембраны // Гигиена и санитария. 1989. N 5.

· Трахтенберг И.М., Коршун. М.Н. Ртуть и ее соединения в окружающей среде. Киев, 1990.

· Триумфов А.В. Топическая диагностика заболеваний нервной системы. - М.: МЕДпресс, 1997.

· Тюленева Г.В., Петрунь Л.М. Активность лактатдегидрогеназы в печени крыс при отравлении хлористой ртутью // Фармакология и токсикология. - Киев, 1975.

· Устойчивость цианобактерий и микроводорослей к действию тяжелых металлов: роль металлсвязывающих белков / А.Ф. Лебедева, Я.В. Саванина, Е.Л. Барский и др. // Вестн. МГУ, 1998. № 2. Сер. 16. Биология.

· Фармакологическая коррекция гипоксических состояний. Москва, 1982.

· Феник С.И., Трофимяк Т.Б., Блюм Я.Б. Механизмы формирования устойчивости растений к тяжелым металлам // Усп. совр. биол., 1995. Т. 115, вып. 3.

· Ферменты, металлы и металлоферменты в диагностике и лечении. - Ив.-Франковск, 1982.

· Философские проблемы астрономии ХХ века. 1976.

 

 



Поделиться:




Поиск по сайту

©2015-2024 poisk-ru.ru
Все права принадлежать их авторам. Данный сайт не претендует на авторства, а предоставляет бесплатное использование.
Дата создания страницы: 2019-06-16 Нарушение авторских прав и Нарушение персональных данных


Поиск по сайту: